Детская зарядка: подборка упражнений на укрепление костей и мышц Детская зарядка: подборка упражнений на укрепление костей и мышц
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Балдар көнүгүүсү: сөөктөрдү жана булчуӊдарды чыӊдоого көнүгүүлөр топтому

Чоӊдорго караганда балдарга күн сайын эртеӊ мененки көнүгү маанилүүрөөк болуп саалат. Балдар имараттын ичинде болуп, анча кыймылдуу эмес жашоо образын өткөргөнгө мажбур – ошондуктан аларда көпчүлүк учурларда кыр аркасында, салмагында жана жалпы эле дене бойлук өсүүсүндө көйгөйлөр жаралат.

Балдар үчүн эртеӊ мененки көнүгүү спорттук олуттуу жетишкендиктер үчүн мыкты старт болуп калышы мүмкүн же балаӊыздын өмүр бою пайдалуу адатына айланышы да ыктымал.

Эртеӊ мененкисин дайыма жасалып туруучу жөнөкөй үйдөгү компекс баланын организмине оӊ гана таасир этет:

  • иммунитетин чыӊдайт;
  • кыр аркасын чыӊдайт;
  • жүрөк-кан тамыр тутумунун иштешин жакшыртат: эртеӊ мененки көнүгүүнү дайыма жасап жүргөн балдар алсыз болбойт;
  • булчуӊ корсетин чыӊдайт, далыны түзөп, келбетти сулуу кылат;
  • максатка умтулууну, тартипти жана уюшкандыкты тарбиялайт.
  • Балдарды көнүгүү аткарууга тартуунун эӊ жөнөкөй ыкмасы – ата-энелер өз алдынча көнүгүүлөрдү жасап башташы: а бала болсо ата-энесинин артынан кайталаганды жакшы көрөт.

    Эртеӊ мененки көнүгүүгө баланын кызыгуусун кантип бекемдеш керек:

  • ар күнкү тапшырмага оюндун элементтерин киргизүү. Мисалы, силер сыйкырдуу талаага келдиӊер, эми көпөлөк канаттарын каккандай, колдорун кагуу керек, гүл терип жаткандай эӊкейүү зарыл, көӊүлдүү коёнектей секирүү керек;
  • Сабак үчүн музыка тандоо: балага жаккан бир эле тандоого болот. Дарылоо дене тарбиясына адистешкен врачтар көӊүлдүү музыка адамды бардык жашында дене бойлук жигердүүлүккө бапталганына жардам берет деп эсептешет.
  • Ал комплексти аткарган сайын, баланы мактап туруӊуз. Анын организми күн өткөн сайын чыӊ жана сак болуп, ал эми булчуӊдары - сулуу болуп бара жатканын эскертип туруӊуз.
  • Ар күнкү 10-15 мүнөттүк зарядкага жөнөкөй көнүгүүлөр топтому

  • ийин жана колдору үчүн көнүгүү: кезеги менен, андан киийн бириктирип ийинди көтөрүү жана түшүрүү, андан кийин – кезеги менен колдорду шилтөө;
  • Башты ийүү (4-6 жолу) – шашпаган темпте башты оӊго жана солго ийүү аткарылат, андан кийин сааттын стрелкасы боюнча жана ага каршы тегеретип жылдыруу;
  • ийилүү: кол белде, солго, оӊго, алдыга, артка ырааты менен ийилүү;
  • дене бойду бир тарапка, анан экинчи тарапка буруу;
  • буттун башын көтөрүү (5-6 бурулуу): буттун башы менен максималдуу бийик жогору көтөрүлүү, ушул абалда бир аз кармалып туруу жана түшүрүү;
  • алга сунулган колу жана полго бекем коюлган таманы менен тереӊ эмес отуруу;
  • бардыгын ордунда басуу менен аяктайт.
  • EmptyView