Комплекс упражнений для детей Комплекс упражнений для детей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Балдар үчүн көнүгүүлөр комплекси

Бардык жаш курактагы балдар үчүн дене тарбиясынын пайдалуулугун баалоо татаал. Активдү жашоо образы балага гармониялык өсүүгө жана өөрчүүгө жардам берет, ал эми сиз жөнөкөй көнүгүүгө үйрөтүп ага жардам бере аласыз.

Дене бойду жазуу үчүн көнүгүү

  • «Кууш жол» менен басуу
  • Лентанын, шарфтын, бордун, таякчанын жардамы менен турасы 30 см. болгон жолду белгилеӊиз. Баланын милдети – теӊ салмактуулукту сактоо менен ошол жол бетинде өз алдынча өтүү. Бала муну ишенимдүү жасап баштаганда, тапшырманы татаалдатууга болот: Чуркап өткөндү, секиргенди же кууш жол жасаганды сунуштоо.
  • Кыры менен басуу
  • Жаздыктардын же стулдардын ортосунан кырлап басууну балага сунуштаӊыз. Минтип приставдык кадамдар менен эки тарапка басууга үйрөнүүнү машыгышат.
  • Түрдүү темпте басуу жана чуркоо
  • Ассоциацияларды («чычкан кантип жүгүрөт», «пилдин баласы кантип басат?», «мышык кантип чуркайт?») пайдаланып, бала менен бирге басуунун түрдүү ыкмаларына машыгыӊыз.
  • Тоскоолдуктардын үстүнөн аттап өтүү
  • Полго түрдүү предметтерди коюп, анын үстүнөн аттап өткөндү балага сунуштаӊыз.
  • Жашынмак.
  • Баланын оюнчугун аны оӊой байкаган жана бала жете алган анча бийик эмес жерге катыӊыз (диван, кресло ж.б). Балага горка жасаганга жана оюнчукка жеткенди сунуштаӊыз.

    Бүткүл дененин булчуӊдарын чыӊдоо үчүн көнүгүүлөр.

  • Тачка
  • Бала колун таянып жерде жатат. Чоӊ киши баланын буттарын кармап, аларды бала үчүн ыӊгайлуу бийиктикке көтөрүүдө. Бала алга-артка басат. Кол жана ийин муундары үчүн көнүгүү. Клубок Балага учу узун болгон жиптин клубогун бериӊиз да, аны кантип түрөөрүн көрсөтүӊүз.

    Тик учак Бала түз турат, колдору кырынан жерге түшүрүлгөн, буттары ийиндин кеӊдигине ташталган. Колдорду алдыга – жогору – артка жана кайра тескери тарабына тегереткен кыймылдарды жасап чуркайбыз. Бут үчүн көнүгүү

    Балык кармоочу тор Чоӊ адам полго балыктарды төшөгөн. Бала чоӊ кишинин колунда кармап турган обручту эки колу менен кармап турат (биздин тор). Көбүрөөк балык кармоо үчүн торду деӊизге салып, экөө чогу отурушу керек. Муну менен бирге эсептөөгө машыгууга болот.

    Чоӊ - кичинекей Карама каршылыкка оюн. Улуу адам атаган жаныбарлардын бою кандай экенин бала көрсөтөт. Мисалы пил чоӊ – бала колун бийик көтөрүп туруп турат, ал эми чычкан кичинекей – бала жапыз отурат. Балага жардам бериӊиз - аны менен чогуу туруӊуз жана отуруӊуз.

    EmptyView