Как определить, что у вас овуляция? Как определить, что у вас овуляция?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Сизде овуляция экендигин кантип аныктоого болот?

Ар бир айда ал жайгашкан жумуртка баштыкчаларынын фолликулуна гормондордун таа-сири алдында жумуртка клеткалары жетилип турат. Эреже катары, жаӊы жумуртка клет-касы жарылып, циклдин орто ченинде, ченемдеги циклдин болжол менен 14-15-күнүндө бошоп чыгат. Эгер жумуртка клеткасы уруктанган жана жатынга жабышкан болсо, андан кий-инки цикл келбейт. Бирок, жумуртка клеткасы уруктанбаган болсо, анда кийинки цикл 14 күндөн кийин башталат.

Овуляцияны аныктоонун эӊ жайылтылган жана базалык ыкмасы – бул ар айлык кален-дарь. Менструалдык циклдин биринчи жана акыркы күнүн белгилеӊиз. Бир нече ай бою ка-лендарды жүргүзүү өзүӊүздүн биологиялык циклиӊизди түшүнүүгө жардам берет. Циклдин орточо узактыгы 28 күн болсо да, ар бир аялда жекече өзгөрүшү мүмкүн. Кимдин бирөөдө цикл кыскараак, экинчисинде – узагыраак. Календарь боюнча жөн гана эсептеп коюунун ордуна, овуляцияга көрсөтүүчү физиологиялык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү маанилүү.

EmptyView