Беременность и работа Беременность и работа
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кош бойлуулук жана жумуш

Жумуштагы шарттар кош бойлуулук үчүн жагымсыз болсо, бойго бүткөн күндөн баштап жу-муштан бошоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Ал шарттардын тизмеги жөнүндө өзүӊүздүн бей-тапканаӊыздан билсеӊиз болот. Башка учур – абалыӊыз начарласа. Айрым учурларда бойго бүткөн биринчи эле күнү башталышы мүмкүн, бирок, мында, эреже катары, врач туура тамактануу жана режимди туура сактоо боюнча керектүү сунуштамаларды берет.

Эгер булар көйгөйдү чече албаса – жумуштан жарым-жартылай, же толук эле бошото турган врачтык документ алууга болот. Жумуш берүүчү кош бойлуу аялды иштен бошотууга укуктуубу? Эч качан! Эмгек мыйзамда-рын бузгандыгы үчүн жетекчиликке административдик, жана жазык жоопкерчилиги колдону-лат. Эгер бузуу одоно болбосо, соттун чечими менен айып пул салынат.

Укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин, кылмыш иши ачылат. Толук эмес иш күнүнө же жумасына которулууга болот – мында эмгек акы иштелген убактысына жараша, же – иштеп чыгарганына жараша эсептелет. Ошондой эле, эгер азыркы шарттар ден соолугуӊузга жагымдуу болбосо, сиз жетекчилик менен иштин жеӊилирээк түрүнө которуусун сүйлөшүп алсаӊыз болот. Мында мурдагы кызмат ордуӊуздан орточо эмгек акы сакталат, ошондой эле иш укуктарыӊыздын бардыгы сакталат.

EmptyView