Баланын кусуусу: себептери жана дарылоо Баланын кусуусу: себептери жана дарылоо
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын кусуусу: себептери жана дарылоо

Алгач терминдерди аныктап алалы. Кусуу – ашказандын же ичегинин ичиндеги ооз аркылуу сыртка чыккан оору абалы. Бул процесс аң-сезим менен көзөмөлдөнбөйт, эрксизден жана күтүүсүздөн болот. Мындай эпизоддун башталышы үчүн “буйрук” баш мээде жайгашкан кусуу борбору тарабынан берилет. Ал организмге шектүү нерсе киргенде ушундай реакция кылат. Ошондуктан кусууну дененин коргонуу механизми деп атоого болот. Бирок бул кусуу нормалдуу жана ага көңүл бурбай койсо болот дегенди билдирбейт. Бул процесс өзүнө эки негизги коркунучту камтыйт:

  • өзгөчө жаш балдарда суусуздануу коркунучу бар;
  • эгерде бала кусуп жатса, кусунду менен бирге организмдин иштеши үчүн маанилүү элементтер бөлүнүп чыгарылат.
Бул макалада биз баланын кусуусунун себептерин карап чыгабыз, кусуу менен кулгуунун ортосундагы айырманы сүрөттөп беребиз, ошондой эле балага үйдө кантип жардам берүү керектигин жана качан дарыгерге кайрылууну айтып беребиз.

