Подборка мультфильмов для ребенка Подборка мультфильмов для ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала үчүн мультфильмдердин топтому

Мультипикациялык тасмалар балалык курактын ажырагыс бөлүгү, алар кийин жомоктор жана ачык сүрөттөр менен ассоцияцияланат. Дал ошондуктан бала жалаӊ жакшы жана ак көӊүлдүү мультфильмдерди гана көрүшү маанилүү. Балдарга мультфильмди туура учурда көрүүнү сунуштоо зарыл: Бала күн бою сизди жумуштан күтүп отурса, ага мультфильм коюп бергенге болбойт. Реакция терс болуп калышы мүмкүн. Бала чарчап кетпеши үчүн уктаардан эки саат мурун гана мультфильмди көрсөткөнөгө болот. Чарчаган, чыргоолонгон жана тынч эмес балдарга уктаардын алдында мультфильм көргөзбөш керек, бул аларды чарчатып жиберет. Мультфильмди көрүп бүткөндөн кийин балага анын мазмуну жөнүндө бир нече суроо бериӊиз. Балага мультфильм жаккандыгын же жакпагандыгын билүү үчүн суроо берүүдөн баштаӊыз. Анан акырындык менен тигил же бул кырдаалдарды же каармандардын аракеттерин талкуулаганга өтүӊүздөр. Каармандар жөнүндө баарлашууга болот, жомоктордон, башка мульфильмдерден же үй бүлөнүн ичинен, ал гана эмес классташтардын ичинен аларга окшош каармандарды издеп көрүӊүздөр. Мультфильмди көрүүнү максималдуу жагымдуу жана пайдалуу ишке айландыруу үчүн, бул жөнөкөй эрежелерди гана аткаруу керек:

  1. Мультик баланын жаш курагына шайкеш келиши керек
  2. Ал туура жана түшүнүктүү баалуулуктарды көрсөтүшү керек
  3. Балдар мультиктерди бир күндө бир жарым сааттан ашык көрбөшү керек
  4. Эгер бала бир сааттан кийин укташы керек болсо ага мультик койбошу керек
  5. Баланы телевизор менен жалгыз калтырбаӊыздар, мультфильмди чогуу көрүӊүз

Эӊ кенжелер үчүн мультфильмдердин тандамалы:

  • «Малышарики»;
  • «Уроки тётушки Совы»;
  • «Даша-путешественница»;
  • «Фиксики»;
  • «Три кота»;
  • «Машины-помощники».
  • EmptyView