Как привить самоорганизованность? Как привить самоорганизованность?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Өзүн-өзү уюштуруучулукка кантип көнүктүрүү керек?

Баласы өз алдынча адам болуп өсүүсүн бардык ата-эне каалашат. Бирок өз алдынчалуулук – бул тишин жууй алуу жана улуулардын катышуусусуз кийине алуу гана эмес, өз пикирине туруп, чечим кабыл алуу жөндөмү, ага жоопкерчилик тартуу. Баланы өз алдынчалуулукка тарбиялоону бала биринчи класска барганга чейин көп убакыт мурун баштоо керек. Муну кантип туура жасаш керек? Бир эки жашында эле наристе өз алдынча аракет кылууга аӊ сезимдүү каалоосу пайда болот. Өзүнүн керектөөлөрүнүн кандайдыр бир бөлүгүн өзү канааттандыра алаарын (керебеттен түшүү, бөтөлкөдөн ичүү, светти өчүрүү) түшүнгөндө, аны жасаганга аракеттенет, бирок ага жооп катары ата энесинин биринчи тыюуларын: тийбе, болбосо сындырып аласын, ордуна коюп кой, болбосо төгүп аласын деген тыюуларын угушу мүмкүн. Андан ары – көбөйө берет: Токто, ал жакка барба; ордуна коюп кой; келе бер. Анын кулк мүнөзү гана эмес, анын каалоолору да улуулар талап кылгандан айырмаланып тураарын түшүнгөндөн кийин, бала үч-төрт жашында чоӊойуунун биринчи жолку олуттуу кризисине кабылат. Мисалы, сейилдөөгө ал сары футболкасын кийгиси келет, бирок энеси боз футболкасын – бардыгынан ыӊгайлуу деп кийгизет. Улуулардын дайыма контролдоп, кысым жасап турушу - баланын сырткы дүйнөнү таануусуна аракетин гана өлтүрбөстөн, өз алдынча аракеттерге болгон каалоосун да такыр жок кылат. Ошентип, каалабаган жерде айрым учурларда аракет кылуу керек эместигин бала тез эле түшүнөт да (чоӊдор баарын өзүлөрү жазашат), дароо аны пайдалана баштайт. Мындан кантип арылууга болот?

  • Балага өз алдынчалуулугун көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бериӊиз.
  • Бала оюнчуктарды ыргытып салабы? Башыӊызды оорутуп аны жыйнаганга же алып бергенге чуркабаӊыз – өзү жөргөлөп барып жасасын. Жемиштердин пюресин бетине балжыратып сүйкөп жатабы? Урушпаӊыз. Сиздин милдет – наристеӊизге аракет кылуу, демек өзүн өз алдынча сездирүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

  • Демилгени өбөлгөлөӊүз
  • «Чуркаба!», «Ташта!», «Токто!», «Тоскоол болбо!» деген сыяктуу бекем тыюулардан жана «Сындырасыӊ», «Айрыйсыӊ», «Төгүп аласыӊ» деген сыяктуу сөздөрдү айтуудан алыс болуӊуз. Балаӊыз сизге үй жыйнаганга жардам бергиси келип жатабы? Аны бөлмөдөн кууп чыкпаӊыз, колуна сүргү карматыӊыз. Идиш жуугусу келип жатабы? Раковинага жакын табуретка коюӊуз да, жылуу сууну агызып коюуӊуз.

  • Күн тартибин түзүӊүз
  • График боюнча жашоо – түшүнүктүү жана белглүү болот. Бул балдарга керектүү нерсе. Күндүн белгиленген тартибине көнүү (туруу, жууну керебетин жыйноо, эртеӊ мененки тамак, сейилдөө ж.б.) баланын жашоосун ирээтке салат. Андай режим болбосо, ал боштуктан ары бери жүрө берет, ал эми ата энеси аны тигил же муну жасаганга мажбурлап, дайыма артынан ээрчип жүрөт.

    EmptyView