Поход к педиатру Поход к педиатру
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Педиатрга баруу

Педиатрга пландык баруу бала үчүн абдан маанилүү. Ал өнөкөт оорунун өөрчүшүнүн алдын алат. 1мжылдан 7 жашка чейин балдарды мед. кароодон өткөрүү 1 жашында, 3 жашына, бала бакчага бараарда жана мектепке бараарда жүргүзүлөт. Мында балаӊызы пландык текшерүүгө жыл сайын алып барып турганыӊыз мыкты вариант болуп саналат.

Бир жаш толгондон кийин бардык бала көптөгөн адистерден медицинадык кароодон өтүшү керек:

  • Педиатр баланын боюн, салмагын, башынын жана көкүрөгүнүн тегерегин ченеш керек. Ушул көрсөкүчтөрү менен баланын дене бойлук өсүүсүнө баа берилет. Пальпациянын жана фонендоскоп менен угуунун жардамында врач баланын бүткүл органынын жана тутумунун иштешин анализдейт.
  • Невролог баланын башынын жана баланын кара кушунун айланта өлчөмүн ченеш керек, рефлексин, булчуӊ тонусун эмоционалдык жана кыймылдык өнүгүүсүнүн динамикасын баалайт.
  • Хирург-ортопед киндигинде жана жука чурайында грыжанын, гемангиомдун жоктугун текшерет. Ошондой эле ал баланын скелети туура өсүп жатканын текшерет. Омурткасын баалайт. Балдар хирургу эркек баланын потологиясын табуу үчүн жыныс органдарын текшерет.
  • Окулист баланын көзүн жана жаш каналдарын карайт, көрүүсүндөгү мүмкүн болуучу кыйшаюуларды жана баш мээ ичиндеги басымдын болгонун аныктайт.
  • ЛОР-врач мурундун түтүктөрү, мурун бөлгүчтөрүнүн кыйшайышы, аденоиддердин же таӊдай миндалиндеринин чоӊоюп кетиши сыяктуу патологияларды жокко чыгарышы керек. Ошондой эле ал угуу абалын баалайт.
  • Балдарды уронефролог, кыздарды балдар гинекологу карайт. Балдарды караган адистердин тизмеги сиздин педиатрыӊыздын сунуштамасы боюнча кеӊейген болушу мүмкүн. Ошондой эле медициналык кароодо төмөнкү анализдерди тапшырып, изилдөө жүргүзүү керек:
  • кандын жалпы анализи
  • зааранын жалпы анализи
  • курттардын жумурткасына заӊ
  • кантка кан
  • ОБП УҮИ
  • ЭКГ
  • жүрөктүн ЭХОсу
  • көрсөткүчтөр боюнча НСГ.
  • Баланын өмүрүнүн экинчи жылында педиатрга бир айда бир жолу баруу керек, эки жаштан кийин – 6 айда бир жолу барат. 18 айында дифтерияга, коклюшка, шалга, полиомиелитке каршы, ал эми 20 айында полиеомиелитке ревакциянация алуу үчүн баруу зарыл. 2 жашында заӊдын жалпы анализине, зааранын жалпы анализине, жана курт жумурткасына анализ тапшыруу керек.

    EmptyView