Находите время для себя Находите время для себя
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Өзүӊүзгө убакыт табыӊыз

Узак мөөнөттүү декретте аял күндөлүк турмуштан тажай баштайт. Жеке иштерди жана баланы тарбиялоону кантип айкаштыруу керек?

  1. Режимди жөнгө салуу

    Жаш эненин ырааттамасын көрүп туруп, өзүнө убактысы аз экенин байкоого болот. Ошондуктан бала уктап жаткан сааттарды колдонуу керек.

    Бир сутканын ичинде бала бир түн бою жана күндүз бир нече жолу уктайт – ушул учурларда 4 же андан көп саатты өзүнө чыгарып алганга болот. Аны уюшутуруу үчүн режимди жөнгө салуу керек жана бала ойгонгон учурдан баштап эсептеген жакшы.

    Циркаддык ритм ойгонуу учуруна байланган, ошондуктан дал ошол учурга көӊүлдү топтоо керек. Айрым балдар эртеӊ мененки 6-7 лерде турганды жакшы көрүшөт, ал эми кээси саат 10-11 лерде ойгонушат. Сиз бир жума ичинде баланын ойгонгонун кайсы бир белгиде, мисалы эртеӊ мененки 7 де тураарын белгилеп алыӊыз жана бала өзүн кандай алып жүрөөрүн караӊыз. Эгер ал жигердүү сергек болуп өзүн жакшы сезип турса, анда сиз туура убакытты таптыӊыз. Эгер чыргоолонуп, тургандан 2 саат өткөндөн кийин уктайм десе, түнкүсүн ойгонуп ыйласа, ойгонуу убактысын бир саатка жылдырыӊыз да, кайра текшерип көрүӊүз.

    Бала адаттагы убактысынан кеч жатса дагы, эртеӊ менен эрте турганга уруксат бербөө керек – бул бүткүл системаны талкалап коет. Жалпысынан алганда дайыма эрежени колдонуӊуз: ойгонгонунун оптималдык убактысын жылдырганга болбойт, ал биологиялык жактан мүмкүн эмес. Баланын уйкусуна көбүрөөк/азырак убакыт бөлүш керек – уктоону жылдырыӊыз.

  2. Ассоциативдик уктап кетүүнү жокко чыгаруу.

    Режимди ченемге салып алгандан кийин, өзүӊүзгө кам көргөнгө убакыт пайда болот, бирок эгер баланын уктоо процесин оӊдоп алса, кошумча убакыт «утуп» алганга болот.

    Айрым балдар 10 айында эле өз алдынча уктай алышат. Эгер бул силердин учур болсо, бул пунктуну өткөрүп жибериӊиз. Эмчекти, терметүүнү сураган жана башка көӊүл бурууну талап кылган чыргоо баланын энелери бул ыкманы иштеп чыгышы керек.

    Биринчиден - ассоциативдик уктап кетүү сизден пайдалуу убактыӊызды алып коет. Экинчиден ал түнкү уйкуну фрагменттейт. Бардык балдар эле түнкүсүн улам-улам ойгоно берет, бирок уктаганды билген наристе аны өзү эле жасай алат. Ал эми уктаар алдында кайсы бир ритуалдарга – терметүүгө, эмизүүгө ж.б. көнүп калган бала - көӊүл бурууну талап кылат.

    Таптоонун ыкмаларынын бири сиздин убактыӊызды жана катышууӊузду талап кылат, бирок жеӊил жана тынч өтөт. Ал үчүн бир нече кадамды басып өтүү керек: Алгач сиз баланы терметесиз, андан кийин ал терметүүнү бешик ырына, андан кийин жомокко, андан соӊ оюнчук менен курчаганга алмаштырасыз, ошентип баланын уктаган процессинен өзүӊүздү чыгарып койгонго чейин жетишесиз. Бул бир нече айды алышы мүмкүн, бирок бала ыйлабайт, ал эми сиз капа болбойсуз.

EmptyView