Первые анализы: какие сдавать? Первые анализы: какие сдавать?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Биринчи анализдер: кайсыларды тапшыруу керек?

Ультра үндүү изилдөө

Негизинен аны кынга салынчу датчиктин жардамы менен жүргүзөт, мындай учурда эмбри-ондун өлчөмү жана абалы, түйүлдүктүн саны (көп түйүлдүктүү кош бойлуулукта) жөнүндө то-лук маалымат ала аласыз. Абдоминалдык (курсактын бети) УҮ изилдөөгө салыштырмалуу кынга салынчу датчик кош бойлуулуктун эӊ кичине мөөнөтүн дагы аныктаганга мүмкүндүк берет. УҮ диагностикасы жатындын тышындагы кош бойлуулукту жокко чыгарганга мүмкүндүк бе-рет.

Кош бойлуулуктун гормонунун - адамдын хориондук гонадотропининин - санын аныктоого кандын биохимиялык анализи

Минималдык мөөнөттөгү дагы кош бойлуулуктун болгондугун аныктоого мүмкүндүк берүүчү анализ. Кош бойлуулуктун бардык учурунда сиздин ден соолугуӊузду акушер-гинеколог көзөмөлдөп турат. Бирок, айрым учурларда, аялдын башка адистерге да баруусу талап кылынат. Көрсөткүчтөр болсо, стоматологдон, отоларингологдон, эндокринологдон, генетиктен жана офтальмологдон өтүү керек.

Амбулатордук картанын көчүрмөсүн алуу үчүн, кош бойлуу аялдын участкалык терапевтиге көрүнүүсү милдеттүү болуп саналат.

EmptyView