Советы для первого плавания Советы для первого плавания
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Биринчи жолку сууда сүзүү үчүн кеӊештер.

Балдар сууда дээрлик калкып турушат, андыктан алар жыгылып кетүүдөн коркпой, колдору- буттары менен каалаганча кыймылдай алышат. Сууда сүзүү бөбөктөргө абдан керек, себеби бул суу алар буга чейин сезип көрбөгөндөй көз карандысыздыкты берет.

Балаӊызды кенедей кезинен эле, 6 айынан баштап сууда сүзүүнүн түрүнө үйрөтө аласыз. Коркпоӊуз – сиз балаӊыздын эс тутумун гана жаӊыртышыӊыз керек, ал 9 ай бою жатындагы сууда эненин курсагында жатпады беле жана анда инстинктивдик көндүмдөр бар.

Сүзүүнүн түрүнө үйрөтүү.

Сиз балаӊызга бере ала турган эӊ биринчи адат – өзүн сууда ишенимдүү жана эркин сезе билүүсү. Бул баланы сууда сүзүүгө үйрөтүү программасынын жөнөтүүчү чекити. Сиз баланы ваннадагы сууга чайкоо менен көнүктүрүп, муну бассейнге барганга чейин эле баштай аласыз. Балаӊыз сууга көнөөрү менен, башын сууга салганга аракет кылганына түрткү берип көрүӊүз (эгер ал бул үчүн жетиштүү чоӊ болсо).

Баланы сууда сүзүүгө эрте үйрөтүү процессинде дал ушул учур чечүүчү болуп калышы ыктымал. Эгер балаӊызга башын сууга салган жагып калса, андан ары көбүктөрдү кантип чыгарыш керектигин көрсөтүп коюӊуз. Бул балаӊыздын мурдуна жана оозуна суу кирип кетишине мүмкүндүк бербейт. Өзүӊүздүн мисалыӊызда көбүктөрдү чыгарууну көрсөтүӊүз: тереӊ дем алыӊыз, бетиӊиздин ылдыйкы бөлүгүн суу астына киргизиӊиз да, сууда көбүктөрдү пайда кылуу үчүн, абаны оозуӊуздан үйлөп чыгарыӊыз. Баланы сизди тууратып, суу астынан көбүк чыгарганга түрткү бериӊиз.

Буга үйрөтүүдөгү эӊ мыкты ыкма – жакынкы дүкөндөн самын көбүктөрүн сатып алып, аларды кантип үйлөш керектигин көрсөтүү.

Суунун ичинде кармануу балаӊызды үйрөтө турган кийинки нерсе. Бул өтө маанилүү билгичтик, себеби эгер ал сүзүп жүргөн учурунда кокустан суунун тереӊине түшүп кетсе, ага суунун үстүндө карманууга мүмкүндүк берет. Алгач бала өз керебетинде жаткандай элестетсин. Баланын башын кармап туруп, чалкасынан жаткырыӊыз. Бала сууда жатканга көнүп калгандан кийин, колуӊузду акырын алып коюуӊуз, ал өз алдынча кармана берет.

Түрдүү балдар үчүн түрдүүчө сүзүү.

Балким сиздин балаӊыз сууда баттерфляйлар менен же чалкасынан жатып сүзүү техникасын өздөштүргөнгө али даяр эместир, бирок негизги айрым кыймылдарга жана абалдарга үйрөтүү менен, келечегине жакшы негиз салып беришиӊиз мүмкүн. Өздөштүрүү керек болгон биринчи нерсенин бири – буту менен катуу түртүү. Баланы бассейндин бооруна акырын жибериӊиз. Ал анын кырын кармансын, сиз дагы ошону жасаӊыз. Андан кийин мелдеш уюштуруӊуз: сууну буту менен чапкылап жатып, ким көбүрөөк көбүк чыгарат (балаӊыздын бактысы үчүн ага жеӊгенге мүмкүндүк бериӊиз). Бала үйрөнүп алмайынча, бул оюнду колуӊардан келишинче көп жолу жасап, кайталаӊыздар.

Кроль (фристайл катары да белгилүү) сууда сүзүүнүн стилдерин өздөштүрүү үчүн эӊ жеӊил болуп саналат. Балаӊызга сууда көмкөрөсүнөн жатканга үйрөтүӊүз. Ал шамал тегирмени сыяктуу колун кыймылдатып, ал эми буттарын кайчы сымал иштетип, алдыга жылганга аракет кылып көрсүн. Чабак уруп жатканда дем алууну координациялоого оор болот, жана балаӊыз бир нече жолу аракет кылып көргөндөн кийин гана окшошушу мүмкүн.

Чалкасынан сүзүү крол менен сүзгөнгө абдан окшош, сиз балаӊызды чалкасынан жаткырып, чабак урганды үйрөтүп жатасызбы. Бул жөнөкөй эмес, балдар кайсы багытка сүзүп бара жатышканын түшүнүшпөйт, ошондуктан бала көмкөрөсүнөн сүзгөндү үйрөнгөнгө чейин, чабак уруунун бул стилин үйрөтүүнү токтотуу туруу жакшы болот.

Брасс жана баттерфляй олуттуу техниканы жана ойлонулган кыймылдарды талап кылат, андыктан балаӊыз өзүн сууда чыныгы балыктай сезип, жана кыймылдарынын координацияларынын ири деӊгээлине ээ болуп калган учурда гана бул стилдерди өздөштүрүшү керек.

Сууда сүзүүнүн негизги көндүмдөрү балага өз күчүнө ишенгенге жана бассейнде сүзүүчү каражаттардан көз каранды болбогонго жардам берет. Балдардын көбү өзүнүн өмүрүндө эртеби-кечпи кайсы бир сууга барат. Сүзүүнүн базалык көндүмүн алуу балага сууда коопсуз калуусуна жана суулардын жана бассейндердин жанында өзүн коопсуз сезгенге мүмкүндүк берет.

EmptyView