Как отмечают 40 дней ребенку? Как отмечают 40 дней ребенку?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын 40 күндүгүн кантип майрамдашат?

Элдердей эле, баланы алгачкы 40 күнүндө элге көрсөтпөш керек деген түшүнүк сакталып калган. Ошондуктан 40 күндү өткөрүү түрүндөгү биринчи юбилей салтта маанилүү болуп саналат. «Чилде күнүн» өткөрүүнүн негизги маӊызы баланы жаман көз, суук сөздөрдөн сактоодо болгон.

Байыркы убактарда наристе жарык дүйнөгө келгенде ат чаптырып, туугандарына, досторуна сүйүнчүлөтүп (жакшы кабарга сый акы) жиберишчү. Сүйүнчүлөгөндө наристенин жынысын төмөнкүдөй кылып айтуу кабыл алынып калган эле: үй-бүлөдө уул төрөлсө, «дүнүйөгө ат уучтар» келди, «жылкычы» келди деп, ал эми кыз төрөлсө «саанчы», «тигүүчү» же «кырк жети» (казак элиндеги калыӊдын өлчөмү) төрөлдү деп сүйүнчүлөшөр эле. Ошондон кийин кубанган коӊшулары, туугандары, тааныштары чогулуп, тойго келишчү. Меймандар наристеге ден соолук, узак өмүр тилеп, «шаша» ыргытышар эле, шаша – салтанаттын ритуалдарынын бири. Казак эли байыртан эле меймандардын куттуктоолору жана каалоо-тилектери энени жана баланы заар коркунучтардан коргооруна ишенчү. Той так күндөрү өткөрүлөт, негизинен биринчи, үчүнчү, бешинчи, жетинчи күндөрү.

Азыркы учурда байыркы салттар башкача туюнтулуп калган. Тойду кафеден өткөрүшөт, ал эми адат-салттарды үйдө, тар чөйрөдө өткөрүшөт. Бул күнү меймандар наристеге толтура белектерди алып келишет. Эгер мурда уулга ат жабдыгын, ээр топтомун, ал эми кыздарга - жасалгаларды белек кылышкан болсо, азыркы учурда эне жана бала үчүн биринчи керектүү буюмдарды: бешик, коляска жана башкаларды белекке берип калышты.

Ушул эле күнү «ат коюу» салты (баланы ысым менен атоо) жүргүзүлөт, же мурда «азан чакырып, ат коюу» дешчү, бул болсо кулагына азан чакырып, ысымы менен атоо дегенди туюнткан. Ритуалга ылайык, балага ысымды баланын чоӊ атасы жана чоӊ апасы тандашат. Алар бул укукту баланын энесине да, же наристенин ата-энеси менен кеӊешип, кадырлуу аксакалга бере алышат. Ошентип, кадырлуу аксакал баланы колуна алып, анын кулагына үч жолу «сенин атыӊ ,,,,,» деп тандалган атты айтат.

Салт боюнча, иш чараны дал ошол 40-күнүндө өткөрбөйт. Алсак, мисалы, уул күчтүү жана чечкиндүү болушу, үй-бүлөгү камкор болушу, Мекенди коргошу үчүн салттык аракеттер 37-39-күнү, ал эми ал тартиптүү, уяӊ болуп өсүшү үчүн кыз баланыкын 41-43-күндөрү өткөрүшкөн, себеби кыз – үй-бүлөдөгү тынчтыктын булагы, кеӊешчи, бардыгына кам көргөн жакын адам экендигине ата-энеси ишенчү.

EmptyView