Подготовка к беременности: от А до Я Подготовка к беременности: от А до Я
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кош бойлуулукка даярдык: А дан Я га чейин

Кош бойлуулукту пландоо — бул балалуу болууну каалагандыгыӊыз жөнүндөгү чечим жана келечектеги ата-эненин ден соолугунун абалын диагностоо жана түзөтүү боюнча чаралар-дын топтому. Даярдыкты болжолдуу кош бойлуулукка чейин жок дегенде 3 ай мурун ба-штоо керек төмөнкүлөр үчүн дал ушунча убакыт талап кылынат:

  • тамак ашты түзөтүү
  • жашоо образын түзөтүү
  • медициналык изилдөөлөрдөн өтүү
  • профилактика жана өнөкөт ооруларды дарылоо
  • Кандайдыр-бир оору табылганда, мисалы, жыныс мүчөнүн жугуштуу оорусу болсо, аны да-рылатууга убакытты бул мөөнөткө кошуӊуз. Зыяндуу адаттардан (алкоголду, никотинди жана башка уулуу заттарды колдонуу) баш тартуу өзгөчө көӊүл бурууну талап кылат. Мындай учурда тазаланганга организмге бир аз көбүрөөк убакыт талап кылынат. Мындай мамиледе кош бойлуулуктун жагымдуу өтүшүнө жана дени сак наристенин төрөлүшүнө көбүрөөк ишенүүгө болот.

    Кош бойлуулукту пландоо жөнүндө чечимди жоопкерчилик менен кабыл алган болсоӊуз, анда биз ага даярдануунун 16 пунктун даярдап койгонбуз. Айрымдар үчүн бул накта сыноо болушу мүмкүн, ошондуктан кичинеден баштаӊыздар жана чакан кадам менен алга жыла бериӊиздер.

