Балдардын жалаякшымдары жана трусиктери: канча жаштан баштап? Балдардын жалаякшымдары жана трусиктери: канча жаштан баштап?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Балдардын жалаякшымдары жана трусиктери: канча жаштан баштап?

Бул макала «2-жалаякшымды канча жаштан пайдалануу керек», «3-жалаякшымды канча жаштан кийгизүү керек», «трусик жалаякшымдар канча жаштан кийгизилет» деген суроого жооп издегендер үчүн арналган макала. Ылайыктуу өлчөмдөгү трусиктерди же жалаякшымдарды тандоо өтө маанилүү – анткени мындан баланын андан аркы ыңгайлуулугу көз каранды болот. Эгерде бир нерсе ылайык келбесе, жалаякшым өйкөп, шыпырылып же агып калат. Көптөгөн цифралардан жана өлчөм таблицаларынан адашып калышыңыз мүмкүн экенин билебиз, ошондуктан сизге багыт берүү үчүн баарын түшүндүрүп жана айтып беребиз.

Жалаякшымдын өлчөмүн тандайбыз: курагы, салмагы жана башка факторлор

Көпчүлүк бренддер баланын жаш курагы боюнча эмес, бели боюнча өлчөмдү көрсөтүшөт. Анткени ар бир бала жекече өнүгөт, ал эми ченемдер салыштырмалуу. Ошондуктан сиздин балаңызга орто статистикалык маалыматтар ылайык келбей калышы мүмкүн – анын дене түзүлүшү бул курактагы башка балдарга караганда кичине же чоң болушу мүмкүн. Бирок баары бир ата-энелерге ыңгайлуу болушу үчүн жалаякшымдын таңгагында статистикалык жактан белгилүү бир салмакка туура келген баланын сүрөтү бар. Ошондой эле интернеттен салмагы жаш курагына ылайыкташтырылган көптөгөн таблицаларды табууга болот. Huggies сайты боюнча негизги багыттар тууралуу тыянак жасоого болот:
  • ымыркай (0дөн 7 кг чейин, башкача айтканда болжолдуу 0дөн 3-өлчөмгө чейин);
  • бир жашка чейинки бала (6дан 14 жашка чейин, башкача айтканда 3төн 5-өлчөмгө чейин);
  • 1-3 жаштагы бала (13төн 25 кг чейин, башкача айтканда 5тен 6-өлчөмгө чейин).
Бирок муну баары болжолдуу экенин эстен чыгарбаңыз. Сиз үчүн башкы цифра – курагы эмес, салмактык диапазонду көрсөтүү. Мында маанилүү нюанс төмөндөгүдө камтылган: биринчи кезекте салмактын эң жогорку чегин эмес, төмөнкү чегин кароо керек. Мисалы, балаңыздын салмагы 8 килограмм. Сиз Huggies Ultra Comfort жалаякшымын тандадыңыз жана кайсы өлчөмдү – үчүнчү (5-9 кг) же төртүнчү (8-14 кг) өлчөмдү алууну билбей жатасызбы, анткени анын салмагы эки диапазонго тең кирет. Мындай учурда төртүнчү өлчөмдү алуу керек. Ошондо жалаякшым кичине болуп калбайт. Ошондой эле тандоодо комплекцияны жана бойду эске алуу маанилүү. Өлчөмдү тандоо процесси кыйла түйшүктүү болгондуктан, дароо белгилүү бир өлчөмдөгү жалаякшымдардын чоң таңгагын сатып алуунун кажети жок. Алгач бул марка жана номерация сизге ылайык келерин текшериңиз. Айрым бренддердин моделдери кичинекей же чоң болуп калышы мүмкүн, ошондуктан ылайыктоо үчүн убакыт талап кылынат. Сиз балаңыз үчүн жалаякшымдын өлчөмүн аныктоону үйрөнгөндөн кийин камдап көп сатып алууга болот.

Жалаякшымдар-трусиктер: өзгөчөлүктөрү

Негизинен жалаякшым-трусиктер трусиктер деп гана аталат. Иштөө принциби жалакшым сыяктуу эле – бул бир жолку ич кийим. Курамдык бөлүгү боюнча дагы алар дээрлик айырмаланбайт. Бирок өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Биринчи кезекте, трусиктер башка «максаттуу аудиторияга» арналган.

Трусиктердин жалаякшымдардан айырмачылыктарын санайбыз:

  • жалаякшымдар азырынча жөргөлөй элек кенже курактагы балдар үчүн актуалдуу. Трусиктер активдүү кыймылдай баштаган – оодарылып, бутуна туруп басып, мейкиндикти изилдеп баштаган балдарга ылайыктуу;
  • жалаякшымдар баланын денесине жабыштыргычтын жардамы менен бекитилет. Трусиктер чоңдордун ич кийимине окшош, болгону бир жолу пайдаланылат. Алар бүтүн, чоюлчаак кур-резина менен жабдылган;
  • жалаякшымдар бала жатканда алмаштырылат. Бирок бала чоңойгон сайын аны кармоо ошончолук кыйын, анткени кийимди алмаштыруу процессин оюн катары кабыл алып баштайт. Ушул көйгөйдү эске алуу менен трусиктер даярдалган: аларды бала турганда дагы оңой эле кийгизүүгө болот. Бул бир нече секунда убакытты алат;
  • трусиктердин резинкасы атайын активдүү балдар үчүн даярдалгандыктан, ал кыймылга жакшы ыңгайлашат. Муну менен катар трусиктер шыпырылып калбайт – ал эми жалаякшымдын жабыштыргычы менен мындай тобокелдик бар;
  • трусиктер чоң адамдын ич кийимине окшош болгондуктан, аларды баланы горшокко үйрөтүп жатканда кийгизип баштоо ыңгайлуу болот – чоңойгондо бул кандай болоруна аздан көнп баштайт. Мында горшокко үйрөнүп баштаганда ар дайым агып калат – мында дагы трусиктер жардам берет;
  • трусиктер жалаякшымга караганда кийимдин алдында көп байкалбайт. Ананчы, анткени бала чоңоюп калды! Тышкы түрүнө карата талаптар дагы башка;
  • негизинен трусиктер жалаякшымдан кымбат турат.

Трусик-жалаяктарды канча жаштан баштап кийүүгө болот?

Huggies трусиктеринин эң кичинекей өлчөмү – үчүнчү өлчөм (6-11 кг). Бул болжол менен 8 айлык балага туура келет. Бирок эске сала кетсек, бул жерде жаш курагы болжолдуу гана берилген. Балаңыз бул куракта трусиктерге даяр болбошу мүмкүн, а балким кыйла эрте активдүү кыймылдап, «тоголонуп», «жөрмөлөшү» мүмкүн.

Тыянактар

Жалаякшымдардын өлчөмүн тандоодо баланын курагына эмес, баланын салмагына багыт алуу керек – анткени көпчүлүк бренддердин таңгактарында дал ушул салмактык диапазон көрсөтүлгөн. Баланын комплекциясын жана боюн дагы эске алуу керек. Бала чоңоюп, активдүү жашоо образын жүргүзө баштаганда жалаякшымдардан бир жолку трусиктерге өтүү керек. Бул бала үчүн дагы, ата-эне үчүн дагы ыңгайлуу. Жалаякшым-трусиктер канча жаштан кийилет? Болжол менен жарым жаштан баштап, бирок жеке өзгөчөлүктөргө жараша мөөнөт өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан качан трусик-жалаякшымды пайдаланып баштоо керектигин эне гана чече алат.

EmptyView