Баланын кусуусунун себептери

Кусуу – өзгөчөлүү эмес симптом. Бул кусуу ар кандай себептерден улам башталышы мүмкүн дегенди билдирет жана башка факторлор менен айкалышта гана ага эмне себеп болгонун түшүнүүгө болот. Кусуу сөзсүз эле тамак сиңирүү көйгөйлөрү менен байланыштуу болбойт, анын ондогон себептери бар. Кусууну пайда кылган айрым абалдар олуттуу коркунуч туудурбайт жана организм симптоматикалык колдоо менен өз алдынча күрөшө алат. Башка абалдар өтө коркунучтуу болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, кээде кусуу ич өтүү, заңдын консистенциясынын жана жыштыгынын өзгөрүшү, ичтин оорушу, температура, көңүл айлануу менен коштолот, бирок дайыма эле эмес. Бала кээде дене табы көтөрүлбөй, ичи өтпөй эле кусушу мүмкүн. Мисалы, гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу, аппендицит (сокур ичеги), мээнин чайкалышы, аллергия, пилороспазм, борбордук нерв системасынын ооруларында ич өтүү менен кусуу “чогуу жүрүшөт”. Бул жерде кусуунун айрым себептеринин тизмеси берилген:
  • ичеги-карын жолунун оорулары/бузулуулары/патологиялары. Мисалы, гастрит, панкреатит, пилороспазм, пилоростеноз. Акыркы экөө көбүнчө жаңы төрөлгөн ымыркайларда кездешет. Бул жерге ичегинин өткөрбөстүгү кирет – ал мите курттардан улам, ошондой эле ичегиге бөтөн телолордун киришинен улам пайда болот. Көбүнчө кусуунун себеби гастроэзофагеалдык рефлюкс (ГРЭБ) болуп саналат. Бул ооруда ашказандын ичиндеги кайра кызыл өңгөчкө чыгарылат, ошондуктан тамактан кийин кусуу пайда болот. Бул учурда кусундуда кычкыл жыт болот. Көбүнчө бала ыткытып баштайт. 3 айга чейинки ымыркайлар ГРЭБ көрүнүштөрүнөн жапа чегишет, анткени организмдин көпчүлүк системалары өнүгө элек. Кусуунун пайда болушунда курч ичеги инфекциялары өзгөчө роль ойнойт. Алардын эң белгилүү козгогучтары – ротавирустар жана аденовирустар, бирок муну менен эле чектелбейт. Уулануу да ушул категорияга кирет. Уулануу көбүнчө ич өткөк менен коштолот. Уулануу булагы жетишсиз тазаланган суу, сапатсыз тамак-аш же мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш болушу мүмкүн (мында сүт, жумуртка, эт – өзгөчө коркунучтуу, аларда сальмонелла жана ичеги таякчалары болушу мүмкүн). Мындан тышкары калыптанган түшүнүккө карабастан, термикалык иштетүү дайыма эле жардам бербейт – бардык бактериялар өлбөйт, ал эми токсиндер зыян келтирүү жөндөмдүүлүгүн сактап калат;
  • башка инфекциялар. Алардын арасында курчама чакалай, менингит, энцефалит, гидроцефалия кусууну пайда кылат. Бул оорулардын баары симптомдору боюнча айырмаланат. Мисалы, борбордук нерв системасына таасир этүүчү оорулар кусуу менен гана эмес, көрүүнүн начарлашы жана баш оору менен да мүнөздөлөт;
  • аппендицит (сокур ичеги). Биринчи кезекте ичтин катуу оорушу менен байкалат;
  • ар кандай шишиктер;
  • күнгө урунуу. Ашыкча ысып кетүүнүн натыйжасында кусуу бала салкын бөлмөгө киргенде дароо токтойт;
  • катуу жөтөл - мисалы, көк жөтөлдүн катуу кармашы көбүнчө кусууга алып келет;
  • шакый;
  • мээнин чайкалышы. Башына катуу сокку уруунун натыйжасында пайда болот. Сүйлөө жана көрүү бузулушу мүмкүн;
  • аллергия. Кусуу белгилүү бир азыкка – жаңгактарга, сүткө, жумурткага жана башкаларга сезгичтикке байланыштуу аллергияны көрсөтүшү мүмкүн;
  • неврологиялык четтөөлөр. Кусуудан тышкары башка симптомдору дагы бар: уйку бузулат, карышуулар башталат, баланын чыргоолонуусу күчөйт;
  • баш сөөктүн ички басымынын жогорулашы;
  • патологиялык эмес, кырдаалдык себептер: фастфудду көп жегендик, стресс, термелүү, ашыкча тамактануу, коркуу, ашыкча чыңалуу. Мындай учурларда кусуу бир жолку мүнөзгө ээ жана кырдаалга туура келген симптомдор менен коштолот. Башкача айтканда, термелүүдө бала унаадан түшөөрү менен бүтөт. Психогендик кусууда (мисалы, толкундануудан улам) кусуунун өзүнө баш айлануу жана тердөө да кошулат. Бала канчалык чоң болсо, психогендик кусуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот (ымыркайларда төмөн, анткени курчап турган чындыкты баалоо баштапкы гана деңгээлде турат). Жалпысынан алганда, балдар чоңдорго караганда өзгөрүүлөргө жана адаттан тыш факторлорго сезгич экенин эске алуу керек. Ошондуктан кээде өмүрүндө биринчи жолу жолуккан адаттан тыш жыттар жана даамдар баланын кусуусуна себеп болушу мүмкүн.
Кусуунун себебине жараша кусуу кандай болору көз каранды болот:
  • эгерде өт кусса (саргыч-жашыл масса) – бул өт-таш оорусу, өт чыгаруучу жолдордун өткөргүчтүгүнүн бузулушу, боордун жетишсиздиги, дуоденит, холецистит, панкреатит же аппендицит болушу мүмкүн;
  • эгерде кан аралаш кусса (бул учурда кусунду кызыл же кара түстө болот), себеби жара, шишик, боор циррозу же кызыл өңгөчтүн тешилүүсү болушу мүмкүн. Бирок анча опурталдуу эмес варианттар да бар: кан аралаш кусуу – дарыгердин тийиштүү көзөмөлү жок дары-дармекти узак мөөнөткө колдонууга организмдин реакциясы болушу мүмкүн. Мисалы, мындай дары-дармектерге глюкокортикостероиддер кирет;
  • былжыр аралаш кусуу гастритке же аллергияга мүнөздүү.

