Логопедические игры: упражнения по развитию речи малыша Логопедические игры: упражнения по развитию речи малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Логопеддик оюндар: баланын кебин өстүрүү боюнча көнүгүүлөр.

Бала тыбыштарды аябай адаштырып, сиздин түзөтүүӊүздөн кийин сөздөрдү туура эмес айтып жатабы? Көйгөйгө эртерээк көӊүл буруп, логопедге эртерээк жана учурунда көрсөтүү зарыл.

Башкысы, муну жөн коё бербеш керек, андан көрө бала мектепке барганга чейин анын себебин аныктоо маанилүү. Бирок үйдөн эле алектенип баштоого болот: кепти өөрчүтүү үчүн кызыктуу көнүгүүлөр ага пайда гана алып келет.

Эрте жашта балдарда төмөнкү сыяктуу көйгөйлөр кездеши мүмкүн:

  • кеп агымында «ш» тыбышын «с» тыбышына, «р» тыбышын «л»тыбышына алмаштыруу, «шуба» сөзүнүн ордуна «суба» деп айтуу; «ш» айрым учурларда «ф» га да айланып кетет - «шапканын» ордуна «фапка» деп айтылып калат;
  • оор айтылуучу тыбыштардын түшүп калышы: «лапа» сөзүнүн ордуна «апа».
  • Кептин бузулушу көпчүлүк учурларда баланын дем алышы алсыз болгондуктан, тилинин же жаагынын булчуӊдары жетиштүү өөрчүбөгөндүктөн да пайда болот. Бала, балким, катуу тамакты кеч чайнап баштагандыр, упчуну узак эмгендир, бөтөлкөдөн узак убакыт ичкендир. Мунун бардыгы логопеддик көйгөйгө алып келиши мүмкүн. Балким, баланын фонематикалык угуусу өспөй калгандыр . Эгер баланын тилинин, жаагынын артикуляциялык позициясы алсыз, дем алуусу алсыз, кеби бурмаланган болсо, сүйлөп жатканда жаактарын үйлөй берсе – аны менен алектенип башташ керек. Дээрлик бардык логопеддик көйгөйдү 2 ай алектенүү менен чечип койсо болот. Фонематикалык угуу тез өөрчүйт.

    Логопеддик оюндар.

    Кызытуучу көнүгүү: «лошадка-грибок-гармошка» Артикуляциялык бул көнүгүү күзгү алдында жасалат. Жумасына минимум 3 жолу 7 мүнөттөн алектенүү керек. Эриндерди алдыга чоюп, оозду бир аз ачып, жылкылар туяктары менен тепкилеп үн чыгаргандай, тилин такылдатуу керек.

    Кептик дем алууну өөрчүтөбүз: «Кар бүртүгү» Кебездин бөлүгүн алыӊыз да, аны түктүү кылып жазыӊыз – бул «кар бүртүгү» болот. Ал эми бала короодо ышкырып турган шамалды туурашы керек. Кар шамал урган жакка учат. Бала кар бүртүгүн оозу, тегерек эриндери менен үйлөшү керек. Мында мурду менен дем алат.

    Тыбыштар менен оюн: «Тыбыштар эмнеге окшош?» Тыбыш эмнени эстетерин чогуу ойлоп табыӊыз, ал эми бала аны көрсөтсүн: Мисалы, «сссс» — пилдей ышкырабыз. «Шшшш» — дөӊгөлөктүн жели чыгып жаткандай шуулдайбыз. «Рррр» — ит же трактор ырылдап жатат. «Лллл» — бул учактын гүрүлдөшү.  

  • EmptyView