Все, что нужно знать об овуляции Все, что нужно знать об овуляции
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Овуляция жөнүндө билүү керек болгон нерселердин бардыгы

Ден соолугу чыӊ аялдарда бул болжол менен циклдин ортосунда жана дайыма эле ар бир айда эмес жүрөт. Ановулятордук менструалдык циклдер көбүнчө менструалдык функциянын калыптануу жана бүтүү мөөнөттөрүндө кездешет. Алар туруктуу же бузулган менструалдык циклде болушу мүмкүн. Менструалдык бир цикл учурунда эки овуляция жүрүшү мүмкүн – бир же эки жумуртка баштыкчасында, бир эле күнү же бир аз аралык менен. Бул табигый цикл-де өтө сейрек жана овуляциянын гормоналдык стимуляциясынан кийин сейрек эмес кездешет, жана уруктандырган учурда түрдүү жумурткалуу эгиздер төрөлөт.

Аялдын репродуктивдүү картайышы физиологиялык картаюусунан мурун жүрөт жана бул жыныс клеткаларынын санынын кыйшаюсуз кыскарышы менен шартталган. Өнүгүүнүн түрдүү баскычында турган жыныс клеткаларынын максималдуу саны кош бойлуулуктун 20-22-жумасында жатын-курсактын ичиндеги мөөнөттө камтылган – 7 млн., кыздын төрөлгөн учуруна болжол менен 2 млн. ооцит (белгилүү мөөнөттөгү жумуртка клеткалары) калат, мен-струация башталар учурга болгону 25-450 миӊ фолликул калып, алардын 400-500 миӊи че-немде овуляциялайт. 35 жашка чыкканда аялдын жумуртка баштыгында болжол менен 25 миӊ фолликул калат.

EmptyView