Сказки для детей Сказки для детей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Балдар үчүн жомоктор

Жомокко кызыккан бала жомокту жактырбаган жана ага ишенбеген балага караганда сырткы дүйнөгө мыкты өздөштүрүлгөн деп эсептешет азыркы психологдор. Кантип туура тандоо жасап, аны тарыхка сүйүүсүн көнүктүрүү керек? Жомоктордогу сюжеттер жазуу пайда болгонго чейин эле эмес, азыркы европа тилдери жаралганга чейин пайда болгондугу белгилүү, ошондуктан алгач жомок - элдик оозеки чыгырмачылыктын жанры. Андан тышкары, жомок сыяктуу мындай жанр азыркы балдар үчүн абдан керек деп эсептешет психологдор. Азыркы учурда бала тоталдык негативдик социалдык ишендирүүнүн атмосферасында жашап жатат. Ал бардык жерде бар, жана көптөгөн балдар өзүлөрүн ушундай жаман нерсеге программалап, бактысыз келечекти күтүп жашап келишет.

Автордук мыкты балдар жомогу уникалдуу сыйкырдуу дүйнө, оригиналдуу каармандар жана кичинекей окурманды тартууга жана үйрөтүүгө жөндөмдүү адабий тил менен айырмалап турат.

Жомокто эмне манилүү?

Жомоктогудай аякташы – жомокто мына ушул эӊ маанилүү! Ал бөбөктүн өсүүсү үчүн керектелген позитивдик маанай жаратат. Андан тышкары, бардык жомоктордо дайыма чоӊ сыноолор бар жана аны жеӊип чыгууга жардам берүүчү жардамчылары да бар. Ал эми бала үчүн аны тоскоолдуктар гана күтүп турбастан, жардам бере турган достору да күтүп турарын билүү өтө маанилүү. Жомок мындай жардамды кантип айтып берет – буга дагы үйрөнүү керек.

Жомоктордун жардамы менен баланын эмоционалдык интеллектисинин өсүүсү жүрөт. Жомоктуу сүйүүчү наристе жолдоштору менен да, улуу адамдар менен да жакшы баарлашат. Ал түрдүү ролдорго кире алат, өзүн башка адамдын ордуна коё алат, оюндарды өзү ойлоп тапканга жана башка балдардын оюндарында чыгып ойногонго жөндөмдүү болот.

Жомокту кантип тандоо керек?

Жаныбарлар жөнүндө жомоктон баштоо жакшы болот. Колобок жөнүндө драмалык бүтүшү менен жомокторду кичине балага окуп бергенге болбойт, мисалы, же анын аягын башкача ойлоп таап окуп бериӊиз. Чоӊураак балдарга «Красавицы и Чудовища», «Кот в сапогах» ж.б жомокторду окуп бергенге болот. Андан кийин Андерсендин автордук жомокторун окуса жакшы.

Эӊ кичинекейлер үчүн белгилүү жомоктордогу жансыз каармандар аларда жөн жеринен эле жүргөн жок. Бала магиялык ой жүгүртө алат. Ал чын эле жомокко ишенет! Жомоктун дагы бир артыкчылыгы – китеп окуп жатканда улуу адам менен баланын ортосунда жүрүүчү баарлашуу болуп саналат. Кошо кабатырлануу – адамдар ортосунда бири-бирин жакшы түшүнүүнү ачкычы. Мындай окуу-барлашууну качан баштоо баланын кептик өөрчүшүнө жараша болот, ал эми бул сапаты боюнча балдар бири биринен өтө айырмаланып турушат.

EmptyView