Топ навыков, которым надо научить ребенка до 3 лет Топ навыков, которым надо научить ребенка до 3 лет
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланы 3 жашка чыкканча ага үйрөтүү көндүмдөрүнүн тобу.

Бала көп нерсеге алы жетпей турса да, аны үч жашка толгончо эч кандай бөгөт менен токтото албайсыз, ал ар бир күнү аракеттенип, өзүнө керек нерсени алганга даяр болот. Ошентип, бул жаштагы балдар өсүшүндө ири секирик жасашат. Кийин бардыгы оӊой жасалышы үчүн, бул жашка чыкканча балада калыптанышы сөзсүз керек болгон бир нече негизги көндүмдөрдүн тизмеги:

1-көндүм: өз алдынчалуулук 3 жашка чейин бала өз алдынча кийингенге, жуунганга, тишин жууганга, артынан оюнчуктарын жыйнаганга, тамак ичкенге аракет кылып көрүшү керек. Балага максимум эркиндик бериӊиз жана өз алдынчалуулугун калыптандырыӊыз.

Бала оюнчуктарын өзү жыйнаганына, колготкасын өзү кийгенине, оюнчуктарын өзү тизгенине кубаныӊыз. Өз алдынчалуулук көндүмү балага бакчадан зор таасирин тийгизет. Бала канчалык өз алдынча болсо, жаӊы жерге жана жамаатка бала ошончолук жеӊил көнүп кетет.

2-көндүм: баарлашуу Балдар ар кайсы мезгилдерде сүйлөп башташат. Кимдир бирөө бир жарым жашында сүйлөсө, кээси үч жашка чыгайын деп калганда сүйлөйт. Баланын сүйлөшүнө ата-эне да жардам берет. Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн жардамы аркылуу бала менен дайыма баарлашып туруӊуз. Сүйлөм канчалык кыска болсо, баарлашуу ошончолук түшүнүктүү болот, шаштырбаӊыз, тездетпеӊиз, балага жооп бергенине убакыт бериӊиз, аны менен диалог жүргүзүӊүз жана өз оюн суроо катары өз алдынча бергенге үйрөтүӊүз.

3-көндүм: Өзүн оюн менен алектенте билүү

Бала үчкө чыкканча апасы ал жакта аракеттер атайын боло турган ойдогу дүйнө менен тааныштырышы керек. Сиздин оюнуӊузда бир эле таяк кайырмак да, мылтык да, бинокль да болсун. Баланы муну менен ойногонго үйрөтүӊүз! Дарыгерге келген бул мамалак менен күчүктүн ичи ооруп жатканын, дарыгер аларга дары берип жатканын көрсөтүӊүз. Эркин оюнда ой жүгүртүү, кабыл алуу, ойлонуу калыптанат, бул болсо адамды келечекте ийгиликтүү жана таланттуу кылат.

4-көндүм: Ой жүгүртүү «Эч кандай атышуу жок, жөн гана өөрчүтүү бар» дешип, бала ушуну менен өөрчүп жатат деген аргументтерди карманышып, айрым ата –энелер балдарына оюндары менен планшеттерди беришет! Ооба, бул абдан ыӊгайлуу – үйдүн ичи тынч, энеси эс алып отурат же иштери менен алек. Бирок бала бул учурда өөрчүбөйт.

Балага үч жашка чыкканга чейин төрт же сегиз бөлүктөн турган жөнөкөй пазлдарды чогултканды үйрөтүү керек. Бала телефондон чогулткан пазлдар – ага туура келбейт, алар ой жүгүртүүнү өөрчүтпөйт. Чыныгы, картон сүрөттөрү гана баланын ой жүгүртүү процессин өөрчүтүүгө жардам берет.

EmptyView