    Кош бойлуулукка даярдануунун маанилүү 16 пункту:
  • Убакытты аныктоо. Жыныстык катыштын убагында уруктандыруу жүрүшү үчүн, овуляциядан мурунку жана кийинки эки күн эӊ маанилүү болуп санала-рын эстен чыгарбоо керек. Эгер сиздер өзүӊүздөрдүн овуляция мөөнөтүӊүздөргө ишенимде болбосоӊуздар, овуляция үчүн топтомду пайдаланыӊыздар же өз цик-лиӊизди билүү үчүн окуп чыгыӊыздар. Жумуртканын клеткасын кайсы спермато-зоид – кыз же эркек - уруктандырарлыгы жыныстык катыштын убактысына жара-ша болот.
  • Тамекини таштаӊыз. Тамеки тартуу адамдын сперматозоидинин са-нын төмөндөтөт; сперманын сапатынын (саны же кыймылдуулугу) бузулушуна алып ке-лиши мүмкүн деген болжол бар, ошондой эле импотенциянын себеби болушу мүмкүн. Аялдын уруктануусуна тамекинин таасирин далилдөөчү изилдөөлөр бар, мисалы, мындай учурда уруктандыруу ийгиликтүү жүргөнү менен, баланын салмагы өтө төмөн төрөлүп калуу тобокелдиги бар. Тамеки тартуу, ошондой эле, организмде С витамининин деӊгээлин төмөндөтөт, бул болсо көздүн көрүүсүн начарлатып, клеткаларыбыздын «картаюусуна» алып келет.
  • Ичимдикти жолотпоӊуз. Саламаттыкты сактоонун дүйнө жүзү боюнча көптөгөн уюмдары алкогол наристенин өнүгүүсүнө терс таасир этпегенин билүү үчүн, кош бойлуулукту пландап жатканда, алкоголдук ичимдиктерден толугу менен баш тар-тууну сунушташат. Алкоголь ичимдиктерин ичкен эркектер сперманын сапатын төмөндөтөт да, уруктандырууда кыйынчылыктарды жаратат.
  • Кофеиндин дозасын төмөндөтүӊүз (бир күнгө бир чыныга чейин). Кош бойлуу же кош бойлуулукту пландап жаткан аялдарга күнүнө 200 миллиграм-мдан ашпаган кофеин ичүү сунушталат. Бул болжол менен 1 чыны кофе.
  • Химиялык заттардын таасиринен качыӊыз (анын ичинде, үй шартта-рында колдонулган). Тамекинин жыты, алкоголь, жасалма таттуулагычтар жана рекреациондук баӊги заттар сыяктуу токсиндердин таасирин чектөөгө аракет кылыӊыз. Эриткичтер, пестициддер сыяктуу химиялык заттардан жана башка көптөгөн тиричилик өнүмдөрүнөн дагы алыс болуӊуздар.
  • Пестициддерден тобокелдик дозасына жараша болот: таасири канчалык көп болсо, сизде реакция болоруна болжол ошончолук жогору болот. Биздин тамак аштардагы пестициддердин калдыктарынын ден соолугубузга таасири документ тарабынан али ырастала элек. Бирок ал каражат жагынан канчалык жеткиликсиз болгонуна карабай, органикалык азыктарга өтүү туура болот.
  • Органикалык сертификатталган азык-түлүктөр» маркирлөөсү азык синтетикалык хи-миялык заттарды, нурланууну же фумиганттарды колдонбостон өстүрүлгөндүгүн, терилгендигин, сакталгандыгын жана транспорттолгондугун кепилдейт. Фермер-лердин базарынан алынган жаӊы бышкан өнүмдөр дагы мыкты вариант болуп сана-лат, жана, албетте, жаӊы бышкан жашылчалар жана жемиштер тамак даярдоонун алдында дыкат жуулсун.
  • Дары-дармектердин зыяндуу таасирлерин текшериӊиз. Эгер сиз дары ичип жатсаӊыз, дарыгер менен кеӊешиӊиз. Дарыканачаӊызда фер-тилдүүлүккө жана кош бойлуулукка таасир этүүчү дарылардын болушун текшериӊиз. Эркектер үчүн бул зарнадан дарылоочу Циметидин жана ревматоиддик артриттен дары-лоочу Сульфасалазин болушу мүмкүн. Аялдар антибиотиктерди жана ооруну басуучу дарыларды кайра карап чыгуусу, жана дарыгердин көзөмөлү алдында, туура келген медикаменттерге өтүүсү керек.
  • Дененин соо салмагын кармоо. /Кош бойлуу болууну каалаган аялдар үчүн денесинин соо салмагынын маанилүүлүгү изилдөөлөр тарабынан ырасталган. Эркектерде жана аялдарда иштелип чыккан жыныс гормондору салмак менен тыгыз бай-ланышта. Көрсө, дененин жалпы салмагынын 10 дон 14%га чейинки ашыкча салмагы уруктандыруу мүмкүнчүлүгүн кыскарта алат. Аялдардын толуп кетүүсү уруктандыру-уда жана кош бойлуулукта жогорку тобокелдиктин көйгөйү болуп саналат; мисалы, ашыкча салмактуу аялдарда бойдон түшүү көп болот. Ал эми жетишсиз салмактагы аялдар ара төрөп коюу жана анемия болуу тобокелдигине дуушар болушат.
  • Эркектер ысык ванналардан жана сауналардан алыс болушу керек. Жумурткалар, эреже катары, эркектин денесинин башка мүчөсүнө караганда 2 °C ка муздагыраак. Сперма 34-35 °C аба табында жакшы иштейт. Эркектер сауналар-дан жана мончолордон алыс болуп, ич кийимдерин боксерлерге алмашсын. Тар ич кийим кийип жүргөндөргө караганда, боксерлерди кийип жүргөндөрдө сперманын кон-центрациясы 25%га жогору экендигин изилдөөлөр көрсөткөн.
  • Стрессти азайтуу. Жада калса кичинекей эле стресс эркектердин те-стостеронунун иштелип чыгышына жана сперматозоиддердин санына таасир эте алат. Стресстин төмөн деӊгээли же стресстерге каршы туруу мүмкүнчүлүгү менен жүргөн адамдар бойго бүтүрүүнүн жогору пайызына ээ. Андан тышкары, бул түйүлдүктүн өсүүсүнө оӊ натыйжа берет.
