Особенности развития мальчиков  Особенности развития мальчиков
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Эркек балдардын өсүү өзгөчөлүктөрү

Бою жана салмагы кантип айырмаланат? Кыздын жана эркек баланын ортосундагы айрым айырмачылыктар наристе кезинде эле көрүнө баштайт. Эркек балдар айланасындагылардын жүздөрүнө анча көӊүл бурушпайт, алар тез өсүп, тез күчкө ээ болушат, бирок энеси менен болгон ажырашууну катуу кабыл алышат.

Кыймыл көндүмдөрү: Балдар басып баштаганда, кыз менен эркек баланын ортосундагы айырма байкалып калат. Балдарга ойногонго жана жылып жүргөнгө чоӊураак жер талап кылынат. Алар бумдарды алып, аларды башкарганды, блоктордон бийик мунараларды курганды жакшы көрүшөт, ал эми кыздар полдо ойногонду жакшы көрүшөт.

Эркек балдар көӊүлүн бир жакка топтош үчүн алар дайыма кыймылда болуп туруш керек. Айрым учурларда балдар ыр жатташ үчүн бөлмө ичинде басып жүргөндөрүн эстеп көрсөӊүздөр. Эркек баланын тынч кездеги мээсинин фонддук жигердүүлүгү аябай төмөн болоорлугун, ошол эле шарт кыздын мээсине эч таасир этпестигин заманбап изилдөөлөр көрсөттү. Ушундан жыйынтык чыгарууга болот: Акыл эс активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн дене бойлук активдүүлүктү төмөндөтүүдө кыздар менен иштеген жакшы, ал эми мындай сигналды баланын мээси ишти бүтүрүү катары кабыл алышы мүмкүн. Мээнин иштеши. Эркек баланын организми төрөлгөнгө чейин эле тестостеронду иштеп чыгышы башталаары белгилүү. Дал ушул гармон нейрондордун айрым типтеринин өсүүсүнө жана өөрчүшүнө таасир этет, жана ал мээнин жигердүүлүгүндөгү өзгөрүүлөрдү шарттайт. Аялдардын жыныстык гармондору да мээнин өөрчүү процессине да таасир этет, бирок алардын ролу азыраак изилденген.

Кептин өөрчүшү. Эркек балдар кыз балага караганда кечирээк сүйлөй баштайт. Эркек баланын кеби кыздардыкынан дээрлик бир жылга кеч, төрт жашында калыптанат.

Коммуникативдик өөрчүү. Балдар бакчаларында эркек балдар тайпага жаӊы келгендерге көӊүл бурбаганды туура көрүшөт, жана эркек балдар досторду өз кызыкчылыгына карай тандашат. Ата энелер кыздарды, ал гана эмес жаӊы төрөлгөн мезгилинде дагы көбүрөөк кучактаарын жана эркелетээрин изилдөөлөр көргөзгөн. Эркек балдар менен аз сүйлөшүшөт жана аларга катуураак мамиле жазашат. Тилеккке каршы, изилдөөлөргө ылайык энелер эркек балдарын көбүрөөк жана катураак жазалашат. Эгер эне камкордуктун жана эркелетүүнүн негизги булагы болсо, анда эркек бала үчүн ал сүйүүнүн жана мээримдин биринчи модели болот. Бала эки жашынан баштап баса баштаганда, эне баланы таарынтпастан жана уялтпастан өзүлөрүнүн ортосундагы чекти бекем белгилей алат, бала болсо муну өмүр боюу өздөштүрөт. Мында бала энесинин жүрөгүндө өзгөчө орунда экенин да билет. Эне ырахаттаануу жана кызыгуу менен баласына бир нерсе үйрөтүп, аны менен сүйлөшсө, ал баланын кептик көндүмдөрүнүн өсүшүнө жана коммуникативдүү болушуна жардам берет. Кийин бул эркек балага канчалык маанилүү экенин көрөсүздөр, себеби кыздарга караганда эркек балдарга баарлашуу көндүмдөрүн өздөштүрүүгө көбүрөөк жардам керек. Эгер баланын бир эки жашында энеси депрессияда болуп, бала менен сүйлөшпөсө, баланын аӊ сезиминде кайгынын аспектиси пайда болот. Эгер энеси ага жинденип, уруп же таарынтса анда бала ата энеси аны жакшы көрөөрүнө күмөн санайт. Эне эс алууга, бала менен баарлашууга мүмкүндүгү болушу үчүн ага үй бүлө мүчөлөрүнүн колдоосу жана жардамы өтө керек. Балага толук кандуу кам көрүү мүмкүндүгүнө ээ болуш үчүн өзүӊүзгө кам көрүӊүз. Эркектер ак көӊүл, ошол эле маалда алар менен кызыктуу, алар китеп окууну жана үйгө жардам берүүнү өздөштүрүшү керек.

Эркек балдарды үйрөтүү: Эркек балдарды үйрөтүүнү уюштурууда эмнени эсте сактап калуу керек? Эркек балдар бир предметке көӊүлүн мыкты коюшат.

  • Эркек балдар визуалдык образдарды мыкты түшүнөт,
  • эркек балдар көзмө көз контактыга анча муктаж эмес, визуалдык контактыга мажбурлоо балада кептик кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн,
  • эркек балдар мыйзам ченемдүүктүүлөрүн табууда өзүлөрүн жакшы көрсөтө алышат,
  • эркек балдар табиятынан өжөр жана атаандаш болушат, тобокелдикке жеӊил барышат, тыюууларды оӊой менен кабыл алышпайт,
  • эркек балдар деталдарды мыкты байкашат,
  • жаӊы ишке аралашуу үчүн эркек балдарга убакыт талап кылынат,
  • кыздар сөз менен ойногонду жакшы көрсө, эркек балдар дене бойлук оюндарды тандашат.
  • Биологиялык алдын ала шарттар баланын өнүгүүсүнө багыт бере алаарын, бирок аны аныктабашы керектигин унутпаӊыздар. Баланын өсүү чөйрөсү жана анын темпераменти өзгөчө зор таасир этет. Биологиялык өзгөчөлүктөрү – инсан болуп калыптаныш чоӊ жолундагы биринчи гана баскычтар. Бала башынан өткөргөн тажрыйба анын тубаса нерселерине салыштырмалуу анын өсүшүнө жана ийгиликтүү болушуна таасир этет. Дал ошондуктан биз балдарыбызды эмнеге толтуруп жатканыбызды түшүнүшүбүз маанилүү.

    EmptyView