Попрощайтесь с бессонными ночами! Попрощайтесь с бессонными ночами!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Уйкусуз түндөр менен коштошуӊуз!

Баланын ушул жаш курагында уйкусу бир топ жакшы болуп каларлыгын көптөгөн энелер байкашкан: бала түнкүсүн тамак ичүүгө ойгонбостон уктай алат.

Бала канча укташы керек?

Уйкунун бир суткадагы ченеми 16-18 айдагы балада болжол менен 13,5 саатты түзөт. Уктоо убактысы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: түнгө 11-12 саат туура келет, жана күндүзгү уйкуга болжол менен 1,5-2 саат туура келет. Бир жарым жаштагы баланын уктаар алдындагы ойгоо жүргөн оптималдуу убактысы бардык аракеттерин кошкондо 5-6 саат.

Маанилүү:

«Тутумдар дүйнөсүнүн» 75-жумасынын кризиси дал ушул учурда келет. Ал балаӊызга сизди көрүп турган жеринен жоготуп алуу коркунучун жеӊип чыкканга жардам берет. Азыр энеси кайда жүргөнүнө карабай, анын жанында экенин бала түшүнөт. Бул балага ишеним жаратат да, тынч жүрө беет, ошондой эле сизден өзүнчө өз оюнун ойногонго жардам берет.18 айынан киийн уйкусу бузулушу мүмкүн, ал 2-4 жумага созулушу ыктымал. Кабатырланбаӊыз, бул анын өсүүсүнүн кезектеги абалы менен байланышкан. Бул учурда сиз анын кежирлигин жана чыргоолугун көрөсүз. Бул жөнөкөй эмес учурда уйкуга байланыштуу жаӊы адаттарды (бөтөлкө менен уктоо, түнкүсүн таттуу ичүү ж.б.) киргизбей туруу өтө маанилүү. Чыдамкай болуӊуз, ашыкча эмоционалдык жүктөн алыс болуӊуз, күндүн адаттагы режимин сактаӊыз жана бала чарчабастан уктаганы жатышына көз салыӊыз. Бир күн бою мыкты маанайынын кепили болуп 11-12 сааттык түнкү уйку саналат. Мурдагыдай эле уктаар алдындагы чарчаӊкы белгилерине көӊүл буруу керек: эгер баланы өтө эрте жаткырсаӊыз, уктоо процесси узак убакыттты алат. Эгер аны өтө кеч жаткырсаӊыз – ал тынчтанышы оор болот да, көптө уктабайт. Уктатууга жаткырууга саат 19:00дөн 21:00гө чейинки идеалду убакытты тапканга аракет кылыӊыз.

EmptyView