Подготовка к детскому садику Подготовка к детскому садику
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Балдар бакчасына даярдык

Бала бакчасы баланын өсүшүндөгү маанилүү бөлүгү. Алдын ала эмне жөнүндө ойлонуш керек? бул тууралуу ойлонуу үчүн 4 ай өтө эрте мөөнөттөй сезилиши мүмкүн, бирок тынчыраак процесс үчүн айрым нерселерди азыртан ойлонгон оӊ. Бала бакчадан бала энесиз каларына баланы кантип даярдаш керек? Бир жарым жашында эле бала бакчага өтүнмөнү тариздеп коюш керек, бирок жигердүү даярдыкты 6-7 ай мурун бир топ эрте баштоо зарыл. Мында бул мөөнөт бала жана энеси үчүн жеӊилирээк жана жайлуу өтөт.

  1. Күндүн режимин бала бакчанын режимине максималдык окшоштуруп, көнүктүргүлө. Эртеӊ мененки саат 7 де туруу Саат 8 де эртеӊ мененки тамак Саат 11 ге чейин сейилдөө Түштөнүү учуру: саат 12 де Күндүзгү уйку саат 13 төн 15 ке чейин Саат 21ге чейин уктаганга жатыш керек Дем алыш күндөрү да режимди кармануу зарыл.
  2. Баланын өзүнө кам көргөнгө үйрөтүӊүз жана муну жасоого бардык аракетин өбөлгөлөӊүз. Бала үчүн бардыгын өзүӊүз жасаганга чуркабаӊыз, «кантип жасаш керекти сага көрсөтөйүн» деп, жардам бериӊиз.
  3. Ар күнкү сейилдөөнү унутпаӊыз. Баланын иммунитетин бала бакчага даярдоо үчүн, күнүгө балдар аянтчасында жок дегенде 3-4 саат сейилдеӊиздер. Аба ырайына жараша кийиниӊиздер жана башка балдар менен сүйлөшүүсүн өбөлгөлөӊүздөр. Бул баланын уйкусуна да жакшы таасир этет.
  4. Баланы бөтөн адам менен калтыргандан коркпоӊуз. Албетте бул көчөдөгү эла адам болбошу керек, бирок аны балаӊыз такыр көрбөгөн курбуӊуз, же кесиптешиӊиз болушу мүмкүн. 15-20 мүнөт жетиштүү болот – дайыма сөзүӊүзгө туруӊуз жана убада берген убакытыӊыздан ашык жанынан кетпеӊиз. Балага балдар бакчасы жөнүндө айтып бериӊиз.
  5. Ал жакта башка балдар болорлугун, кызыктуу иштерди жасашарын, сейилдөөлөр жана таттуу даамдар болорун айтып туруӊуз.
  6. Бала бакчага балаӊыз менен бирге экскурсияга барыӊыз.
  7. Эртеӊ мененкисин зарядка жасай баштаӊыздар
  8. Бала өзү дагы кийе ала тургандай ыӊгайлуу кийим сатып алыӊыздар. Шымы ычкыр менен болсун, свитеринин моюн тарабын кенен, колготки жагымдуу кездемеден болсун.
  9. Бала бакчага барар акыркы жумада медициналык комиссиядан өтүӊүздөр
  10. Баланын адаптациясын жеӊилдетүү үчүн Иштен өргүү же эс алуу алыӊыз да, баланы күнүгө эки саатка бакчага алып келип туруӊуз. Бул адаптациялык мөөнөт, анын учурунда бала ал жакта энесиз калганга көнүгөт. Бала ага тартыла турган тарбиячыны аныктаӊыз. Аны менен байланыш түзүӊүз да, бала менен коштошуу оор болбошу үчүн, сизди эртеӊ мененкисин тосуп алышын өтүнүӊүз.

    Сөзүӊүзгө туруӊуз жана баланы алып кетерде кечикпеӊиз. Сиз бала бакчага келгениӊизде бала ыйласа же чыргоолосо, анда атасы/чоӊ апасы чоӊ атасы/эжелери менен сүйлөшүӊүз. Балага ал ыйлабаган, бирок аны менен бирге ишене турган адамы керек. Энелер мындай кичинекей манипуляторлорго көп учурда макул боло беришет.

    Жыйынтык ордуна. Бала көп оорубасы үчүн баланы бакчага кантип даярдаш керек Чыйрыгып калуу – баланын бала бакчага социалдашуусунун жана айлана чөйрөдөн башка микробдорду жана бактерияларды алуусунун бир бөлүгү. Мунун бардыгы бала үчүн маанилүү жана анын келечектеги иммунитетин калыптандырганга жардам берет деп эсептешет көптөгөн дарыгерлер.

    Бул убакытты жеӊилдетүү үчүн:

    1. Күндүн режимин киргизиӊиз жана аны карманыӊыздар
    2. Баланы толук кандуу жана ар түрдүү тамактар менен тамактандырыӊыз
    3. Ар күнү жеӊил көнүгүү жасаганга көнүӊүздөр
    4. Башка балдар менен бирге көбүрөөк таза абада сейилдеӊиздер
    5. Баланын уйкусу, аны менен бирге күндүзгү да уйкусу жакшы болуусун камсыз кылуу керек
    6. Жана алды менен: токтоо болуӊуз. Бактылуу ата-эне – бактылуу жана дени сак баланын кепилдиги. Эгер баланы бала бакчага жеӊил коё берсеӊиз, бала да ошондой аз чыргоолонот, ошондой эле дайыма суук тие берүүнүн мүмкүндүгү төмөндөйт, себеби бала тез эле үйгө кетүүгө умтулбай калат, тескерисинче, ал жакта убакытты көӊүлдүү жана кубаныч менен өткөрөт.

EmptyView