Советы и подсказки Советы и подсказки
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Кеңештер

Ар бир учурду сүрөткө тартыӊыз, бала бир айга чейин аябай тез өсөт жана өзгөрөт. Балдарыбыз ушунчалык тез өсөт, ал эми убакыт билинбей өтүп кетет. Бул жагымдуу учурларды сүрөткө тартып алууну унутпаӊыздар. Ишенип коюуӊуз, бул күндөрдү да сагынасыздар.

1 айга чейинки куракта балдар көпчүлүк убагын уктап өткөрүшөт. Бул болсо сизге тез арада аларды сүрөткө тартып алганга жана селфи жасаганга эле убакыт бербестен, керектүү ракурсту тандоого, декорация ойлоп тапканга жана сюжеттерди ойлоп чыгарганга да убакыт берет. Наристелер корзинкалардын ичинде же ата-энелеринин алакандарында жаткан укмуштай сүрөттөрдү көрсөӊүз керек. Мындай фотосессиялар баланы жеӊил таптап уктатууга мүмкүн болгон жана анын көӊүлүӊ ар кайсылар менен алаксытуу талап кылынбаган 2-4 жумасында жасалат. Наристеӊиздин ар бир күнүн документтештиргенден тартынбаӊыз – бул кийин эстелик сүрөттөр менен атайын альбом жасап чыгуу үчүн мыкты жардам. Бул учур эч качан кайрылып келбейт эмеспи. Андан тышкары, бул өзүӊүздү туруктуулукка көнүктүрүүгө мыкты мезгил: ар ай сайын жасалган коллаждар кандай сонун көрүнөрүн эстеӊиз. Сиз тематикасын ойлоп таба аласыз, же ал канчалык тез өсүп жатканын көрсөтүү үчүн баланы бир жерден сүрөткө тартып ала аласыз. Балким бул сизге акылсыз жана ашыкча эгоисттик катары сезилери мүмкүн, бирок тажрыйбалуу энелерге ишениӊиз – сиз ушул укмуштай учурларды бир айдан кийин эле сагынып каласыз. Жөнөкөй эле селфи да зор роль ойнойт. Көрөсүз!

EmptyView