Ваш малыш немного застенчив? Ваш малыш немного застенчив?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Сиздин балаңыз бир аз тартынчаакпы?

Тартынчаактык – бул мүнѳздүн ѳзгѳчѳлүгү, ал улууларга гана эмес, балдарга да мүнѳздүү. Тартынчаак бала айланасындагы адамдарды (ѳзгѳчѳ чоочундарды) коркунуч катары кабыл алат. Азыркы учурда психологияда тартынчаактык балада баарлашуунун жүрүшүндѳ пайда болуп, акырындык менен аң-сезиминде бекемдеп калган терс кабатырлануулардын натыйжасында калыптанат деген кѳз караш жайылтылган.

Тартынчаактык тандамал болушу, ал баланын бардык айланасындагыларга жайылтылышы мүмкүн. Тартынчаактык, ошондой эле, баланын ѳзүн баалай албагандыгынан улам пайда болорлугун изилдѳѳлѳр кѳрсѳттү: бала ѳзүн кайсы бир себептер менен башкалардан начар деп ойлойт, бала аң-сезиминде ѳзүнүн “менин” оорутуп албашы үчүн айланасындагылар менен баарлашуудан качышы мүмкүн. Тартынчаактын себебин сиз канчалык эрте тапсаңыз, ошончолук жакшы болот. Жаш ѳткѳн сайын балдарда ѳжѳрлүк мүнѳз калыптанат да, аны түзѳѳ оор болот. Бала ѳзүнүн “кемчиликтерине” отчет бере баштайт жана бул аны менен иштѳѳнү татаалдатат.

Тартынчаактыгын жоготуу үчүн балага кантип жардам берүү керек? Балага болгон мамилеңизге талдоо жүргүзүп кѳрүңүз. Сиз аны жакшы кѳрѳрүңүздү канчалык кѳп айтасыз? Ата-эненин абсалюттук сүйүүсү балага ѳтѳ маанилүү. Жагдайга баланын кѳзү менен караңыз: балким ага сиздин сүйүүңүз, мактаганыңыз же колдооңуз жетишпей жаткандыр? Тентек балдарга караганда тартынчаак бала ата-энесин кѳп тынчсыздандырбайт. Ошондуктан аларга аз кѳңүл бурулуп калат, а чынында, дал ушундай балага кѳбүрѳѳк кѳңүл буруу керек болот. Алар бул тууралуу ачык айтышпайт, бирок ага жакшы кѳңүл буруу, аны сыйлап урматтоо муктаждыгы ѳтѳ ѳѳрчүгѳн. Бул муктаждыктарын канааттандырбаса, анын сѳзүнүн негизинде жаткан пайдубал – курчап турган чѳйрѳгѳ жигердүү жана коркпостон киришине, аны чыгармачыл ѳздѳштүрүү жана кайра ѳзгѳртүп чыгаруу мүмкүндүгүн берген адамдарга болгон ишеним курулбай калат. Улуулар бала ага жардамдашууга жана колдоо көрсөтүүгө кайрылдган учурда гана эмес, мындай алганда, ага керек болбой турган учурда да колдоо кѳрсѳтүүгѳ ѳзүлѳрүн тарбиялашы зарыл.

Тартынчаак балдар менен ѳзүн кандай алып жүрүүбүз керек? Баланын баарлашуу чѳйрѳсүн кеңейтүү менен, анын досторун үйгѳ кѳбүрѳѳк чакырыңыздар. Жаңы адамдарга жана жерлерге баланын токтоо мамиле жасоосуна кѳндүрүңүз.

Бала үчүн дайыма кабатырланып, аны толугу менен коргой бербеӊиз. Бала ѳз алдынчалуулугун жана жигердүүлүгүн кѳрсѳткѳнгѳ мүмкүнчүлүк бериңиз, анын аракеттерине эркиндик бериңиз. Баланын ѳзүнѳ жана ѳз күчүнѳ ишенимин бекемдеп туруңуз. Баладан баарлашуу менен байланышкан кичине тапшырмалдарды аткарууну сураныңыз. Баланы колдоп туруңуз жана анын бир ишти жасагандагы ийгиликтерин баса белгилеп туруңуз.

Тартынчаак балдар үчүн кѳнүгүүлѳр.

  • Колуңду жаңсап ыр айтып берчи. Колунун жардамы менен же пантомимо аркылуу ыр же жомок айтып берүүсүн ѳтүнүңүз.
  • Жомок. Анын атына таянып, ѳзүнүн атына окшош аты бар адам жѳнүндѳ жомок ойлоп табуусун сунуштаңыз.
  • “Мен кандаймын жана кандай болгум келет” аталышындагы сүрѳт. Бала ѳзүн эки жолу тартышын сунуштаңыз. Биринчи сүрѳтүндѳ азыр ѳзү кандай болсо,
  • экинчисинде – ѳзүн кандай кѳргүсү келерлигин тартсын. Тартып бүткѳндѳн кийин талкуулаңыздар. Акырында, бала ѳзү каалагандай болушу үчүн эмне кылуусу керектигин бала ѳзү айтып бериши зарыл.

    EmptyView