Игры для развития мелкой моторики Игры для развития мелкой моторики
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Майда моториканы өөрчүтүүчү үчүн оюндар

Майда моториканы өөрчүтүү – 3 жашка чейинки баланы өнүктүрүүдөгү эӊ маанилүү багыттардын бири. Баланын манжаларын өөрчүтүү менен бирге, биз балага колдору менен виртуоздуу ээлик кылганга гана үйрөтпөстөн: - баланын тилинин өөрчүшүн өбөлгөлөйбүз (мээнин зонасы, бармактардын майда кыймылдарына жооптуу бөлүк адамдын кебине жооптуу мээ зонасы менен тыгыз байланышкан; колдун майда моторикасын өөрчүтүү боюнча иш балдардын кебинин өөрчүшүнө да өбөлгө болорлугу эбак эле далилденген); - баланын жалпы эле интеллектисин өөрчүтүүгө жардам берет; - баланын колун жазуу, тартуу, кайчыларды пайдалана билүү, кийинүү жана эптүү манжалар аларга керек болгон башка аракеттерди аткара билүүгө даярдайбыз. Балдардын бардыгы оюнду жакшы көрөт! Ошондуктан балдар үчүн майда моториканы өөрчүтүүгө оюндар балдарга кубаныч тартууласа, ата энеге пайда болот.

Ашканадагы оюндар

Оюндун эӊ жөнөкөй варианты – акшактарды сорттоо. Акшактар көлөмү боюнча ар түрдүү: гречка, буурчак, күрүч, төө буурчак болсо ыӊгайлуу болот. Максаты булар болушу мүмкүн:

  • Түрдүү акшак менен түрдүү жандыктарды тойгузуу;
  • Аппликацияна аткарардан мурун, акшактарды сорттоо (бала акшактардан аппликация жасаганды жакшы көрсө, болот);
  • Мелдеш. Балага мелдешүүнү сунуштаӊыз: акшактарды ким биринчи сорттосо – белек алат. Негизинен, бала утушу керек, себеби ал азырынча жеӊилгенди билбейт, анан киийнки жолу бул оюндан баш тартып коюушу мүмкүн.
  • Кыпчыткычтар менен ойноо Кийимдерди кыпчытуучу түстүү кыпчыткычтар – балдар үчүн мыкты оюнчук. Алгач балага кыпчыткычты баш бармагы жана сөөмөйү менен ачып, жапканды үйрөтүӊүз, андан соӊ баш бармагы жана ортону менен, баш бармагы жана аты жогу менен, баш бармагы жана чыпалагы менен ачып жапканга көнүктүрүӊүз. Балага кызыктуу болушу үчүн, төмөнкү оюндарды пайдаланыӊыз:

  • Кыпчыткычтардан шуру жасаӊыздар;
  • Чаканын же кутунун четтерин кыпчыткыч менен кыпчытып кооздоӊуздар;
  • Кыпчыткычтар конструктор да боло алат. Алардан үй, тепкич же учак жасаӊыздар.
  • Катушкалардан поезд. Керектүү инвентарь: түстүү жиптер менен катушкалар, жумшак зым. Зымды катушкага кантип орош керектигин балаӊызга көрсөтүӊүз. Аны менен бирге ар бир катушканын түсүн балага атап туруӊуз. Жасап бүткөндөн кийин зымдын учтарын түйүндөп байлап, балага поездди сүйрөгөндү сунуштаӊыз.

    Карандаш үчүн лабиринт. Керектүү инвентарь: барак, ручка. Барактын бетине чырмалышкан жолду тартыӊыз. Балага карандаш берип, ал тартылган жолдун үстүнөн из калтырып, дагы бир жолу тартып өтүүнү сунуштаӊыз.

    EmptyView