Развивайте вместе с малышом его мечты Развивайте вместе с малышом его мечты
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала менен бирге анын кыялын өстүрүӊүз

Балдардын накта кыялы физиканын мыйзамдары, ата-эненин эмгек акылары, аралыктар, коомдун пикири жана өз жөндөмүнө сынчыл мамилелер менен чектелген эмес. Бир жылдан кийин болсо да кыялдануу жөндөмүн алып жүрүү жана балага муну туура жасаганга үйрөтүү өзүӊүзгө жараша болот.

Балдардын фантазиясына биз көп учурларда «Бул реалдуу эмес», «Мындай болбойт», «Биз жасай албайбыз», «Колубуздан келбейт» деп жооп беребиз. Кыялдануу менен мындай манипуляция көп кайталана берсе, ал балдардан кыялданууну унутуп калган чоӊдор өсүп чыгат. Алардын каалоолору алар өзүлөрүнө өзүлөрү коюп алган чек аранын чегинен сырткары чыкпайт. «Бул реалдуу эмес» - бардык кыялды тороо үчүн универсалдуу фраза болот. «Реалдуу эмес» же «Биздин ага алыбыз жетпейт» деп балага айтпаӊыз. Жок дегенде: «Азырынча буга алыбыз жетпейт, бирок биз бир нерсе ойлоп табабыз» деп айтыӊыз. Андан көрө: «Муну кантип алууга болот? Кадай шарттарда? Ал үчүн эмне кылсак болот?» деп ойлонуӊуз. Кыял – прогресстин кыймылдаткычы. Учуу – реалдуу эместигине бардыгы ишенсе, анда азыр учактар болмок эмес… Бала менен чогуу кыялданыӊыз, анын кыялдарын көӊүл коюп угуӊуз жана аны колдоӊуз. Кыялын тартыӊыз. Кыялдардын коллажын жасаӊыз. Өзүӊүз кыялданууну баштаӊыз – бала кездегидей чексиз кыялданыӊыз. Балалык кыялдарды эстеп, мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө «портал» ачыӊыз. Же болбосо, бала кездеги кыялдарыӊыздын бирин ишке ашырганга убакыт келгендир. Өзүӊүздүн ички балаӊызга белек жасаӊыз, ал сизге кубаттуу ресурс берет. Бош иллюзияларды жана кыялдарды кантип ажыратканга болот. Кыял аракеттердин планына трансформацияланышы керек. Кыялга карай күн сайын конкреттүү кадам жасап турбаса – бул жөн эле асманда учуу болуп калат.

Жагдай качандыр бир убакта өзгөрүп кетет деп күтпөш үчүн, кыял үчүн жоопкерчиликти алуу керек. Жыйынтык үчүн жоопкерчиликти мойнуна ала алган адамдар «Мен бүгүн максатыма жетиш үчүн эмне кылдым? Кайсы ресурстар мага керек? Кайсы жөндөмүмдү өөрчүтүшүм зарыл?» деген суроолорду өзүнө бере алат.

Эгер бала президент болгум келет деп айтса, ал «ишке ашпайт» деп жооп бербеӊиз. Бир да ата-эне баласынын өсүшүнүн чегин алдын ала биле албайт жана «сен буга алыӊ жетет, ал эми буга жетпейт» деп, ал үчүн чече да албайт – анткенге укугу да жок. Анын алы жетеби же жетпейби – ал баланын гана чечими. Ал эми ата-эне: «Кел, президенттердин өмүр баянын окуп чыгалы, ушуга жеткенге ага кайсы мүнөзү жардам бергенин түшүнөлү» деп, аны колдоп гана тура алат Мыкты кеӊеш: өзүнүн бала кезиндегисин эстөө жана баланын кыялын кыя чаппаганга, бирок аны ишке ашыруу жолунда анын аракеттенгенине үйрөнүүсү керек.

EmptyView