Чувствительность к разным продуктам и запахам. Чувствительность к разным продуктам и запахам.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Түрдүү азыктарга жана жыттарга сезимталдык.

Эгер аял мурда кофени жакшы көргөнүн, азыр болсо анын жытынан кускусу келерлигин, мурда ар бир жарым саат сайын тамеки тартканга сыртка чыгып тургандыгын, азыр болсо тамеки тартчу жайдан артын карабай качаарын айтып даттанса, ага биринчи жооп катары: «Алтыным, сенин боюӊда бар го?» деген суроо айтылат. Жытты жана даамды кабыл алуу-нун мындай тез өзгөрүшүн врачтар кантип түшүндүрүшөт? Келечектеги энелердин экзотика-лык кулинардык тартылуусу жана алардын даам сезүүсүнүн дароо өзгөрүшү байыртан эле байкалган. Кош бойлуу аялы үчүн түн ичинде пижамачан бойдон шабдаалы же туздалган бады-раӊ издеп чыккан күйөө жөнүндөгү анекдотту кимдер гана укпаган… Туздаган бады-раӊдарды сүйгөн аял бул учурда таттуу жегич болуп чыга келет, ал эми шоколаддарды, бал муздакты жана вареньелерди жакшы көргөн аял ачууларды же туздалгандарды жакшы көргөнгө айланат. Демек, кош бойлуу аялдын даамга жана каалоосуна болгон мамилеси өзгөрөт. Жа-ратылыш келечектеги энени «кош бойлуунун тамак ашка интуициясы» менен камсыздап койгон.

Азыркы диетологдор, медицина жана биология кош бойлуу аялдын абсолюттук туура та-мактануусу боюнча толук маалыматка ээ эмес. Негизги принцип гана белгилүү: тамак аш ар түрдүү, максималдуу пайдалуу жана иштетилген жана жасалма өнүмдөрдү минималдуу санын камтыган болушу керек. кош бойлуулуктун биринчи триместиринде организмдин жигердүү өзгөрүүсү жана анын жаӊы абалга адаптацияланышы башталат. Эми наристе өзүнө пайдалуу микро элементтерди, витаминдерди жана аш болумдуу заттарды талап кылып, өз муктаждыкта-рын энеси аркылуу айтат. Бирок, мында туура мамиле жасоо керек. каалоолорго баш ийүү ма-анилүү, бирок аны аӊ-сезмдүү гана санда канааттандыруу керек. Кош бойлуу аялдарда кызыктай тартылуулар пайда болгонуна карабай, ага көӊүл буруп, биздин «эркелигибиз» кайсы таӊкыстыкты жок кылгысы келип жаткандыгы тууралуу ойлонушубуз керек. Даам сезүүнүн айрым учурларын түшүндүрүүгө мүмкүн эместигин окумуштуулар моюнга алышат. Ошентсе да, сиз үчүн «жакшы» деп эсептелген нерсени жегиӊиз келбесе да, жей берүүгө болбойт. Вегетативдик нерв тутуму — ички органдардын ишине жооп берүүчү нерв тутуму-нун бөлүгү.

EmptyView