Как сделать памятный альбом Как сделать памятный альбом
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Эстелик альбомун кантип жасоо керек.

Бала тууралуу баардык эскерүүлөрдү эс тутумда сактап калуу үчүн, аларды жазып жүрүү оӊойураак. Ар бир чоӊ адамда анын бутунун жана колунун биринчи жолку алынган изи чагылдырылган, ошондой эле бардык жакшы көргөн «иштери жана жетишкендиктери» жазылган жана катып жүргөн ошол балдар альбому бар болуш керек. Албетте альбомду сатып алганга же анын аналогу эч кимде болбогондой кылып, таланттуу скрапбукерден тапшырык менен жасатып алууга болот. Бирок, альбомду өз колу менен да жасап алса болот, ага баланы чыгармачылык менен тартып кызыктуу иштерге жана милдеттерге аралаштырып, көндүрүүгө болот.

Демек, баланын фото альбомун тариздөөгө негизги сунуштамалар:

Альбомдун мукабасы менен иштеп жатып, бүткүл альбом үчүн бекем негиз боло турган тыгыз кездемени колдонуӊуз. Кагаз убакыт өткөндөн кийин эскирип калгандыктан мукабаны кагаздан кылбаӊыз. Мукабанын картонун кездеме менен тегиз тартыӊызда, чекелерин ичке кайрып килейлеп коюӊуз; Мукабаны тариздөөдө кагаздан же кездемеден тамгаларды, колдо жасалган элементтерди колдонуӊуз (кандай болбосун, балдардын сүрөттөрү түрүндөгү аппликацияларды, пинеткаларды, жагымдуу жаныбарлардын сүрөттөрүн). Ошондой эле тематикалык наклейкаларды, ачык ленталарды, картинкаларды да колдонсо болот. Эсиӊиздерде болсун, мукаба – альбомдун эӊ маанилүү бөлүгү, бирок аны деталдар менен ашыкча кооздобоӊуз; Альбомдун ичине эстелик буюмдарды жайгаштырыӊыз: төрөт үйүнөн келен бирканы, колунун же бутунун изин, биринчи пинеткасын, биринчи карын чачын; Беттерин тариздөөдө алгач сүрөт жана декоративдик элементтерди жайгаштырыӊыз, аларды кандай гармониялуу шайкештирүү керектигин караӊыз. Андан кийин гана аларды чаптаӊыз;

Альбомду чогултаарда шашпаӊыз: ар бир этапты тыкан жана сапаттуу жасаган жакшы. Баланын альбому – үй бүлөлүк салттын мыкты башталышы. Беш, он, жыйырма жылдан кийин аны комоддон канчалык жагымдуу сезимдер менен алып чыгаарыӊызды элестетиӊиз. Мындай уникалдуу буюм сиздин үй бүлөӊүздүн тарыхынын бөлүгү болуп калат.

EmptyView