Время переходить с горшка на туалет Время переходить с горшка на туалет
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Горошоктон дааратканага өтүү учуру.

Убакыт өткөн сайын бала дааратканага кызыга баштайт. Балким баланы унитазга үйрөтүү учуру келгендир. Бул канчалык оор угулса да, айрым кеӊештерди уксак бул маселени жеӊил чечсе болот.

  1. Дааратканага үйрөтүү качан башталат? Балаӊыз горошокко ар күн сайын бир эле убакытта барып жатканын байкасаӊыз. Ал өзү шымын же турсийин чече алабы, тепкичтерден чыга алабы – ушуларга көӊүл буруӊуз. Бул деталдар баланы горошоктон чыгарууга, жана чоӊдордун дааратканасына өтүүгө дене бойлук даярдыгынын белгиси болушу мүмкүн. Бирок дене бойлук даярдык – башка нерсе, ал эми эмоционалдык бышып жетилүү такыр башка маселе.
  2. Мактоо жана колдоо Дааратканага үйрөтүү бала үчүн бир топ татаал милдет болуш мүмкүн. Атайын календарда наклейкалардын жардамы менен анын ийгиликтерин сөзсүз белгилеӊиз. Бала горошокко отургусу келсе, аны эч качан урушпаӊыз. Болбосо, бала жалаяк шымга кайра кайтып келип алышы мүмкүн.
  3. Ырааттамага баш ийиӊиз Баланы мурда горошокко барып жүргөн убактысында унитазга отургузуӊуз. Мисалы, кечки тамактан кийин же уктаардын алдында. Эгер заӊдай албай калса дагы, балага бул идеяга көнгөнгө убакыт бере аласыз.
  4. Өзүӊүздүн үлгүӊүз менен көрсөтүӊүз Кыздарды да, балдарды да унитазга отургузуу менен үйрөтүп башташ керек. Алар менен бардык поцессти катары менен өтүӊүз: шымды, колготкини жан ич кийимди кантип чечет, унитазга отуруу, аарчуу жана суу менен жууп салуу. Дааратканага туруп алып барганды эркек балдарга көрсөтүү керек. Чоӊ унитазга чоӊ кишилер заӊдаганды кантип үйрөнүшкөнүн чоӊураак балдар көрсөтүп беришет.
  5. Атайын тепкичерди жана унитазга насадканы колдонуӊуз Негизинен балдар отургучтары ачык түстөрдө жасалган, жана балдар муну сөзсүз баалашат. Атайын тепкич баланын өзүнүн күчүнө ишеним берет.
  6. Даараткана жөнүндө айтылган китептерди окуӊуз Дааратканага барган супер баатырлар? Бул куракта бала үчүн эмне кызыктуу? Аларда каармандары менен көӊүлдүү окуялары бар көптөгөн китептер сатылат, ал китептерде дааратканага баруунун максималдуу ыӊгайлуу жана жеӊил үйрөткөн процессттер сүрөттөлгөн.
  7. Үйрөтүү процессинде даарат кагазын канчалык колдонуу керектигин көрсөтүӊүз. Кичине эле кесиндиси жетээрин айтыӊыз. Ал гана эмес рулондон канчалык айрып алыш керектегин белгилөө үчүн, төрдө жалтырактар менен атайын стрелканы түзүп,, аны даарат кагазынын рулонунан бир аз төмөн жердеги дубалга илип коюӊуз. Ушундан бала канча кагаз алаарын билет.

Чыдамкай болуп жана көӊүл буруп сиз балага унитазды колдонгонго сөзсүз үйрөтөсүз, себеби ал сиздин колдооӊузду билет.

EmptyView