Первые гости: за и против. Первые гости: за и против.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Биринчи мейманар: макул же каршы.

Жаӊы төрөлгөн наристе – бул зор кубаныч, бул тууралуу жакындарыӊ менен бөлүшкүӊ, аларды конокко чакыргыӊ келет. Медициналык жактан алганда, баланы кайсы курагынан баштап кишилерге көрсөтө берүү керектигине эч кандай тыюулар жок. Бирок көптөгөн адистер үйгө биринчи конокту бала бир айга толгондон кийин гана чакыра башташ керек деген ойду карманышат.

Конокторду кабыл алуу үчүн эскертме: Эӊ негизги эреже, коноктордун бардыгынын саламаттыгы соо болушу керек. Баланын иммундук тутуму жаӊы эле калыптанып келе жатат, андыктан кандай болбосун инфекция ага коркунуч жаратат. Эгерде сизде же сиздин меймандарыӊыдга бир аз эле мурун бүтүп калуусу коркунучсуздай сезилсе дагы, визитти толук айыкканга чейин коё туруу керек. Бөбөк менен тааныштырардын алдында, алар бөбөктү колго алууну пландабаса дагы, бардыгын колдорун самын менен жууп чыгышын талап кылыӊыз. Наристе пайда болгон үйгө визит, сиздер, ата-энеси менен макулдашылышы өтө маанилүү. Достор менен күтүүсүз жолугуу – жакшы иш, бирок чоӊ компания бала үчүн стресс да болушу мүмкүн. Баланы чочутуп албаш үчүн, конокторуӊузду анчалык катуу сүйлөбүшүн өтүнүӊүз. Бул куракта бала үчүн эӊ кызыктуу нерсе – бул үндүн булагын угуп, аныктоо, ошондуктан бардыгы кезек менен сүйлөгөнү жакшы. Сиз бала эмизип жаткан үчүн диетада экениӊизди, андыктан сизге тыюу салынган азыктарды алып келбешин конокторго алдын ала эскертип коюӊуз. Коноктор келээр маалда бала уйкусу канып, курсагы ток болуш керек. Баланын бөлмөсүн коноктор үчүн жабык бойдон калтырган жана баланы конокторго улам алып чыгып турган жакшы. Үйдү аба шарлары менен кооздобошуӊарды сунуштайбыз, эгер алар жарылып кетсе, бала чочуп калышы ыктымал. Андан көрө, гирлянд колдонуӊуз!

Гүлдүн тутамын бала уктабаган бөлмөгө коюӊуз: курч жыт наристени дүүлүктүрүүсү мүмкүн. Майрамыӊыздарды сүрөткө жана видеого тартууну унутпаӊыздар. Атайын албом түзүп алса болот! Балдарыбыз курчап турган жагдайга өтө сезимтал келет. Ошондуктан коноктор келип кеткенден кийин, бала тынчтана албай, тез-тез ойгонуп, сиздин аны менен чогуу болушуӊузду талап кылышы мүмкүн. Андан коркпоӊуз: наристе муну менен күндүзгү окуларды сиӊирип жатат. Чыдамкай болуӊуз, бардыгы тез эле ордуна келет.

EmptyView