Вернулись к работе? Но как не забыть о работе по дому Вернулись к работе? Но как не забыть о работе по дому
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Ишке чыктыӊызбы? Бирок үйдөгү жумуштарды кантип унутпай коюуга болот?

Үйдүн ичинине генералдык тазалоо жүргүзбөй, таза кармоого болобу – албетте болот! Үйдүн ичин таза кармоого жардам бере турган кеӊештер менен бөлүшөбүз. Бала менен алектенип жатып, үйдүн ичине генералдык тазалоого убакыт аз болуп калганын тана албайбыз да, ээ.

Үй ичин тазалаганга күнүнө 10-20 мүнөт бөлүӊүздөр. Эгер сиз чаӊды дайыма сүртүп, буюмдарды ордуна коюп жүргөн болсоӊуз, анда үйдүн ичи кирдегенге жетишпейт – ошондуктан үйдүн ичин жыйнаганга күнүнө 20 мүнөттөн убакыт тапканга аракет кылыӊыз. Үй иштерине убакыт бөлүү жөнөкөй болуусу үчүн, аны эки жолкуга бөлүштүрүӊүз: эртеӊ мененкисин жана кечинде 10 мүнөттөн жыйнасаӊыз болот. Үй ичиндеги иштерди пландаӊыз. Бөлүнгөн 30 мүнөттүн ичинде эмне иш менен алек болоруӊузду алдын ала чечип алыӊыз, — бул үй тазалаганга дароо киришкенге жана көбүрөөк жетишкенге жардам берет. Иштин кичине бөлүгүн күйөөӊүзгө же улуу балаӊызга тапшырыӊыз. Керексиз нерселерди дайыма ыргытып туруӊуз. Сизге керек эместерди: эски кийимдерди, сынган оюнчуктарды, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды айына бир жолу ыргытып туруӊуз. Үй тазалаганды башташ үчүн баланын укташын күтпөӊүз. Слинг бала менен кошо бир нече иштерди: идиш жууганды, чаӊды сүрткөндү, гүлдөрдү сугарганды бүткөргөнгө жардам берет. Мындай биргелешкен иштерде маанилүү оӊ жактары бар – бала менен баарлашуу жана аны курчап турган нерселер менен тааныштыруу.

EmptyView