Могут ли прогулки и игры на свежем воздухе уберечь от доктора? Могут ли прогулки и игры на свежем воздухе уберечь от доктора?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Таза абадагы сейилдөөлөр жана оюндар дарыгерден сактай алабы?

Сизде балалык эмне менен ассоциацияланат? Албетте, сейилдөөлөр, муз тебүү, таза абада дем алуу. Бөбөктөр көчөдө бир кун бою жүрө алат! Көрсө таза абадагы балдар оюндары жөн эле жагымдуу убакыт өткөрүү гана эмес, организмдин дене бойлук жана акыл эстик өсүүсүнүн маанилүү аспектиси экен.

Балдар менен таза абада ойноо иммунитеттин чыӊалышына жана суук тийүүгө туруктуулукту жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Ал эми ным таза аба дем алуу органдарынын тажатма жөтөл менен коштолгон жугуштуу ооруларын дарылоодо милдеттүү шарттардын бири болуп сананалат. Таза абадагы жигердүү сейилдөөлөр – акыркы күндөрү аябай көп кездешип жүргөн балдардын семирүүсүнө каршы күрөшүү жана алдын алуу үчүн мыкты каражат.

Ар күнкү парктарда жөө сейилдөөлөр, кубалашмак, топ менен ойноо – ашыкча салмактан баланын организминин ишин бузууга эч кандай шанс калтырышпайт.

Узакка созулган сейилдөөлөрдү тандоодо маанилүү плюсу болуп ультрафиолеттин аракети алдында гана пайда боолуучу керектүү Д витамин алуу болуп саналат. Ошентип балдар менен күн тийип турган аба табында таза абада ойноо сөөктөрдүн сынып кетишинин алдын алуусу болуп саналат.

Балдар менен сейилдөө балдарга гана эмес, ата – энелерине да пайдалуу: биринчиден, ушинтип сиз наристеӊиз менен көбүрөөк убакыт өткөрөсүз, экинчиден, бүткүл психикага тынчытуучу натыйжа бересиз. Эгер сиз бала менен күндүз сейилдөөгө жетишпей калсаӊыз, коноктон, бала бакчадан аны менен жөө келиӊиз. Генеративдүү балдар үчүн көчөдөгү оюндар аладрын жашоосунун бөлүгү болуп саналат – алар ошентип өзүлөрүн эркин сезшип, топтолгон энергияны сыртка чыгара алышат. Энелер дагы сейилдөө учурунда балдары табиттерин «топтоп алышат да», андан кийин гана жакшы тамак ичишип, укташат деп белгилешет. Сейилдөөнүн маанилүү бөлүгү болуп баланын социалдашышы – балдар баарлаша, бирин бири байкай жана дүйнө жөнүндө жаӊы нерселерди биле башташат.

EmptyView