Кулгуу жана кусуу

Көпчүлүк бир жашка чейинки балдар көп учурда кулгуйт, кулгууну кусуудан айырмалоону үйрөнүү маанилүү. Бул эки процесс ар башка табиятка ээ. Биринчиси – абсолюттук норма. Экинчиси – организмдин коркунуч белгиси. Алардын айырмачылыктары төмөндөгүдөй:
  • кулгууда тамактын ооз аркылуу бөлүнүп чыгуусунан башка эч кандай симптомдор жок;
  • кулгууда ичиндеги аз өлчөмдө бөлүнүп чыкса. Кусууда – олуттуу өлчөмдө болот;
  • кулгууда тамак пассивдүү, басымсыз жана пресс булчуңдары иштебестен чыгат. Кусууда – активдүү, булчуңдардын катышуусу менен чыгат;
  • кулгуу балада тынчсызданууну жана ыңгайсыздыкты жаратпайт. Кусуу тынчсызданууну жана ыңгайсыздыкты жаратат;
  • кусууда баланын териси кубарып, дене табы көтөрүлүп, жалпы табы начарлайт, ал ыйлайт жана чыргоолонот. Кулгууда физикалык абалы нормалдуу бойдон калат. Кулгуу менен күрөшүүгө жана алдын ала алууга болот – тамактандыруу режимин өзгөртүү, башкача эмчек эмизүү, тамактандыргандан кийин жулкултатпоо, жалаякка өтө катуу оробоо, баланы курсагына коюу. Бирок кулгуу “ойлогондон башкача” болуп кетиши мүмкүн. Төмөндөгүлөр ата-энени тынчсыздандырышы керек:
  • кулгуу демейдегиден кыйла көп болуп калды (күнүнө 5тен ашык);
  • бала кулгуган нерсенин көлөмү көбөйөт, жегендин жарымына (эмчек сүтүнүн) же андан көпкө жетет;
  • бала салмагын жоготот же тийиштүү түрдө салмак кошпойт;
  • кулгууда кандын же өттүн издери бар.
Жогоруда саналган белгилер жөнүндө педиатрга тез арада билдирүү керек. Кандай болгон учурда да, мындай кооптуу белгилер жок болгондо дагы педиатрыңыз балаңыз кулгуп жатканын билиши керек.

Кандай учурларда дарыгерге кайрылуу керек?

Адиске байланышпай эле жайгарууга боло турган бир катар учурлар бар. Пландаштырылган консультациялардын алкагында педиатр жана гастроэнтеролог кусуу боюнча даттанууларды карайт. Бирок жогоруда саналган пункттардын бири болсо, анда тез жардам кызматына кайрылуу керек же тез арада терапевтке кайрылуу керек, анткени тобокелдикке салбай, алдын алуу жакшы. Ошентип, баланын кусуусу: качан тез жардам чакыруу керек?
  • кусуп жаткан бала али бир жашка чыга элек. Эгер алты ай дагы боло элек болсо – бул опурталдуу белги;
  • калтыратма бар (дене табы 38 градус жана андан жогору);
  • катуу башы ооруйт;
  • ич катуу ооруйт;
  • денесинде бөртмөлөр пайда болот;
  • кусундуда кандын же өттүн издери бар;
  • заң бөтөнчө консистенцияга, түскө же жытка ээ болот;
  • кусуу бир суткадан ашык созулат;
  • балада жарыктан коркуу пайда болот;
  • бала суу ичүүдөн баш тартат;
  • суусуздануунун белгилери бар (алар жөнүндө төмөндө кененирээк берилген);
  • сүйлөө жана/же көрүү функциялары бузулган;
  • бала жута албай кыйналат;
  • бала кандайдыр бир бөтөн нерсени жутуп алган деп шектенүү;
  • бала эсин жоготот;
  • бала алсырайт, шалдырайт;
  • баланын мейкиндикте багыты бузулса;
  • кусуу токтобойт жана саатына 10 жолудан ашык болот;
  • бала кусуудан мурун башынан жаракат алган.
Суусуздануунун белгилерин өзүнчө айтуу керек. Суусуздануу - өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон олуттуу абал. Төмөндөгүлөр ага мүнөздүү болгон белгилер:
  • бала кыжырданат, шалдырайт;
  • баладан көбүктүү шилекей чыгат;
  • баланын былжыр челдери кургак;
  • тамырдын кагышы начар, дээрлик сезилбейт;
  • заара чыгарбайт, же заара ушатуу кескин төмөндөйт: 6 саатта 1 жолуга чейин же андан аз;
  • заара кочкул түскө ээ болот жана адаттагыдан алда канча күчтүү жыттанат.
Эгерде бала анча катуу эмес, бирок үзгүлтүксүз (мисалы, ай сайын) кусуп жатса бул да дарыгерге кайрылууга жана консультация алууга негиз болуп саналат. Дарыгер анамнез топтоп, курсакты басып көрөт. Ал кандын, зааранын, заңдын анализдерин дайындайт, ич көндөйүнүн органдарынын УДИге, КТ, рентген, эндоскопияга же гастроскопияга жөнөтүшү мүмкүн. Сейрек учурларда хирургиялык кийлигишүү зарыл болот (бул ичеги-карын жолдорунун ооруларында талап кылынат). Бирок көбүнчө баары жөнөкөй эле чечилет - дары-дармектер (ферменттер, антициддер, кусууга каршы, микробго каршы жана башкалар) дайындалат же жашоо образы оңдолот. Суусуздануу учурунда тамчылатма дарылар дайындалат. Адистин ишин жеңилдетүү үчүн кабыл алууга маанилүү маалыматтарды даярдаңыз:
  • качан кусуп баштады, андан мурун эмне болду эле;
  • канча жолу кусту;
  • кусундунун консистенциясы, жыты, түсү, көлөмү кандай;
  • дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, чыйрыгуу, шакый барбы;
  • заң өзгөрдүбү.

