Привет утреннему токсикозу! Привет утреннему токсикозу!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Таӊкы токсикозго салам!

Кош бойлуу мезгилдеги таӊкы токсикоз окшутуп же ансыз эле жүрөк айлануу, окшуу ката-ры аныкталат. Негизинен, аны аялдар кош бойлуулуктун эрте айларында башынан өткөрүшөт. Жүрөк айлануу кош бойлуу аялдардын 50-90%ында болот, ал эми кош бойлуулар-дын 25-55%ында кусуу менен коштолот. Кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндөгү токсикоз врач-тын кийлигишүүсүн талап кылбаса, төмөнкү сунуштамаларды кармануу менен, өз абалын өз алдынча жеӊилдетүүгө болот:

Тамактануу режимин жөнгө салыӊыз. Ысык да эмес, муздак да эмес тамак ичүү сунушта-лат. Сиз баарынан жакшы көргөн жана жүрөгүӊүздү айлантпаган азыктарды колдонуӊуз.

Жумуштун жана эс алуунун оптималдуу режимин сактаӊыз, көп кыймылдаӊыз, таза абада кечкисин сөзсүз сейилдеӊиз, дене тарбиялык, денени чыӊдоочу жол-жоболорду атка-рыӊыз. Таза аба кош бойлуулуктун өтүүсүнө жагымдуу таасир этет. Имараттын ичин канча-лык көп желдетип турсаӊыз, токсикоздун белгилери ошончолук аз болот.

Токсикоздун белгилери көп учурларда ачка кезде пайда болгондуктан, аны түзөө үчүн, эртеӊ мененкисин төшөктөн турбастан, жатып алып тамактанууну адатка айлантыӊыз.

Суусундукту көбүрөөк ичиӊиз, өзгөчө шакарлуу («Боржоми», «Нарзан») сусундуктарды ал-дын ала газын чыгарып алып, ичиӊиз; кургак жемиштерден (курагадан, кара өрүктөн, ли-мон менен кычкылдантса да болот) компотторду, морсторду (брусникадан, клюквадан), ит му-рундун кайнатмасын; ашкабактын ширесин (лимон менен да) ичүү токсикоздун белгилерин ба-саӊдатат.

EmptyView