Время сделать тест на беременность Время сделать тест на беременность
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кош бойлуулукка тест жасоо убагы

Кош бойлуулукка экспресс-тесттерди азыркы учурда ар бир дарыканадан, айрым учур-ларда супермаркеттердин кассасынан дагы сатып алууга болот. Алар колдонууга жөнөкөй жана ишенимдүү. Алардын тактыгын медиктер 99%га баалашат. Кош бойлуулукка бардык тесттерде заарада же канда өзгөчө гормондун – адамдын хорион-дук гонадотропини, кыскартканда АХГсы бар экендиги текшерүүдөн өткөрүлөт. Ал уруктанды-рылган жумуртка клеткасы жатындын бооруна жабышкандан кийин дароо өндүрүлө баштайт.

Кош бойлуулукка үйдөгү тесттер таӊгактарда белгиленүүчү түрдүү сезимталдагы болот, тест канчалык сезимтал болсо, ошончолук кымбат турат.

Кош бойлуулукка тестти кантип колдонуу керек?

Мындай ар бир тест толук нускама менен жабдылган.

Мындай жөнөкөй тестти күндүн кандай болбосун убактысында колдонууга болот, бирок аялдардын көпчүлүгү аны заарада гормондордун концентрациясы максималдуу болгон учурунда эртеӊ менен жүргүзүүнү туура көрүшөт.

Тесттер заараны топтоонун түрдүү ыкмалары менен айырмаланышы мүмкүн. Айрымдарын зааранын агымында кармап туруу керек, ал эми башка топтомдорунда заараны топтоо жана ага тесттик таякчаны салуу үчүн пластик контейнер болот.

Жыйынтыгын күтүү убактысы ар кайсынысында ар түрдүү, демек нускамасын көӊүл коюп окуӊуздар

Ошондой эле натыйжанын пайда болушунда айырма бар, негизинен дайыма 2 таякча, же параллель, же кесилишкен таякчалар. Бир таякчасы дайыма чыгып турат, ал эми оӊ на-тыйжа болгондо, экинчиси пайда болот.

+ же – белгилери, «кош бойлуу» же «кош бойлуу эмес» сөздөрү, же жөн гана түрдүү түстөр менен тесттер сейрек кездешет. Ошондуктан, нускаманы дагы бир жолу көӊүл коюп окуп чыгыӊыз.

Үйдөгү тесттер канчалык деӊгээлде так?

Үйдөгү тесттердин көпчүлүгү 97%га так.

Жалган терс тесттер да болот, эгер сиз кош бойлуу экениӊизди сезип турсаӊыз, эки күн күтө туруӊуз да, тестти кайталаӊыз. Курамында АХГ болгон гормоналдык каражаттарды ичкен учурда же тест брак болсо, жалган оӊ тесттер болушу мүмкүн.

Ошондуктан, натыйжаны билгенге шашып жатсаӊыз, эки тест жасап көрүү сунушталат, би-ринде АХГ деӊгээлин аныктоого кан тапшыруу менен ооруканадан билүүгө болот.

EmptyView