Бала кусуп жатат, эмне кылуу керек?

Мурунку бөлүмдөрдө сүрөттөлгөн бардык “коркунучтуу” ооруларга карабастан, балдардын басымдуу көпчүлүгү кадимки вирустук ичеги инфекциясынан улам кусушат. Мындай оорулуу абалдар бир-эки күндө өзү өтүп кетет. Бала ичеги инфекциясынан улам кусуп жатса, ата-энеден эң жөнөкөй чаралар гана талап кылынат. Алар ар кандай кусууда колдонулат:
  1. Баланын абалын көзөмөлдөп, абалынын өзгөрүшүн кылдаттык менен көзөмөлдөп, зарыл болгондо дарыгерди чакырыңыз. Адистин жардамы зарыл болгон кооптуу абалдар жогоруда берилген. Татаал ооруларды өз алдынча аныктоого жана дары-дармектерди дайындоого тыюу салынат!
  2. Организмдеги суюктукту өз убагында толуктаңыз. Бул алгачкы 4 саат ичинде эң чоң роль ойнойт. Бул оорунун андан аркы жүрүшү чечилген убакыт болуп саналат.
  3. Бул мезгилде суу балансын өзгөчө кылдаттык менен көзөмөлдөө зарыл. Бала суюктукту көп ичиши керек: 1 килограммга 50 мл эсебинде ичилет. Кийинчерээк бул ар бир кусуудан кийин 1 килограммга 2 миллилитрге чейин азайтылат. Тез-тезден бирок кичинекей порциялар менен ичүү маанилүү. Болбосо суу кезектеги кусуу менен кайра чыгат. Адекваттуу көлөм – ар бир 4-5 мүнөт сайын бир чай кашык суюктук. Ыңгайлуу болушу үчүн шприц-дозатор колдонууга болот. Эмнени ичирүү керек? Кайнатылган суу, лимон кошулган суу, анча кызыл эмес жылуу чай ичирүүгө болот. Чөп кайнатмалары жана таттуу (бирок газдалган эмес!) суюктуктар да ылайык келет. Компот ичирүүгө болот. Концентрацияланган ширелер болбойт. Маанилүү нюанс: бардык керектелген суюктуктун үчтөн бир бөлүгү электролит эритмелери болушу мүмкүн (алар дарыканаларда сатылат, болгону балдарга арналганыни алуу керек). Бул заттардын балансын толуктоого чоң жардам берет. Бир гана көйгөй балдар көбүнчө даамынан улам жактырбайт.Эгерде балаңыз эритмеден баш тартса, жөн гана суу же компот ичириңиз. Эгерде бала ичиргенде кусуп жатса, анда суюктуктун көлөмүн азайтуу же ичүү ортосундагы аралыкты бир аз узартуу керек. Эгерде сиз «тез жардамды» күтүп жатсаңыз, суюктукту толуктоо эрежесин сактоо маанилүү – мындай учурда кечиктирүүгө жол берилбейт, ар бир мүнөт маанилүү.
  4. Баланын диета кармоосуна жардам берүү. Майлуу, куурулган, ачуу тамак жегенге болбойт. Биринчи суткада (же жок дегенде алгачкы бир-эки саатта) эч нерсе жебеген жакшы. Андан кийин тамакты кичинекей порция менен киргизип, акырындык менен көбөйтүңүз. Үчүнчү күнү жашылчаларды жана сүт азыктарын, төртүнчү күнү кайнатылган этти жесе болот. Бул мезгилде ботко, жашылча сорпосу менен майлуу эмес шорпо, жашылча-жемиш пюреси, банан, кантсыз йогурт жегенге болот. Эгерде эмчектеги бала жөнүндө сөз болуп жатса, анда аны демейдегиден бат-бат эмизүү анын тез сакайып кетишине жардам берет.
  5. Кусуудан кийин баланын оозун чайкоосуна жардам бериңиз.
  6. Эгерде тамак-ашка ууланса, анда бала тамактын калдыгы эмес, таза сууну кусуп калганча суу берүү керек.
  7. Балаңызга тынчтыкты камсыздап, жарыкты өчүрүп жаткырыңыз, зарыл болгондо чекесине салкын сууга нымдалган чүпүрөк коюңуз.
  8. Балага моралдык жактан колдоо көрсөтүңүз, анткени кусуу алсыратат.
  9. Баланы башы денеден жогору тургандай абалда жаткырыңыз. Кусунду дем алуу жолдоруна кирбеши үчүн капталдан жаткыруу керек. Ымыркайды тизеңизге коюуга же башка катуу бетке коюуга болот.
  10. Кускан учурда баланы отурган абалда кармаңыз.
Кусканда дары-дармек сейрек ичилет. Бул логикалык жактан туура, анткени жаңы эле ичкен таблетка тиешелүү таасир эткенге чейин сыртта калышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да керектүү дары-дармектерди дарыгер гана дайындай алат. Кусууга каршы каржаттарды өз алдынча колдонууга болбойт. Жогоруда айтылгандай, кусуу – дененин коргонуу механизми. Ушундай жол менен организм коркунучтуу нерседен арылат. Процессти жасалма түрдө чектөө кырдаалды кыйла начарлатышы мүмкүн. Буга кошумча мындай дары-дармектерди алуу ооруну «жашыруусу» мүмкүн –сапаттагы диагностика үчүн дарыгер кусуу канчалык көп болуп жатканын жана алардын конкреттүү касиеттери кандай экенин түшүнүшү керек.

