Взаимоотношения малыша с другими детьми Взаимоотношения малыша с другими детьми
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын башка балдар менен өз ара мамилеси.

2–3 жаштагы бала башка балдарга аралашуусу зарыл. Биргелешкен оюндарда бала башкалардын пикирин эске алууну, аларга жол бошотууну, досу менен бөлүшүүнү, ага жардам берүүнү үйрөнөт. Эгер бала үйдө тарбияланып жатса, анда оюнга күн сайын бирдей жаштагы 2-3 баланы аралаштырыш керек. Мындай оюндарды сейилдеп жүргөндө уюштуруу жакшы болот.

Алардын ортосунда өз ара оӊ мамилени түзүүгө аракеттенип, өзүӊүздүн кеӊешиӊиз жана колдооӊуз менен балдарыӊызды ойногонго үйрөтүшүӊүз керек, себеби кандай болбосун куракта, 3-4 жашынан баштап, балага достору менен ойноонун зарылдыгы баалуу болуп саналат. Ата-энелер буга жоопкерчиликти алып,

жигердүү аракеттениши керек, эгер бала:

  • достору жок экендигине, жана курдаштары аны менен баарлашкысы келбегендигин даттанып жатса;
  • бала бакчага, мектепке же кружокко барбай калуунун кандай болбосун мүмкүнчүлүгүнө сүйүнсө, же ал жактарга каалабай араӊ барса;
  • классташтары же көчөдөн же спорттук секциядан таанышкан тааныштары жөнүндө эч нерсе айтпаса;
  • эч кимге чалгысы келбесе, конокко чакыргысы келбесе, же ага эч ким чалбаса жана эч ким үйүнө чакырбаса;
  • эртеден кечке үйдө өзү жалгыз бир нерсе менен алектене берсе (окуйт, компьютер оюндарын ойнойт, телевизор көрөт ж.б.).
  • Кырдаалга аралашардан жана балага көйгөйүн чечүүгө жардамдашардан мурда, сиз бул дисгармониянын себебин тезирээк аныктап алышыӊыз керек. Баланын ата-энеси менен мамиле канчалык жакшы болсо, ал теӊтуштары менен ошончолук оӊой тил табышарын психологдор эчак эле белгилеп коюшкан. Ошондуктан үй-бүлөдөгү тарбиянун бузулушу балага достук мамилелерди түзүү жөндөмүнө терс таасир тийгизет. Ата-энелери баласын ашыкча коргоо, баласын башка балдар менен баарлашуусун мажбурлап чектөө, досторун үйгө чакырууга тыюу салуу, баланын өзүн көрсөтүүгө шарттардын жоктугу жана анын өз алдынча аракеттенүү укугун жокко чыгаруу анын теӊтуштары менен баарлашууга психологиялык жактан даяр болбогонуна алып келиши мүмкүн. Айрым балдар жаӊы жамаатта өзүнө дос таба албагандыгы үчүн бала же анын ата-энеси дайыма эле күнөөлү боло бербестигин белгилеп кетүү маанилүү. Өз ара симпатиялардын жана антипатиялардын психологдор тарабынан азырынча аз изилденген кээде иштеп кетет. Алсак, айрым балдар теӊтуштары үчүн жагымдуу болсо, башкалары алардан жаман болбосо да – балдарга жагымдуу боло албайт. Мындай тандамалдын негизинде талап кылынган балдардын өзүнүн теӊтуштарынын социалдык керектөөлөрүн максималдуу канааттандыруу жөндөмүндө жаткандыгын болжолдошот адистер.

    Пайда болгон көйгөйдүн себебин аныктагандан кийин, абалды жай жана тажатпастан оӊдогонго аракет кылыӊыз. Сизге жардам бериши мүмкүн болгон бир нече эреже:

    1. Балага теӊтуштары менен баарлашуу мүмкүндүгүн бериӊиз. Аны кружокторго катышууга жаздырып коюӊуз, анын досторун үйгө чакырыӊыз, балдар майрамдарын уюштуруӊуз.
    2. Балдарга өз алдынча ойногонго жана ким менен баарлашкысы келгендигин өзү чечкенге мүмкүнчүлүк бериӊиз,
    3. Балага достору менен элдешкенге жана алар тууралуу көбүрөөк билгенге жардам бериӊиз.
    4. Бала менен убакытты сапаттуу өткөргөнгө аракет кылыӊыз: ойноӊуздар, кубаныӊыздар, «ага теӊ» тентек кылыӊыздар.
    5. Баланы үнүн катуу чыгарбастан өз оюн токтоо жана ачык билдиргенге үйрөтүӊүз.

    Бала күтүүсүз жана коркунучтан тааныш эмес нерсеге кабылса, анда ага колдоо көрсөтүӊүз. Эӊ негизгиси, татаал кырдаалда бир нерсе айтылат, жана ал кандай сөз болсо да, анча мааниге ээ эмес. Бала үчүн эӊ негизгиси – ага карата жакшы сөз айтылганы, анын «кайгысы» «трагедиядан» жеӊил нерсеге өтүп кетиши. Ата-энелери баласына жооткото турган сөздөрүнүн варианттары ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирок, балдар угушу керек болгон негизги учурлар бар.

  • Биринчиден, досу аны менен «ойнобосо», анда ал бала сүйүүгө татыктуу эмес дегенди туюнпайт.
  • Экинчиден, ал кандай гана бала болбосун, ал бардыгынын сүймөнчүлүгү болушу мүмкүн эмес.
  • Үчүнчүдөн, ал өзү дагы кимдир бирөөнү досу катары кабыл алса, башкасына көӊүл бурбай коёт.
  • Төртүнүдөн, кагылышуунун болжолдуу себебине биргелешип талдоо жүргүзүӊүздөр. Балким ал жолдошуна ал жаман көргөн бирөөгө окшош болуп жаткандыр, же өзү байкабай туруп ага жакпаган бир ишти жасап алгандыр.
  • Жана акырында, бул таанышы менен эле жашоо бүтүп калбастыгын балаӊызга түшүндүрүп коюӊуз. Өзүнүн классынан кимге ишенүү керектигин, ким анын досу боло аларлыгын жана аны кайдан табарын уулуӊуз же кызыӊыз менен бирге отуруп, ойлонуӊуз.
  • Андан тышкары баланы ашыкча коргой берүүдөн алыс болуш керек. Өз ара мамиленин мындай стили пайда болгон көптөгөн көйгөйлөрдү бала өз алдынча чечкенге, өзүнүн эгоизми менен күрөшкөнгө жана башка бирөөнүн жетекчилиги менен башка балдар жана кыздар менен бирге ойногонго үйрөтөт.

    EmptyView