Особенности развития девочек Особенности развития девочек
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Кыздын өсүшүнүн өзгөчөлүгү

Жыныстык жактан өсүп жетилгенге чейин кыздар психомоторикада эркек балдардан ашып кетет (баштарын эрте токтотушат, эрте басып, эрте сүйлөшөт). Психикалык түрдүү функциялардын өөрчүшүнүн кезектүүлүгү айырмаланат. Алсак, кыздар эрте сүйлөй башташат, ал алардын интелектуалдык андан аркы өнүгүшүнө олуттуу таасир этет. Кыз кайсы бир көйгөйгө жолукса, алды менен, кепке таянуу аркылуу аны чечкенге: түшүндүргөнгө, талкуулаганга (же маектешүүчү менен, же өзү менен өзү ички баарлашууда) аракеттенет.

Эмоционалдык өсүү: Кыздардын жана эркек балдардын эмоционалдык аракеттери да айырмаланып турушат, бирок алар анча ачык көрүнбөйт. Кыздар, өзүлөрү баштарынан өткөргөн эмоциялардын маӊызын жана себептерин, эркек балдарга салыштырмалуу, көбүрөөк сүрөттөп бере алышат. Ошондой эле кыздар өз ара симпатиянын негизинде туруктуу топтордун түзүүгө шыктуу. Эркек балдарды жана кыздарды окутуу: Кыздар отурганга чыдамдуу, көпчүлүк учурларда сөздүк кору кенен, сөз менен айтылган нускамаларды жакшы түшүнүшөт.

  • кыздар бир нече тапшырмаларды параллель чечет,
  • кыздар вербалдык инструкцияларды жакшы кабыл алышат
  • кыздар көзмө-көз контактыга көбүрөөк муктаж болушат
  • кыздар бөтөн кыжырдантуучуларга аз көӊүл бурушат
  • кыздар бир нече кадамдардан турган татаал инструкцияларды жакшы түшүнөт, үлгүлөр боюнча мыкты иштешет,
  • кыздар маселелер арасындагы иштерге тез өткөнгө жөндөмдүү
  • кыздардын эс тутумунун өлчөмү бир топ көп жана жаттап калганга өтө жөндөмдүү
  • кыздарга көпчүлүк учурларда сөздөр менен ойноо жагат.
  • Жынысынан көз каранды болгон гормоналдык фон организмдин тутумдарынын ири санына, анын ичинде мээге дагы таасир этет. Эркектердин жана аялдардын айрым зоналарында мээсинин активдүүлүгү орточо алганда айырмаланып турарлыгын окумуштуулар белгилешкен. Мунун бардыгы психологиялык айырмачылыктарга алып келет: ой-жүгүртүүнүн жана кептин өөрчүшү, эс тутумдун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү. Бирок гендердик «мыйзамдар» баланын өсүшүнө толугу менен таасир эте албайт, анын өсүшүнө анын чөйрөсү чоӊурак роль ойнойт. Ошондой эле биологиялык өзгөчөлүктөр баланы инсан катары аныктай албайт, жеке тажрыйбасы андан да маанилүүрөөк.

    EmptyView