Алдын алуу

Баланын жашоосунан кусуу ыктымалдыгын толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок негизги эрежелерди сактоого болот, алар тобокелдиктерди бир топ азайтат:
  • мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жакшылап жуу;
  • тамактануу алдында жана көчөдөн келгенден кийин ар дайым колду жуу;
  • тамак-ашка жаңы тамакты гана пайдалануу;
  • белгилүү булактардан кайнатылган же жакшы тазаланган сууну гана ичүү;
  • баланы өзүнчө сүлгү жана башка жеке гигиеналык буюмдар менен камсыз кылуу;
  • балдарды ротавируска каршы эмдөө (вакцина организмге тамчы түрүндө киргизилет);
  • күн ысык убакта бала түз тийген күн нурунун астында эмес, көлөкөдө убакыт өткөрүшүн камсыз кылуу;
  • тиричилик химиясын жана дары-дармектерди бала жетпеген жерге коюу.

Тыянактар

Баланын кусуусу – кооптондурган симптом, бирок эртеби-кечпи бала ичеги инфекциясына дуушар болот. Кээде кусуунун себептери дарыгердин кийлигишүүсүн талап кылган башка оорулар болушу мүмкүн. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ата-энеси кусууну кулгуу менен чаташтырбоосу керек – аларда так айырмачылыктар бар. Баланын кусуусун кантип токтотуу керек? Сипмтоматикалык жардам берүү керек (биринчи кезекте – суюктук ичирүү, диета кармоо). Баланын организминен бардык зыяндуу заттар канчалык тез чыгарылса, кусуу ошончолук тез токтойт. Зарыл болгондо тез жардам чакырыңыз. Адис менен байланышуу зарылдыгын көрсөткөн “кооптуу белгилердин” тизмеси бар.

EmptyView