Ветрянка Ветрянка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Суу чечек.

Суу чечекти жеӊил жана жагымдуу оору деп атаганга болбойт. Теридеги жана былжырдагы баарыбызга белгилүү болгон исиркек – безеткилерден башка (суу чечекте алар болбой да калышы мүмкүн), суу чечек алсыздык, баш оору, дененин табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер менен коштолушу мүмкүн. Татаал учурларда дененин табы 40%ка көтөрүлүп, окшуу жана ич өтүү болушу да мүмкүн.

Суу чечек жөнүндө эмне билүү керек?

Бала кезде ооруган жакшы. Суу чечек менен кичине кезде ооруган жакшы экендигин көпчүлүк билишет. Чындыгында эле ушундай. 10 жашка чейинки балдарда бул оору күчөп кетпестен жеӊил өтөт. Кичинекей наристелерде же чоӊ кишилерде көпчүлүк учурда күчөп кетет. Кандай болбосун учурларда сиз же сиздин балаӊыз суу чечек менен ооруп калса, диагнозду тактоо жана сунуштама алуу үчүн врачты чакырыӊыз. Бул оорунун белгилери башка көптөгөн оорулардын белгилерине окшош, андыктан диагнозду врач койгон жакшы. Андан тышкары ал сиздин балаӊыз барып жүргөн мекемеге карантин киргизүү үчүн керектүү чаралары көрөт.

Маанилүү маалымат: Суу чечек болгондо аспирин ичкенге болбойт. Дене табын түшүрүү жана белгилерин жеӊилдетүү үчүн башка каражатты тандаӊыз. Суу чечек күчөп кеткенде вирустук энцефарит, гепатит, пневмония, сепсиз болуп калышы мүмкүн. Оорунун татаал өтүшү жана анын күчөп кетиши тобокелдик группасында (иммунитети төмөндөгөн адамдарда, карыларда, наристелерде) тургандарда мүмкүн болот. Ошондуктан айрым европалык өлкөлөрдө суу чечектен эмдөө милдеттүү түрдөгү эмдөөлөрдүн тизмегине кирет. Эгер сиздин балаӊыз барып жүргөн бала бакчада же өнүктүрүүчү мектепте карантин жарыяланса, оору жугузуп алуудан алыс болуӊуз.

Аябай жугуштуу – үйдөгүлөрдүн бардыгы оорушат. Эгер бала бакчада же батирде суу чечек менен ооругандар болсо, жанындагы үй бүлө мүчөлөрүнүн бардыгына жугат. Суу чечек – абдан жугуштуу оору. Вирус аба менен же байланышуу аркылуу жугат. Сиз жабык имараттын ичине сүйлөшүп отуруп, кучакташып же оорулууну өбүү менен өзүӊүзгө жуктуруп алышыӊыз мүмкүн. Суу чечек менен ооруган адам безеткилер пайда болгонго чейин бир эки күн мурун жуктуруп алган жана андан кийин беш алты күн бою ооруйт. Оорунун инкубациялык мөөнөтү 7-21 күн.

Жараларга зеленка сүйкөө – пайдасыз. Суу чечектин жеӊил формасындагы стандартту дарылоо эс алууну, суусундук ичүүнү жана оорунун дыкат гигиенасын талап кылат. Жарага тийгенге болбойт, ал гана эмес тырмаганга болбойт. Бул кошумча жуктурууга алып келиши мүмкүн жана териде так калышы ыктымал. Эгер бала ооруп калса, энеси анын гигиенасына өзгөчө көӊүл бурушу керек: Баланы жууп туруу, тырмактарын алуу жана колдорун самындап жууш керек. Жараны кандай болбосун антицептик – каллендуланын спирттеги эритмеси, медициналык спирт менен сүртүүгө болот. Безеткилерди зеленка менен сүртүүгө болбойт жана ал аны айыктырбайт. Эгер кааласаӊыз өзүӊүздү тынчытуу же баланы алаксытуу үчүн гана сүйкөӊүз, анын зыяны жок.

Баланы дааратканага кантип көндүрүү керек Бала чоӊойуп горошоктон чыкканга убакыт келди – чайынма бөлмөдөгү ак ташка отурганга мезгил келип жетти. Унитазга жаӊы отуруп жатканда эмнеден баштоо керек? Пункт менен талкуулайлы. Аракеттер Бала ич кийимин өзү чечип, даарат кагазын колдоно алабы? Дааратканага баруу режими калыптанганбы? Унитазга чыкканга тепкичтер барбы? Чоӊдор үчүн кызыктуу буюмга баланын өзгөчө кызыгуусун көрүү андан да маанилүү. Тепкичтер Кичинекей бала унитазга жетиши өтө татаал болот, эптеп жетсе да бутун салаӊдатып коюп отуруу ага ыӊгайсыз, ошондуктан жасалма тепкичтерди орнотуп же дүкөндөн аларды сатып келишиӊиз керек. Андан тышкары атайын отургуч да ашыкча болбойт, себеби унитаздын шакекче бетинин мындай чоӊ диаметринде баланын отурушу кыйын болот.

Мисал Нускамалар – биздеги болгон нерсенин бардыгы. Дааратканага кантип туура барыш керек экендигинин ар бир кадамын өзүӊүз көрсөтүӊүз. Ага кантип келип, шымды кантип чечип, кандай турган ыӊгайлуу экендигин, даарат кагазын кантип кодонушту көрсөтүӊүз. Өбөлгөлөө Бала ойногонду жана аны өбөлгөлөгөндү жакшы көрөт. Бала өз миссиясын ийгиликтү аткарган учурда, алууга кол жеткис мопмойсуй же наклейка трүндөгү символикалык жест бала үчүн чоӊ мотивация болот. Дааратканага ар бир туура барып келгенден кийин, аны сыйлаганды системага киргизиӊиз, андан ары бала унитазга отурганга сизден ашык да кызыкдар болуп калат. Унитазга баланы кантип отургузуш керектиги жөнүндө негизги пунтудан сырткары, тазалыкты (дааратканада дайыма көптөгөн патогендер топтолуп калат), кагаздын болушун, эркек балдарга эркек балдар үчүн жана кыздарга кыздар үчүн инсруктаж өткөрүүнү өзүнө камтыган базалык принциптерди унутпоо маанилүү. Анын абалы тууралуу өзүнчө сөз кылууга да болот. Эгер бала унитаздан коркуп, бул ритуалда жеӊишке жетишпей калса, баланы эч качан урушпаӊыз.

EmptyView