Задумываетесь о втором ребенке? Задумываетесь о втором ребенке?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Экинчи бала жөнүндө ойлонуп жатасыздарбы?

Биринчи бала сиздин жашооӊузду таптакыр өзгөртүп коёт. Көптөгөн аялдар жана жубайлар үчүн бул реалдуу сыноо болуп саналат. Бала өз алдынча болгондо, ата-эне эми гана өзүнө кам көрүүнү баштап, саякаттап, эс алып, уйкусу кана уктап баштайын дегенде «балким экинчисин?» деген ой пайда болот. Айрым үй-бүлөлөр бала көп болушу керек деген бекем ишеним менен курулат. Айрым жубайлар аларга бир эле бала жетиштүү деген ою да анча бекем эмес болот. Пикирлер ар түрдүү.

Үй-бүлөдө экинчи бала – үй бүлө биринчи бала төрөлгөндөн кийин кризисти кантип функционалдуу жана ийгиликтүү өткөргөндүгүн текшерүүсү болуп саналат. Ошондуктан баланын бул окуясына даярданардан мурун, ата-энелердин өзүлөрү дагы бир балалуу болгуӊуздар келишинин себебин түшүнүшүӊүздөр керек.

Биринчи баланын пайда болуусу үй-бүлөнүн функционалдуулугун ачык көрсөттү: эгер жубайлар көйгөйлөрү жөнүндө сүйлөшө, аларды моюнга ала жана бирин-бири колдой алышса, өз ара мамилелерин жана ролдорун алмаштырып, балага биргелешип кам көрүп жана жубайлык мамилелерди сактап калышса, анда экинчи бала пайда болгондугу менен байланышкан кризис билинбей өтүп кетет. Ал эми экинчи бала пайда болгон аралыкты басып өтүү ыкмасы катары болсо, анда оӊой болбойт, биринчи баладагыдай баягы элек көйгөйлөр келип чыгат, бирок алар чоӊ амплитуда менен болот. Эгер экинчи бала – мамилелер үчүн сактоочу айлана болсо – баланын көйгөйү бирге болуунун негизи, балдардын жана көйгөйлөрдүн айланасында коопсуз биригүүнүн стратегиясы болот.

Ошондуктан үй бүлөнүн экинчи балалуу болордун астындагы биринчи жана башкы даярдыгы – ата-энелик милдеттен өзүнчө жашап турган, өзүлөрүнүн жубайлак мамилесине талдоо жүргүзүп көрүү. Бири бири менен, балдарсыз, чогуу болгон жубайларга жагабы – ошону текшерүү керек. Келишимдерге мамилелер, бирин –бири түшүнүү жана уга билүү канчалык деӊгээлде ийкемдүү экендигин тактоо. Эгер үй бүлө функционалдуулугун талдоо көрсөтсө, анда экинчи бала бул үй бүлөгө адамдар ортосунда пайда болгон аралыктан кутулуу эмес, аларга кошумча жүк болот, Эмне себептен дале балалуу болуу ниети пайда болушу керек.

  • Сиз балаӊызга «керексиз» болуп калгандай сезимден коркосуз. Бала чоӊойду. Аны таанылып бүтө элек тышкы дүйнө тартып турат. А көпчүлүк учурларда ата-энеси менен эмес, башка адамдардын айланасында күн өткөргүсү келет. Анын окуулары жана жашыруун сырлары пайда болду, аларды ата-энесине айтуунун кереги жок дейт. Жакында эле ал ушундай алсыз болсу, эми ал үчүн бардыгын жасаганга даяр, камкор энеси сүйлөөккө айланды, анан «Кетчи, мен өзүм эле!», «Билем мен!» деген сөздөрдү апасы көп укчу болду.
  • Бирок сиз балаӊыз үчүн анча маанилүү эмес болуп калдыӊ дегенди туюндурбайт. Ал мурдагыдай эле сизди жакшы көрөт. Ал эми сиздин мээримиӊизге мурдагыга караганда көбүрөөк муктаж болуп турат. Чоӊ жана тааныш эмес дүйнөдө аны канчалаган кыйынчылыктар жана коркунучтар күтүп турат! Сиздин уулуӊуз же кызыӊыз бардыгын өзү жасагылары келет, бирок азырынча аз эле нерсени жасай алышат. Улуу баласынын толук өз алдынчалуугунун иллюзиясына берилип, өз камкордугун кичүүсүнө көрсөткөн ата-энелер төмөнкү кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн.

    Ата-энелеринен салыштырма көз карандысыздыкка ээ болуу баланын инсандыгынын өсүүсүнүн керектүү этабы. Ал сиздин экинчи балаӊыздын да жашоосунда сөзсүз болот. Ошондуктан бир бала ата-энелердин «ашык» болуп калуу коркунучу менен күрөшүү ыкмасы эмес. Сиздин уул же кызыӊыз чоӊоёт жана өзгөрөт. Аны менен кошо сиздер, ата-энелер да, жана сиздердин балдарыӊыздар менен мамилеӊиздер да өзгөрүшү керек.

  • Сиздер ар башка жыныстагы балалуу болгуӊуздар келет.
  • Бул кенен жайылган жагдай: жубайлар үй бүлөдө уул да, кыз да болушун каалашат. Негизинен мында жаман эч нерсе жок. Бирок мындай жагдайды элестетип көрүӊүз: сиз эркек уул (же кыз) төрөлөрүнө өзүӊүздү даярдагансыз, ал эми күткөнүӊүз акталган жок. Сиз албетте, жаман болосуз, жана муну абалыӊыздан жашыра албайсыз. Себеби кичине балдар аябай сезимтал келишет. Алар сөздөрдү жана аракеттерди гана эмес, аларга карата «жасалма» кыла албаган эмоционалдык мамилелерди да байкашат.

  • Улуу бала ата –эненин күткөнүнө туура келбейт
  • Биринчи бала өзүлөрү каалагандай «болбой калганы» үчүн гана экинчи балалуу болуу чечимин кабыл алуу менен ата-энелер улуу баласынын көӊүлүн оорутушат. Сени ата-энеӊ жакшы көрүшү үчүн алар ойлогондой жакшы болбогонуӊду сезүү кандай оор! Жыйынтыгын чыгарып жатып, экинчи балалуу болуунун жалгыз себеби – сиздердин чексиз сүйүү жана дүйнөгө жаӊы адамды тартуулоо, аны менен жаӊы эмоцияларды, сезимдерди жана бардык жакшылыктарды теӊ бөлүү болуп саналат. Сиздин каалооӊуздарды дал ушул сезим башкарып турсун.

    EmptyView