Готовы стать мамой? Готовы стать мамой?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Эне болууга даярсызбы?

Бала төрөлөрдүн алдындагы коркунуч – кош бойлуулардын көпчүлүгү дуушар болгон классикалык кубулуш. Бул татаал жолдо келечектеги энени кандай коркунучтар күтүп турат?

Бала жана мансап

Сиз үчүн эмне маанилүү? Мансап тепкичинен көтөрүлүүбү же баланы тарбиялообу? Бир түшүнүк экинчисин алмаштырбайбы, айрымдар мыкты эне катары боло албай калуу коркунучунан көрө, ийгиликтүү мансап күтүүнү каалагандыгын айрым учурда моюнга алуулары жеӊил эмеспи. Бул өтө маанилүү маселе, жана буга өзү менен өзү толук ачык сүйлөшүү гана жардам берет. Эгер мансапты тандай турган болсоӊуз, сиз декреттик өргүүдө жүргөндө ишиӊиз ошончолук эле катуу зыян тартабы?

Бош убакыт

Кош бойлуулук – бул гормоналдык фондун катуу өзгөрүшү, андан кийин реалдуулукка кайтып келүү, өзгөчө азыр сиздин колуӊузда ал үчүн сиз бүткүл аалам болуп сезилген наристе бар экендигин, жана бул убакытты алаарын эске алсак, өзгөчө коркунучтуу болушу мүмкүн. Сизге бир аз кенен убакыт тартуулоо үчүн баланы эркелетип караган адамдардын курчоосунда болсоӊуз, анда сиз кубана бериӊиз. Балалуу болуу чечимин кабыл алып жатып, баланын өмүрүнүн биринчи жылдарында болгон убактыӊызды ага арноого милдеттенесиз. Бала менен байланышты үзүп коюу ортоӊуздарды алыстатып, бала жетиштүү мээрим албай калат.

Жубайлар

Күйөөӊүз менен мамиле бузуларына даярсызбы? Бул сиз кааласаӊыз да, каалабасаӊыз да боло турган нерсе, бир гана сүйлөшүү аркылуу бул маселени чечүүгө болот.

Каражат жок

Бул суроого эч ким жооп бербейт, канча каражат жетиштүү болорун сиздер гана аныктайсыздар. Наристеге эӊ кымбат колясканы жана сансыз оюнчуктарды сатып бергениӊиз ага маанилүү деле эмес. Бирок, баланын өсүшү менен жагдай өзгөрөт, бул болсо такыр башка окуя. Чынында, бардык коркунучтарга карабай, үйдө наристенин пайда болушу менен жашоонун маӊызы өзгөрөт. Эне болгондон бир нече ай өткөн соӊ, бардык аялдар, ал гана эмес, буга чейин балалуу болууну каалабайм, же кырк жашка жакын эле төрөп алам деп так секирген аялдар дагы дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртөт.

Төрөт процессинде аял өзгөчө күчкө ээ болот. Ал эми бала келген биринчи күндөн баштап, анын быйтыйган колдорун, жагымдуу жылмаюусун жана согончокторун карап туруп, ага болгон сүйүү арналат. Бул сүйүү качандыр бир учурда башыӊыздан өткөргөн сүйүүдөн миллион эсе күчтүү болот. Бул сүйүү бардык коркунучтарды жеӊип чыгып, жашоого түрткү берген сүйүү болуп саналат.

Наристенин пайда болушу менен өмүр токтоп калбайт, жана көӊүлсүз да болбойт. Эне болуу аялга өзгөчө күч-кубатты, токтоолукту жана сулуулукту тартуулайт.

EmptyView