Колыбельные на ночь Колыбельные на ночь
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Түнкү бешик ыры.

Бардык энелер байыртан эле балдарына бешик ырын ырдап келишкен. Балдар үчүн бул уктаганга мүмкүнчүлүк гана эмес, энесинен сүйүүнү, мээримди жана жылуулукту алуу мүмкүнчүлүгү. Баланын угуусу төрөлгөнгө чейин эле калыптангандыктан, бул ырды эрте баштаган эле оӊ болот. Кош бойлуулуктун 20 –жумасында эле ал курчап турган үндү жакшы уга баштайт жана аларга жооп берет. Өзгөчө ал энесинин үнүн так кабыл алып, төрөлгөндөн кийин аны дароо тааныйт.

Наристелер үчүн бешик ырынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Наристелер үчүн бешик ыры бул жанрдагы башка ырлардан эмнеси менен айырмаланат? Эӊ кичине бөбөктөр үчүн ырлардын өзгөчөлүгү баланын өзүндө, анын өнүгүү деӊгээлинде жатат. Баланы бешик ыры менен тааныштыруу жөнөкөй элдик ырларды ырдоодон башталышы керек. Биринчи этапта бул түшүнүктүү жана жөнөкөй сөздөрү жана мелодиясы менен дал өз элинин ыры болушу принципиалдуу. Баланы улуу поэзияга чөктүрүп коюуга болбойт. Кабатырланбаӊыз, сиз бул кызыктуу тексттер менне баланы тааныштырууга жетишесиз. Албетте, төрөлгөндөн баштап эле же андан кийин да ырдап бере турган универсалдуу ырлар да бар. Алардын негизинде сүйүктүү наристелерге карата көптөгөн эркелетүүчү кайрылуулар камтылган жөнөкөй, акылман, мээримди сиӊирип, сүйүүнү арнап, жана келечекке бакытты тилеп турган тексттер жатат. Мисалы, жаӊы төрөлгөн наристелер үчүн «Спи, моя радость, усни», «Спи, малютка мой прекрасный», «За печкою поет сверчок», «Колыбельная Медведицы» деген жана башка көптөгөн бешик ырларын угуу балдарга абдан пайдалуу. Бешик ырларынын тексттерин жаттап алуу оор эмес, көпчүлүк учурларда энелер улам кайталанган саптарынын негизине өз саптарын да кошуп жиберишип, ырды көркөмдөп алышкан учурлар болот. Эреже катары, алар жеӊил жаралат. Башкысы, ал анын өзүнө жана баласына гана таандык болот. Демек, бул ыр өзгөчө энергетканы алып жүрөт, эненин-баланын тыгыз эмоционалдык байланышын түзөт.

Балага биринчи бешик ырын кантип тандоо керек?

Жаӊы төрөлгөн наристеге бешик ырын тандоодо аларды онлайн угуу же өз алдынча ырдоо үчүн тынч жана мелодиялуу мотивдерге басым коюӊуз. Музыка укканга жагымдуу болуп, баланы тынчытып, жакшы сезим жаратышы керек. Мелодия өзгөчө «пилланы» ороп, улам кайталанып турса жакшы болот. Мотивдин дал ушундай кайталоолору жана «А», «У» деген ырдоо үндөрү, «алде-алдей» деген коштоолору жакында эле жарык дүйнөгө келген балага жакшы таасир берет.

Эгер ылайыктуу беш ырды белгилеп көрсөтсөк, анда тизме мындай болот:

  1. «Баю-баюшки-баю, не ложись на краю». Бул өтө белгилүү бешик ыры. Анын мотивине көптөгөн элдик ырлардын сөздөрү туура келет. Мелодия эсиӊизден чыгып кеткен болсо, эӊ белгилүү элдик бешик ырларынын топтомун угуп көрүӊүз.
  2. «Колыбельная Арины Родионовны». Өтө тынч ыр, балага азырынча тааныш болбогон образдар менен камтылган эмес.
  3. «Спи, моя радость, усни». Бул бешик ырын бардык жаш курактагы балдар жакшы көрүшөт.
  4. «Умка» мультфильминен «Колыбельная Медведицы» бешик ыры бир нече муундун сүйгөн ыры болуп саналат. Ал ар бир энеге тээ бала кезинен бери эле тааныш, жөнөкөй жана жаттап калууга оӊой мотивге ээ.
  5. «Спи, малютка, мой прекрасный». Дайыма кайталанып турган сөздөрү наристени гипноздоп, уктаганына түрткү берет.

EmptyView