Правильное питание и необходимые витамины Правильное питание и необходимые витамины
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Туура тамактануу жана керектүү витаминдер

ТАМАКТАНУУ

Кош бойлуу болгондон кийин, туура тамактануу жөнүндө кам көрүү керек. Кош бойлуу учу-рунда ичип жаткан тамагыӊыз сизге да, сиздин наристеӊизге да таасир этет. Бирок, мында «эки киши үчүн тамактануунун» зарылдыгы жок, жөн эле пайдалуу аш болумдуу заттар ме-нен байытылган тамакты гана тандоо зарыл.

Күндүзгү рациондун 50-60%ын жаныбар тегиндеги белоктор түзүшү керек (25-30% балык жана эт, 20-25% - сүт азыктары, 5% - жумуртка).

Тамактанууга өзгөртүү качан башталат?

Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот. Ден соолугу чыӊ баланы бойго бүтүрүү үчүн, организмди кош бойлуулукка даярдоо бир нече айды же андан да ашык убакытты алышы мүмкүн.

Көптөгөн аялдар үчүн бойго бүтүрүүгө каршы таблеткаларды ичүүнү токтотуу же жөн гана сактанбай коюу жетиштүү. Идеалдуу план – бойго бүткөнгө чейин 3-6 ай мурун даярданууну баштоо. Бул учурда жашоо образына түзөтүү киргизүү жана фолий кычкылдыгынын жана башка аш болумдуу заттардын деӊгээли жетиштүү болуусу үчүн организмди даярдоо керек.

Бойго бүтүрүү үчүн бир нече теориялар жана сунуштамалар бар, бирок изилдөөлөрдүн көпчүлүгү боюнча, эӊ кенен жайылганы болуп, төмөнкүлөр саналат:

  • Дененин салмагын ченемге келтирүү.
  • Фолий кычкылдыгынын жетиштүү деӊгээли менен аш болумдуу тамактанууга өтүү.
  • Аш болумдуу заттардын жетиштүү деӊгээли менен организмди түрдүү тамакта-нуу менен камсыз кылуу.
  • Түшүнүктүү болушу үчүн, кош бойлуулукка даярдануунун 16 пунктун даярдап койдук. Айрым-дар үчүн бул чыныгы сыноо болушу мүмкүн, ошондуктан кичинеден баштап, чакан кадам-дар менен алга жыла бериӊиз.

    ВИТАМИНДЕР

    Врачтардын сунуштамаларына ылайык, төмөндө кош бойлуулар үчүн витаминдердин жана минералдардын бир суткалык ченеми сунушталат. Бирок эсиӊизде болсун, бардык көрсөткүчтөр ортолотулган жана сиз врачтардан комплекстүү текшерүүдөн өтүшүӊүз, ошондой эле витаминдердин жана минералдардын бир суткалык ченеминин жекече тизмегин алышыӊыз керек. Майды эритүүчү витаминдер: А (ретинол) – 0,03-1 мг (4166-5000 МЕ) Е (токоферол) – 12 – 15 мг D – 12,5 мкг (500 МЕ) Сууну эритүүчү витаминдер: С – 75-80 мг В1 – 1,7-1,9 мг В2 – 2-2,2 мг В5 – 4-7 мг В6 – 2-2,2 мг В9 (фолий кычкылдыгы) – 600 мкг В12 – 4 мкг Минералдар: Калий – 5 г Кальций – 1,5 г Фосфор – 0,8-1,2 г Магний – 400 мг Темир – 20-25 мг

    Фолий кычкылдыгы (витамин В9) кош бойлуу аялдар үчүн башкы витаминдердин бири бо-луп саналат. Фолий кычкылдыгынын жетишсиздиги ара төрөөнүн же түйүлдүктүн толук өспөй калышынын себеби болуп калышы мүмкүн. Фолий кычкылдыгы келечектеги эненин жана анын наристесинин анемиясынын алдын алат, теринин жана былжыр челинин ченемдеги абалы-на жооп берет. Ошондуктан кош бойлуу аялдын рационунда, өзгөчө кош бойлуулугунун би-ринчи жарымында балык, эт, чийки жашылчалар жана жемиштер, сүт азыктары болушу керек. Фолий кычкылдыгы термикалык иштеткенде бузулат, эт азыктарында жана сүттө ал жакшы сакталат.

    EmptyView