  • Дене бойлук көнүгүүлөрдү дайыма жасоо.Дайыма бир калыпта көнүгүүлөрдү жасоо бардык сейрек жашоо образында маанилүү. Сейилдөөгө чыгуу, же спорттун кандай болбосун түрү менен алектенүү аркылуу жалпы ден соолугуна, ал аба-лына салымын кошот жана себеби аз кыймылдуу жашоо образы болгон оорулардын тобокелдигин төмөндөтүү менен бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бирок, ашыкча жүк аялдарга каршы көрсөтүлөт, себеби бул гармоналдык дисбаланска алып ке-лиши жана овуляцияны бузушу мүмкүн. Андан сырткары, бойго бүткөн учурда, ашыкча дене бойлук жүк плацентанын жана түйүлдүктүн өсүшүн начарлатып, түйүлдүктүн ашыкча ысып кетишине алып келиши мүмкүн. Мисалга алсак, жумасына бир жолу 16 км аралыкка чуркоо ашыкча болуп саналат. Дене бойлук кандай болбосун жи-гердүүлүк менен алектенсеӊиз да, денеӊиз ысып кетпегенине ынаныӊыз, себеби бул түйүлдүктүн өсүшүн бузушу мүмкүн.
  • Тамак аш диетасын карманыӊыз. /b> Белоктун жана татаал углеводдор-дун адекваттуу деӊгээли менен аш болумдуу диета, пайдалуу майлар менен азык-түлүктөр, жашылчалар жана жемиштер ден соолук жана бойго бүтүү үчүн мыкты аш бо-лумдуу базаны камсыз кыларын изилдөөлөр көрсөттү. Бойго бүтүрүүгө даярдануу үчүн жакшы диета С витамининин, цинктин, фолий кычкылдыгынын (аялдар үчүн) бийик деӊгээлде камтылышы менен болуусу керек; мисалы, карагат, капуста жана таттуу калемпир С витаминине бай; жаӊгак жана семечка цинкке бай; ал эми бүтүн дан өнүмдөрү фолий кычкылдыгынын булагы болуп саналат (В9 витаминин кошуу мурда эле сунушталса да).
  • Катуу диеталар аялдардын гормоналдык деӊгээлине (мисалы, прогестерондун деӊгээли) жана ага тете түгөйлөрдүн бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө да терс таасирин тийгизерин көрсөттүү, демек, катуу диеталардан алыс болуӊуз. Эркектер да, аялдар да кантты ашыкча колдонуудан алыс болуулары зарыл, се-беби ал гормондордун деӊгээлине таасир этет.
  • Суудан көп ичиӊиз (күнүнө 8-10 стакан). Биздин организмибиздин ар бир клеткасы сууну камтып турат. Суу – бул анын негизинде бардык жашоо про-цесси жүрүп турган суюктук. Химиялык көптөгөн реакциялар суюктуктан улам жүрөт, суу минералдарды, витаминдерди, аминокычкылдыктарды, глюкозаларды жана түрдүү молекулалардын ири спектрин эритүүчү катары аракеттенет; ал ошондой эле дененин та-бын жана кандын көлөмүн жөнгө салууга көмөк көрсөтүп, муундарга майлоолорду иштеп чыгууда жана амортизациялоодо маанилүү болуп саналат. Эртеден кечке суу ичиӊиз. Эгер сиздин заараӊыз ачык түстө болуп, сасык жыттанса жана заараӊыз аз жана кээде гана болсо, анда сиздин денеӊиз кургап кеткен болу-шу мүмкүн. Суюктукту ичүү ысык аба ырайында, дене бойго жүк келтирүүдө жана кош бойлуу учурунда маанилүү фактор болуп саналат.
  • 400 мкг/к фолий кычкылдыгын ичүүнү баштаӊыз.Кош бойлуу бол-гонго чейин биринчи триместр учурунда кошулма катары фолий кычкылдыгын ичүү нерв түтүгүнүн кемчиликке кабылуу тобокелдигин олуттуу төмөндөтөрүн изилдөөлөр көрсөттү. Туура дозаны дайындоо үчүн, дарыгер менен кеӊешиӊиз.
  • Тамакка кошулмаларды дарыгер менен талкуулаӊыз. өнөкөт оору-лар менен тобокелдиги болгон категориядагы, боюнан түшкөн, кабатырланган абалда ж.б. болгон аялдар тамакка кошулмалар тууралуу өзүнүн дарылоочу врачы менен кеӊешиши керек; айрым эркектерге да бул маанилүү болушу мүмкүн. Жогоруда эскертилгендей, В9 витаминин ичип баштоо, ошондой эле мультивита-миндерди жана курамында темир болгон минералдарды ичүүнү кайра карап чыгуу маанилүү. Ошондой эле, кошулмалар – жакшы тамактын ордун алмаштыруучусу эмес экендигин эсиӊизден чыгарбаӊыз Маанилүү: Боюна бүтүргүсү келген аялдар А жана Д витаминдерин көп ичпеши керек, себеби алар организм үчүн уулуу болушу мүмкүн.
  • Үй жаныбарларына текшерүү жүргүзүӊүз, өзгөчө мышыктарды ток-соплазмоз предметине текшериӊиз.
  • Толук текшерүүдөн өтүӊүз. Бойго бүтүргөнгө чейинки дагы бир ма-анилүү кадам - ден соолугуӊуздун абалын текшертүү саналат: кызамыкка иммунитет-ке, диабетке, кан басымына жана кандын толук анализине тест (темирдин деӊгээли че-немде экенине ынаныӊыз). Ошондой эле стоматологдон текшерүүдөн өтүү сунушта-лат, бардык дарыланууну бойго бүткөнгө чейин жүргүзүү туура болот. Анестезиянын айрым түрлөрү өсүп келе жаткан түйүлдүк үчүн уулуу болушу мүмкүн.
  • МААНИЛҮҮ:

    КОВИД-19 пандемиясынын азыркы чындыгында жана шарттарында мамлекет сунушта-ган коопсуздук чараларын сактоо менен, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болуу за-рыл. Вирустук инфекциялар кош бойлуулукту мөөнөтүнөн мурда үзгүлтүккө учураткандан тышкары, түйүлдүктүн курсакта өсүүсүнүн бузулушуна алып келерлигин эстен чыгарбаӊыз.

    EmptyView