Спорт при грудном вскармливании Спорт при грудном вскармливании
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Эмизип жүргѳн учурда спорт менен машыгуу

Спорт менен качан алектенип баштоо керек? Тѳрѳттѳн кийин дароо денеге оор жүк келтиргенге болбойт, себеби организмде бардык тутумдарды калыбына келтирүү жана лактацияны жѳнгѳ салуу боюнча олуттуу иштер жүрүп турат. Анын үстүнѳ, баланы колго кѳтѳрүү дароо бир нече кѳнүгүүнүн ордун басат. Алгачкы эки айда врачтар оор иштерди жасоодон оолак болууну сунуштайт, себеби мында сиздин денеңиз эс алышы керек. Спорт залына кайтып келүүнүн туура мѳѳнѳтү бала алты айга толгондо башталат. Бул куракта аны бир нече саатка атасы, чоң апасы же багуучусу менен калтырып коюга болот, ушул убактан баштап гана сиздин денеңиз жаңы жүктѳргѳ даяр болот.

Спорттун кайсы түрү менен алектенүүгѳ болот? Тѳрѳттѳн эки ай ѳткѳн соң, белге жана анын жогору жагына күч келтирбестен, кѳнүгүүлѳрдү жасоого болот. Эгер сиз кесерово сечение менен тѳрѳгѳн болсоңуз, ички тигиштер толук бүтѳлгѳнчѳ пресске байланышкан кѳнүгүүлѳрдү дагы бир айга токтото турушуңуз керек. Жарым жылдан кийин залга же фитнеске барууга болот. Сүтүңүз ага бербес, бассейнге баруу да жакшы натыйжа берет. Кѳкүрѳккѳ жүк келтирген кѳнүгүүлѳрдүн бардыгын абайлап жасоо керек, себеби алар сүт бездерин кысып коюшу же оорутуп алышы мүмкүн. Эрежелер

Кѳнүгүү учурунда, сѳзсүз, суу ичип туруңуз, дене бойлук жүк сыяктуу эле, эмизүү да сууну талап кылат. Дене кургап кетишине жол бербѳѳ үчүн бул маселеге дыкат мамиле жасаңыз. Кѳкүрѳгүңүз байкоосуз соккулардан же кысылуудан коопсуз болгон кѳнүгүүлѳрдү тандаңыз. Сүт бездерине суук тийгизип албоо үчүн, спарт залдагы аба табына кѳңүл буруп туруңуз. Кѳкүрѳктү жакшы кармап туруу жана салаңдап калуунун алдын алуу үчүн, лямкалары кенен болгон атайын бюстгалтерлерди же спорттук топторду тагыныңыз.

EmptyView