Чего ожидать от первого дородового приема, какие вопросы задать врачу Чего ожидать от первого дородового приема, какие вопросы задать врачу
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Төрөткө чейинки биринчи кабыл алуудан эмнени күтсө болот, врачка кайсы суроо-лорду бериш керек.

Акушер-гинекологго барганга чейин, Сиз врачка бергиӊиз келген суроолорду алдын ала тереӊ ойлонуп алышыӊыз керек. Колдон келсе, аларды унутпаш үчүн, жазып алуу зарыл. Алардын айрымдары:

Биринчи скринингди качан жүргүзүү керек?

Кош бойлуулуктун 11-14-жума мөөнөтүндө. Бул мөөнөттө кош бойлуу аял ультра үн изилдөөсүн камтыган, баланын өөрчүшүнүн бузулушунун комплекстүү пренаталдык (төрөткө чейинки) диагностикасын жүргүзүү үчүн барат. Ошондой эле бул учурда баланын хромосомдук патология менен төрөлүүсүнүн жекече то-бокелдигин андан ары программалык комплекстүү эсептөө менен, жатындагы сары суунун мар-керлери аныкталат.

Кош бойлуу учурда диета сактаганга болобу? Рациондон кайсы азыктарды алып салуу керек?

Кош бойлу аял тез-тез тамактанышы, бирок ашыкча жебеши керек. Тамакты бууда же меште бышыруу, сууда бышырып алуу же жаӊы жашылчаларды демдеп алуу маанилүү. Куурулган, майлуу, курч маринаддалган жана ышталган азыктарды, ошондой эле консер-валарды четке кагыӊыз.

Кош бойлуу учурда дене бойлук кайсы көнүгүүлөр пайдалуу?

Кош бойлуу учурда Сизге дене тарбиясы менен алектенүүгө болорлугун билүү үчүн дары-герге кайрылуу керек. Ал мурдагы кош бойлуу мезгилдериӊиздин кандай өткөнүн талдап көрүп, сиздин дене бой-лук даярдыгыӊыздын бардык аспектилерин аныктайт да, организмиӊиздин жекече өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген көнүгүүлөрдү сунуштайт. Кош бойлуулар үчүн дене бой көнүгүүлөрдүн көптөгөн атайын комплекстери жана ДДК (да-рылоочу-дене бойлук комплекстер) иштелип чыккан. Бул сабактар эсептелген ченемдеги жүктү камсыз кылат, алар организмдин дене бойлук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, аны менен түйүлдүктүн толук кандуу өөрчүшүнө көмөк көрсөтөт.

Иштин башка графигине өтүүгө болобу?

Кош бойлуу аял эмгек мыйзамдары боюнча ченемден ашык иштен жана иш сапарларынан бошотулат, ошондой эле айрым жеӊилдетүүлөргө талапкер боло алат, мисалы, зарылдыкта эс алууну тариздебестен, врачка барууга. Өзүӊүздүн дарыгериӊизден жана ишиӊиздеги кадрлар бөлүмүнөн азыркы абалыӊызда сиз кайсы жеӊилдиктерди ала аларыӊызды аныктап алыӊыз, жана аларды пайдалануудан тартынбаӊыз. Ден соолугуӊузга кесибиӊиздин зыяндуу факторлорунун таасирин төмөндөтүү жана чөгүүнү азайтуу үчүн иш графигиӊизди кантип өзгөртүп аларыӊыз туура-луу врач менен талкуулоону унутпаӊыз.

Витаминдин кайсы комплекстерин жана препараттарды колдонуу керек?

Кош бойлуу учурда витаминдерге жана минерал заттарына болгон керектөө өзгөрөт. Жар-намалаган тамакка кошулмаларды сатып алуунун зарылдыгы жок: врач сизге керектүү болгон витамин комплексин тандоого жардам берип, аны ичүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө ай-тып берет. Кош бойлуулук кандай өтүп жаткандыгына ылайык, сизге дары-дармектер жазып бериши мүмкүн. Алар эмнеге багытталгандыгын, аларды кантип туура ичиш керектигин жа-на зыяндуу таасири пайда богон учурда эмне кылуу керектигин сөзсүз тактап алыӊыз.

EmptyView