4 совета по уходу за нежной кожей ребенка 4 совета по уходу за нежной кожей ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын назик терисине кам көрүү боюнча 4 кеӊеш

Наристенин терисине кам көрүү – бул жөн эле табигый ным салфеткалар же майлар жөнүндөгү кеп эмес, бул ата-энелер көӊүл бура турган бир нече маанилүү факторлорду өзүнө камтып турат.

Тамактануу

Баланын тамагына дыкат көӊүл буруӊуз, себеби бала 3 жашка чейин кантка жана аллергия пайда кылуучу азыктарга өтө сезимтал келет. Алергиялык жигердүүлүгү төмөн болгон жашылчаларды жана жемиштерди: көк алма, алмурут, капуста, картофель, кабачок, сабиз, ашкабак пайдалануу керек. Момпосуйлардын жана таттуулардын ордуна балага жаӊгактарды, кургак жемиштерди берип туруу керек.

Уйку жана керебет.

Балага кам көрүү анын эс алуусу үчүн жайлуу шарттарды түзүүнү талап кылат. Керебет табигый материалдардан, колдон келсе жыгачтан болушу керек. Керебеттин түбү матрасты желдетип туруу үчүн абанын айланышын толук камсыздап, ачык болуусу зарыл. Кокос чамындыларынан жасалган матрас эӊ мыктысы болуп саналат. Төшөктөр пахтадан болуш керек. Жыл мезгилдерине жана бөлмөнүн табына карай төшөк жеӊил пахтадан же синтепондон болгону оӊ.

Гигиена. Баланын денесине жакын заттарды балдардын самыны менен, колдо жууган жакшы. Эгер машинада жуусаӊыз, курамында фосфаттар болбогон 0+ белгиси бар балдар үчүн айнаны тандаӊыз.

Гардероб. Баланын денесине тийген бардык буюмдар териге аба киргизип турган табигый материалдардан болуусу шарт. Териге тийип, ашыкча сүрүлүүгө жол бербеш үчүн, ар кандай топчулар, кнопкалар жана байлагычтар колдон келишинче азыраак болгону оӊ. Балдардын денесинде жылуулук чоӊ кишилердей айланбайт. Сейилдөөгө чыгып жатканда, аба ырайынын шарттарына карап, чоӊ кишилерге караганда, балдарга бир катмарды ашыгыраак кийгизүү керек.

Биринчи жылы ата-энесинин балага көргөн камы жана сүйүүсү келечекте дени сак жана талантуу баланын өсүшүнө жана тарбияланышына түрткү болот. Ал эми бир жашка чейинки баланы багуу өзгөчө ойлонулган болушу керек.

EmptyView