Сколько времени отводить на прогулки? Сколько времени отводить на прогулки?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Сейилдөөгө канча убакыт бөлүү керек?

Таза абада сейилдөө баланын өсүшү үчүн өтө маанилүү. Бул жөнөкөй ритуал мыкты чыӊдоочу натыйжа берет: бала аба табынын өзгөрүшүнө, нымдуулукка, шамалга жана күнгө көнөт, терморегуляция механизмине бапталат. Кышында үйдө отуруу керек деген кеӊештерге каршы туруп, баланын тынч аба табында бардык эле сейилдөөсү жакшы натыйжа берет. Негизинен бардык эле сейилдөө – жаратылыш менен байланыш (киши толтура көчөдө сейилдөө эмес, паркта) жана цивилизациянын зыяндуу факторлорунан бир аз болсо да алыс болуу. Бул эмне дегенди туюнтат? Ар бир шаардык батир (шаар четиндеги да) зыяндуу заттардын ири өлчөмүн топтоп алат. Алды менен булар эмеректерде, китептерде, килемдерде, деги эле бардык предметтерибизде дайыма болгон чаӊдар жана ар түрдүү аллергендер (тиричилик химиясынын бөлүктөрү, лактар, боёктор).

Кышкы сейилдөө:

  • Кыштын суук мезгилинд сейилдөөнү таза абада 5 мүнөт басуудан баштоо керек. Мында абанын табы -5 градуска чейин түшүшү зарыл. Андан ары акырындык менен сейилдөөнүн узактыгын чоӊойто берүүгө болот, минималдык аба табы 20 градус болгонго чеийн, сейилдөөнү 1-2 саатка чейин жеткирүү зарыл. Аба табы канчалык төмөн болсо, сейилдөөнүн узактыгы ошончолук аз болот. Баланын организми жылуулукту сактап ала албастыгын эске алып, кышкы сейилдөө үчүн баланы туура кийинтүү талап кылынат. Муну +1 эрежесинин жардамы менен жасаган жакшы. Ал үчүн сиз кийимди сизге өтө ыӊгайлуу болгондой кийинишиӊиз керек. Баланы да болжол менен дал ушундай кийинтип, бирок дагы бир катар жылуу кийим кошуп кийгизиӊиз.
  • Сейилдөөнү тамактандыруулардын ортосуна пландаган жакшы. Жылдын муздак убагында алмаштыруучу кийимди, жалаяк шымды, бөтөлкөнү алуунун зарылдыгы жок. Андан көрө кошумча плед жана одеял алып алган туура болот. Баланы тамактандыруу же жалаяк шымын алмаштырууга жылуу үйгө тез кайтып келүү үчүн үйдөн алыс кетүүгө болбойт.
  • Эсиӊизде болсун, эмизип жаткан эне көкүрөгүн үшүткөнгө болбойт. Жылуу мезгилдеги сейилдөө

  • Оптималдуу вариант – бир күндө эки жолу сейилдөө: эртеӊ менен жана уктаар алдында кечинде. Сейилдөөнүн узактыгы ар кандай болушу, 3 саатан 4 саатка чейин мүмкүн. Сейилдөө үчүн чоӊ жолдордон алыс жерлер – парктар, аллеялар, бакчалар туура болот.
  • Эӊ башкысы - баланын күндүн түз тийген нурларынан коргоо. Бадарда күндөн күйүп калуу тез эле жүрөт. Алардан коргоо үчүн балдарга арналган SPF (күндөн коргоо классы) мааниси жогору болгон коопсуз каражаттарды колдонууга болот, өзгөчө сейилдөө ачык күн алдында узак жүрүү менен байланышса
  • (пляж, тоолуу жер). Ошондой эле сиздерге чымын чиркейлерди качыруучу репеллент, жана чаккан жерлерди дүүлүктүрбөгөн каражат керектелет.

    Маанилүү: алсыз иммун тутумун эске алып, биринчи 6 ай курагында, өзгөчө кышкы сезондук эпидемиялык оорулардын учурунда, бала менен эл көп барган жакка – дүкөндөргө, соода борборлоруна, кинотеатрларга, мектептерге ж.б. барбоо сунушталат. Эгер бала ооруп калса – өзүӊүздү урушпаӊыз, ал гана эмес толук дени соо балдар 4-6 жолу суук тийип ооруп калышат. Негизгиси – сабаттуу врачка маалында кайрылуу жана өзү дарылоо менен алектенбөө.

    EmptyView