Список для новорожденного в роддом Список для новорожденного в роддом
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Төрөт үйүнө жаңы төрөлгөн бала үчүн тизме

Бактылуу баштыгыңызды иретке келтирүү үчүн эң ылайыктуу учур. Убактыңыз көптөй көрүнүшү мүмкүн бирок убакыт бат эле учуп кетет. Ымыркайыңыз төрөлө электе, балаңыздын жашоосунун алгачкы айлары мүмкүн болушунча тынч болушу үчүн бир топ нерселерди сатып алгыңыз келет. Бала үчүн ар нерсени сатып алуу кызыктуу жана ошол эле учурда татаал тажрыйба болушу мүмкүн. Ар бир жүрөк бул кичинекей нерселерди сатып алууда, ичиңизде өсүп жаткан кереметти элестетип эрийт. Ошол эле учурда, базарда ушунчалык көп балдар буюмдар бар жана туура багыт табуу өтө кыйын. Бул жерде сиздин бала төрөлгөнгө чейин чогултуунун эң маанилүү нерселерин эстеп калууга жардам берүү үчүн жөнөкөй көзөмөл баракчанын тизмеси. Жабдуулар Негизги тизме

  • Араба же коляска
  • Балдар үчүн унаада отургуч
  • Жалаяк шымдар
  • Ымыркайлар үчүн нымдуу салфеткалар
  • Балдардын бөтөлкөлөрү жана аларды стерилдөөчү жабдуулар (эмчек эмизүүнү пландап жатсаңыз, эмчек сүтү үчүн бир же эки, бөтөлкөгө жасалма тамактандырууну берүүнү пландап жатсаңыз дагы)
  • Балдар үчүн эки комплект төшөк буюм-тайымдары (шейшептер, жууркандар, матрацтар жана матрац жапкычтар)
  • Үч же андан көп бала жабкыч
  • Жумшак балдар үчүн сүлгү жана бет аарчы салфеткасы
  • Балдардын самыны же көбүгү
  • Безетүүгө каршы крем
  • Тегеректелген учтар менен кайчы
  • Термометр
  • Упчу
  • Пайдалуу буюмдар
  • Бешик араба (коляскаңыздын бир бөлүгү болушу мүмкүн)
  • Балдардын ваннасы (сиз раковинаны же балаңызга кадимки ваннаңызды колдонсоңуз болот бала үчүн кошумча салмасы менен)
  • Жалаяк суурмасы
  • Илинип туруучу жалаяк шшымдарга жана сүлгү үчүн контейнери
  • Сүт соргуч
  • Көкүрөккө койчу чүпүрөктөр
  • Коопсуздук жабдуулары: дарбазалар, балдардын кулпулары жана бекиткичтер, коргогучтар мештердин жана эшиктин туткаларына
  • Балдардын монитору
  • Түстүү шылдырактар жана башка оюнчуктар
  • Жылдырма төшөк баланын кийим алмаштыруу үчүн
  • бешик арабаны жапгыч жамгыр учурунда
  • Слинг
  • Эмерек Негизги тизме
  • Бешик же бала үчүң керебет
  • Үстөл жана баланын кийим алмаштыруу үчүн астына койгуч
  • Пайдалуу буюмдар Термелген отургуч, же башка ыңгайлуу эмизүүчү кресло
  • Отургуч бала тамактануу үчүн (5 айдан кийин)
  • Кичине чырак
  • Кийим жана аксессуарлар Негизги предметтер
  • Алты дене көйнөк-боди (кыска жеңдүү, узун жеңдүү же экөө тең, баланын төрөлүү убактысына жараша)
  • Суук аба ырайы үчүн эки свитер же куртка
  • Баш кийим (жай үчүн жумшак панама жана кыш үчүн жылуу баш кийим)
  • Эки жуп байпак
  • Жок дегенде эки бооркок
  • Төрөтканадан чыгаруу үчүн конверт
  • Пайдалуу нерселер
  • Балдардын уктоочу кабы
  • Балдардын чоң сумкасы сыртка чыгуу үчүн
  • Сиздин бирге сейилдөөңүзгө ылайыктуу бала үчүн кийимдер
  • Эмчек эмизүүчү топтор жана эмчек таркычтары
  • Эмизүү үчүн жаздык
  • Эмчектин учу үчүн крем
  • Жана дагы көп нерселер, төрөөчу аялдан так тизмесин сурап алуу үчүн төрөткананын дарыгеринен же акушеринен акыркы тизмени сураңыз.

    EmptyView