Фотографии ребенка в соцсетях: за и против. Фотографии ребенка в соцсетях: за и против.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Соц. тармактарда баланын сүрөттөрү: макул жана каршы.

Жаш энелердин, чоӊ апа, тайэнелердин жана соцтарамдарды сүйгөн жөнөкөй адамдардын эӊ талаш темаларынын бири. Элдин жарымы ага көӊүл бөлбөй жашап жатса, экинчи жарымы баланын сүрөтүн социалдык тармакка коюш же койбош керек, кандай сүрөттөрдү жайгаштыруу керек, анын эмне коркунучу бар деген теманы кызуу талкуулап жатышат. Келиӊиздер «макул» жана «каршы» дегенди талкуулап көрөлү.

Балдардын сүрөттөрүнүн социалдык тармакка жүктөлүшүнө «макул»

  1. Жакындарыӊ менен байланышты кармап туруу мүмкүнчүлүгү Жакын туугандарыбыздын көпчүлүгү ар кайсы шаарларда жашашат, же сиздердин үйгө тез-тез келгенге убактысы болбойт. Ал эми социалдык тарамдар алар менен баарлашууга, жаӊылыктардан алмашууга жана жетишкендиктерибизди көрсөтүп, жооп алганга бизге мүмкүндүк берет. Эске ала турган нерсе бирөө – балаӊызды жана сиз өзүӊүздү кийин компромат кылбай тургандыгына ишенген гана сүрөттөрдү жүктөӊүз, жана белгиүү бир адамдан башка адамдар кире албагыдай кылып альбомуӊарды жаап койгула.
  2. Сиз жаӊы досторду таба аласыз Социалдык тарамдарда же адистештирилген форумдарда бир тайпада баарлашып, жаӊы досторду таба аласыз жана сүрөттөрүӊүздөрдү, пикириӊиздерди жана кызыктуу ойлоруӊуздарды алмаша, ошондой эле өзүӊүз сыяктуу энелердин пикирин уга аласыз.
  3. Эстелик учурлар Социалдык тарамдарда сүрөттөр менен жарыяланган бет манилүү сүрөттөрдү, окуяларды жана хронологияны жоготуп алуудан сактайт. Бул сиз үчүн мыкты күн наама болуп саналат жана кийинчерээк эс тутумуӊуздан чыккан нерселерди калыбына келтиргенге жардам берет.
  4. Тажрыйба менен бөлүшүү. Башка энелердин тажрыйбасы өтө маанилүү, ал эргүү бериши, тынчытышы же кабатырлантышы мүмкүн.
  5. Балдарынын таланттары менен бөлүшүү. Албетте, социалдык тарамдагы бетиӊизден баланын жеке ийгиликтеринин жыйынтык маалыматын жасоону сизден эч ким суранган эмес, бирок сиздин жакындарыӊыз мындайлар тууралуу биринчилерден болуп билгенге кубанышат!
Соцтарамдардагы сүрөттөргө «каршы»
  1. Сиздин маалымат жарнамалык максатта колдонулушу мүмкүн. Тергеттелген жарнама сиздин балаӊыз бар экенин, анын жашын жана сиздин кызыкчылыктарыӊызды эсепке алып, атайын сизге ылайыкташат. Жеке маалыматыӊыз менен бөлүшө берип, сизге релеванттуу жарнаманы көбүрөк байкай баштайсыз. Андан тышкары, ак ниет эмес жарнама берүүчүлөр балаӊыздын сүрөтүн уурдап алып, өз максаттарында колдонушу мүмкүн.
  2. Козутуу Интернетке жаӊы эле кирип баштаган өспүрүмдөргө караганда, улуу адамдар көп учурда провакацияларга кабылышат. Сиздин балаӊыздын артынан сая түшүп алууну чечкен адам сиздин бетиӊизден балаӊыздын туура эмес сүрөтүн таап алып, аны шылдыӊдашы мүмкүн. Ошондуктан балаӊыздын горошокто отурган сүрөтүн такыр жүктөбөшүӊүз керек.
  3. Жеке менчикти уурдоо. Социалдык тарамда жасалма беттер абдан көп, аларда ошол эле троллдор аватарына бөтөн сүрөттөрдү коюп, өзүлөрүннү чыныгы жүзүн көрсөтпөш үчүн, башкалардын жеке маалыматтарын уурдашат. Балаӊыздын сүрөтндөгү бетинен мыйзамга каршы келген нерселерди жасашы, аны кемсинтиши мүмкүн Маалыматтарды уурдоонун экинчи дагы варианты бар: оорулуу баланы дарылоого каражаттарды топтоо үчүн бет ачып жатканда, балаӊыздын сүрөтүн өзүнүн пайдасына жаман ниет менен колдонуп жатканы аз келгенсип, ушундай алдамчылык колдоого алынат, адамдар реалдуу сүрөттү көрүшөт да, бул персонаждын бар экенине ишенишет.
  4. Тобокелдик жана киднеппинг Баптоодо геолокацияга эч качан уруксат бербеӊиздер, үйүӊүздүн же мектебиӊиздин дареги көрүнгөн жерден же имараттын жанынан түшкөн сүрөттү жүктөбөӊүз. Сиздин балаӊыздын кайда жүргөнүн бөтөн адам билип койгонго мүмкүнчүлүк болуп саналат. Ал эми алар бала кайсы секцияга барып жатканын билип алган болсо, анда ал баланын ишенимине кирип, «апаӊ сени сууда сүзүүгө жаздырып койду, мен сенин жаӊы машыктыруучуӊмун» деп алдап, уурдап кетиши мүмкүн.
  5. Баланын келечектеги мансабы үчүн залал Азыр сиздин балаӊыз сүйлөгөндү эле үйрөнүп жатат, бирок келечекте ал сөзсүз эл көзүндөгү киши болот. Тигил же бул адамдын сүрөтүн таап алуу өтө оӊой, андыктан балаӊыздын горошокто отурган сүрөтүн социалдык тарамга жүктөөрдөн мурун ойлонуӊуз. Балким, мындай сүрөттөрдү жеке архивге калтыруу туура болор.
  6. Приваттуулукка укуктун бузулушу. Ал тууралуу ар бир деталды эл билишин, балким, балаӊыз каалабастыр. Мисалы, балаӊыз бийге барып жатканын эч кимге айтпайт, ал эми сиз анын машыгуулардан сүрөтүн коюп жүрөсүз.
  7. Жактыруулардан жана лайктардан көз карандуулук. Шаттанган комментарийлерди дайыма күтөсүз, ал эми лайктар өтө аз болсо, чөгүп кетесизби? Инстаграммга сүрөт жүктөөрдөн мурун ойлонуп көрүӊүз, бул сиз жөнүндө эмеспи?

Негизги эрежелерге жыйынтык чыгаралы:

  • Эгер бала чоӊоюп калса, анын сүрөтү сиздин бетиӊизде турганына ал каршы эмеспи деп сурап көрүӊүз.
  • Бала жылаӊач болгон, ыйлап жаткан же өзүн туура эмес алып жүргөн сүрөттөрүн, видеолорду жайгаштырбаӊыз.
  • Аны жарнамалык максатка колдонбошу үчүн, сүрөттөргө ар кандай белгилерди коюӊуз.
  • Жакшы тартылган да сүрөттү жүктөбөӊүз.
  • Башкалардын балдарынын сүрөттөрүн уруксатсыз жүктөбөӊүз.
  • EmptyView