Ребенок в роли помощника мамы Ребенок в роли помощника мамы
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала эненин жардамчысынын ролунда

Үй иштери бардык эле энелердин жашоосундагы күнүнүн көпчүлүк бөлүгүн алып коет, андыктан бала менен баарлашканга анча убакыт деле калбай калат. Мындай учурлардан чыгуунун эӊ мыкты жолу – баланы үй иштерине аралаштыруу. Мында силер убакытты бирге гана өткөрбөстөн, бала пайдалуу көндүмдөргө ээ болот.

Үйдөгү кандай болбосун жумушта балага тапшырып коюучу иш сөзсүз табылат. Тазаланган акшакты столдон мискейге салып коюну, пияздын кабыгын аарчууну, мөмөлөрдүн чоӊдорун майдаларынан ажыратууну баладан суранууга болот. Мүмкүн балага андан да кызыктуу тапшырма – кир жуучу машинаны «жандандыруу» жагып калышы мүмкүн. Ага кир кийимдерди салып, «иштет» кнопкасын басууну сураныӊыз.

Балаӊыз кайсы жыныста экенине карабай, негизгиси – ага тапшырылган иш чын эле жооптуу болсун. Эгер бала мөмөлөрдү ажыратып койгондон кийин, сиз андан пирог жазасаӊыз, бала өзүнүн эмгеги текке кетпегенин сезет. Эгер бала чоӊ атасы менен бирге отургучту оӊдоп койсо, жана ага кайра отурууга мүмкүн болсо – анда ал өзүнүн бул ишине сыймыктанат.

Эӊ негизгиси кичинекей жардамчыӊызга иштөө үчүн керектүү шарттарды түзүү, тактап айтканда, анын «жумушчу ордун» туура уюштуруу. Эгер сиз баланы үйдү тазалоо процесине аралаштыргыӊыз келсе, ал үчүн таза сүлгүнү, калакты, мочалканы, кичинекей чылапчынды даярдаӊыз, бала алар аркылуу өз тапшырмасын чоӊдордой эле аткара алышы керек. Эгер сиз балага чаӊ сүрүүнү тапшырсаӊыз – үйдө чаӊ бар экенине ынаныӊыз, антпесе бала өз ишинен эч кандай натыйжа көрө албай калат.

Баланын бардык аракетин өбөлгөлөӊүз, себеби бул балага өзүнө-өзү ишенимин арттырат жана үй чарбасы боюнча мындан ары да жардам берүүсүнө өбөлгөлөйт. Бирок, анын эмгегин баалоодон баланын көз карандуулугу калыптанып калбашы үчүн, ашыкча мактай бербеӊиз.

Үй иштеринде таанып билүү оюндарынын элементтерин аралаштырыӊыз. Балаӊыз жууп жаткан жашылчанын ар биринин түсүн жана сапатын атап берүүсүн балаӊыздан сураӊыз, стол үстүндө канча тарелка тураарын балаӊыз санап берсин, жана балаӊызды жаӊы түшүнүктөр менен тааныштырууну унутпаӊыз. Мисалы, кашык менен вилкалар металлдан жасалганын, ошондуктан алар жылмакай экенин, оор болоорун жана сууда чөгөөрүн, ал эми көмөчтанда аралаштыруу үчүн кашык жыгачтан жасалгандыктан, такыр башкача болоорун балаӊызда түшүндүрүӊүз.

EmptyView