Самая удобная и практичная одежда для прогулок Самая удобная и практичная одежда для прогулок
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Сейилдөө үчүн ыӊгайлуу жана жөнөкөй кийим.

Бала чоӊойо берет жана айлана чөйрөсүн изилдөөгө да киришет. Эми сиз жалаяктарды, жалаяк шымдарды, слиптерди азыраак колдоно баштайсыз. Бул куракта балаӊызга гардеробду кантип түзүү керек? Бир нече сунуштама бере кетели.

Футболкалар жана майкалар.

1 жаштан 2 жашка чейин жана андан жогору жашка түрдүү бир нече футболка керек. Алар үйгө кийгенге да жана сейилдегенге да колдонулат. Жайында сиз аны өтө көп колдоносуз. Балынын гардеробунда универсалдуу футболкалардын – бир түстөгү, алдында чоӊ сүрөттөрү менен болгон футболкалардын болушу ыӊгайлуу. Алар баланын калган кийимдери менен жеӊил айкашат.

Водолазкалар, толстовкалар жана жемперлер.

Бардык энелердин гардеробундагы жакшы көргөн деталь – водолазка. Денеге чыпташкан трикотаждан кофталар жакшы отурат, сонун көрүнөт жана баланын кыймылына тоскоолдук жаратпайт. Свитерлерди жана жылуу жемперлерди тандоодо сырттагы аба басымы башкы ролду ойнойт. Бала күнгө күйүп кетпегидей кылып нарядын түзүүгө аракеттениӊиз. Сыдырма бекиткичи, капишону же ансыз кофта сатып алыӊыз. Эреже катары мындай кофталардын негизи жылмакай жана түктүү, ичинен жеӊил (көпчүлүк учурда флистен) болот, муну бала баалай билет!

Жынсылар.

Биздин азыркы учурда киинекей балдар дагы гардеробдун предметинин мунусу жок жүрө албайт. Балдардын жынсысы спецификага ээ экендигине көӊүл буруӊуз – белинде трикотаждан ычкыр менен моделдерди тандоо жакшы, ал чен өлчөмдү жөнгө сала турган боо менен толукталса жакшы болот. 2-3 жаш курагында жынсыдан полукомбенезон алууга болот.

Спорттук костюм.

Сезон боюна спорттук костюм сейилдөө үчүн мыкты топтом. Анда бала ыӊгайлуу кыймылдап, чуркап жана секире алат. Айрым ата энелер кара түстөгү костюмдарды тандашат, бирок ачык түстөгүсү да ошондой эле кубанта алат.

Көйнөктөр жана сарафандар.

Көйнөктөрдү жана сарафондарды тандоо боюнча сунуштамалар өтө жөнөкөй: табигый курамы негизги, денеге чыпчыйган кездеме жана туура аткарылган сайма, эгер мындайлар бар болсо. Буюмду ичинен аӊтарыӊыз: сайма атайын жумшак кездеме менен чапталышы керек. Эгер ал болбосо, демек сиздин колуӊузда футболканын үстүнөн кийүү үчүн сарафан же сапатсыз эмес буюм бар. Эсиӊизде болсун, ички тарабы баланын терисин тытып алып дүүлүгүүнү пайда кылышы мүмкүн.

Тышкы кийим.

Тышкы кийим - бул курактагы тышкы кийимдин оптималдуу варианты – полукомбенезон менен курткадан жана комбенезондон комплект. Алар шамалды өткөрбөс жана нымды/кирди түртүүчү болушу маанилүү. Мында сиз кандай болбосун аба табында наристеӊиз менен сейилдей аласыз.

Бут кийим.

Бут кийим тандоо үчүн критерийлер көп жылдан бери эле өзгөрө элек:

  • жумшак таман
  • супинатордун болушу
  • арты катуу
  • балтырды жакшы кармоо.
  • Врачтар «чоӊойгонго ылайык» чоӊураак өлчөмдөгү бут кийимди кийүүнү сунушташпайт – бут кийимдин өлчөмү жана буттун ортосундагы айырма 0,5 см ден ашпаш керек. Бул эрежени бузуу бала үчүн дискомфортту жаратат. Бут кийимди колдон келсе бала менен чогуу сатып алуу керек – моделдер туурасы, таманы толуктугу боюнча туура келбей калышы мүмкүн. Туура келген бут кийимди кийген бала ишенимдүү кетип бара жатканын көрөсүз, ал эми туура эмес тандалган бут кийим басууну бузуп салат. Балдар бут кийимин тандоодо келтирилген эрежелер анын кандай болбосун тибинде туура келет: өтүктөр, кроссовкалар, босоножкалар, сандалилер, мокасиндер же туфлилер – булардын бардыгы белгиленген критерийлерге ылайык тандалышы керек. Кедаларга гана бул тиешелүү эмес: кедаларды кийип басып жүрүү жөө басканга окшош. Ошондуктан резинадан ичке таманында супинатор жок. Туурасы эки липучка менен жөнгө салынган босоножкалар бала үчүн ийгиликтүү тандоо болуп саналат. Сапаттуу бут кийим жана кийим баланын өсүүсүнө көмөк көрсөтөт. Товарлардын ири ассортиментинде багыт алуу оор, бирок аны тактап алуу керек.

    EmptyView