Ребенку нужно каждый день познавать мир! Ребенку нужно каждый день познавать мир!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала күн сайын дүйнөнү таанып турушу керек!

Мыкты жаш курак: сиздин балаӊыз басып жүрөт! Ал теӊ салмагын жоготуп койбош үчүн эки колун жана буттарын эки тарапка таштап, кубануу менен басып жүрөт. Азыр ага көчөгө сейилдөө үчүн жумшак бут кийим сатып берер учур келди. Бала тепкичтен төрт буттап чыгып бара жатат, артын алдыга салып алып түшүп келе жатат, айланадагылардын бардыгына аракеттенип, жетип жатат. Ачыла турган капкактарды, эшиктин кармагычтарын кармап эшиктерди, китептин беттерин ачып баштады. Кийингенге өзүнө жардам берип, тез чечинет жана бут кийимин эки жакка ыргытат. Бала алга карай гана эмес, капталына да, артына да баса алат, топту чоӊ кишиге карай ыргытканды үйрөнүп жатат. Андан тышкары, чоӊ түстүү карандаштар менен бала сүрөт тарта баштады, эки-үч кубиктен мунара чогулта алат жана мескейге майда нерселерди чогултат. Бул жаштагы балдардын жакшы көргөн иши - контейнердин ичин толтуруп, кайра бошотуу.

Көӊүлүӊүздү коюуӊуз! Бала азыр деле бардык буюмдарды, анын ичинде желбеген нерселерди да оозуна сала берет. Анын бул жаӊы жөндөмү өзүн ушунчалык кызыктырат, аны тамактандыруу жана уктатканы жаткыруу оор боло баштайт. Бир жарым жана эки жаштын ортосунда бала айлана чөйрөсүндөгү нерселерли ал көрбөсө да жашай беришин билет. Нерсени бир орундан экинчи орунга которуп койгонун көрсө, ал аны ошол акыркы коюлган жерден издейт. Ошондой эле ордунан жылдырылганын көрбөгөн буюмдарды да издей берет.

Эми бала символдорду түшүнүп, адамдар, буюмдар жана өзү көрбөгөн окуялар жөнүндө ойлоно баштайт. Бирөөнүн кулк-мүнөзүн ал өзү жанында жок кезде туурай алат. Эсинде калганы боюнча нерселердин сүрөтүн тарта алат. Эки жашка толуп калганда буюмдарды жалпы белгилери боюнча, мисалы, түсү, формасы боюнча сорттоого жөндөмдүү болуп калат.

Бала себептин жана кесепеттин айырмасын түшүнө баштайт. Кашык менен ар кайсы нерселерге ургуласа, ар түрдүү добуш чыгарын түшүнөт. Бул жаштагы балдар гравитация менен эксперимент жүргүзүүнү жакшы көрүшөт: алар нерселерди жерге атайын ыргытышат жана бул алардын жаӊы тажрыйбага үйрөнүшүндөгү маанилүү кадамы болуп саналат. Үйрөнүү байкап көрүү жана каталар ыкмасы менен жүрөт. Бул жаш куракта бала дененин айрым бөлүктөрүн (мурун, көз), үй жаныбарларын (мышык, ит (ав-ав), ошондой эле күнүмдүк турмуштагы нерселерди (машина (би-би), топ) атай алат. Бала жаныбарлардын үнүн кайталоого аракет кылат. Балага сүйлөгөнгө мүмкүндүк бериӊиз жана анын аракеттерин өбөлгөлөӊүз, себеби бала дал ушинтип кебин колдонуп көрөт жана жаӊы сөздөрдү жаттайт. Мисалы, ал бир сөз айтса, ага ошол сөз менен байланышкан бир нече сөздү сунуштаӊыз. «таш-таш» десе, ооба «ташты ташып келебиз» деп жооп бересиз.

Дүйнөнү таанып билүүсүнө балага кантип жардам беребиз? Пазлдар жана конструкторлор. Балдар биринин үстүнө бирин тешиги боюнча тизген, аларды бөлүктөргө ажыраткан, түрдүү формадагы оюнчуктарды жакшы көрүшөт. Бул ири деталдуу биринчи пазлдардын, пластиктен инструменттердин топтомдорунун жана курулуш блокторунун, кубиктердин мыкты учуру. Жип менен тоголотуу оюнчуктара. Балдарга жылган оюнчуктарды түртүү жана тартуу жагат. Ага сабы узун оюнчук, арабаны, вагончикти, шарды, ичинде толтура түрдүү предметтери бар кутучаны, берип коюӊуз. Бут кийимдин бош кутучасына жип байлап, ичине мамалагын салып коюусун балаӊызга сунуштасаӊыз, ал үчүн сонун чана пайда болот. Самындан көбүктөр. Көбүктөрдү чайынма бөлмөдө үйлөп, киринтип жатканда кармаса болот. Бардыгын байкаӊыз жана жаракат алып калбашы үчүн, балаӊыздын отурган абалда болушуна көӊүл буруӊуз. Ошондой эле көбүктөр менен оюн көчөдө ойногонго ылайыктуу.

Сүрөт тартуу. Балаӊызга бир барак жана уулуу эмес момдон бор бериӊиз. Алар кантип тартарын көрсөтсөӊүз, балаӊыз дароо сиздин ишиӊиз менен натыйжанынын ортосундагы байланышты байкайт. Жаш таланттын сүрөтү даяр болгондо, аны сөзсүз көрүнөө жерге илип коюӊуз.

EmptyView