Новые симптомы беременности: что происходит в организме женщины. Новые симптомы беременности: что происходит в организме женщины.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кош бойлуулуктун жаӊы белгилери: аялдын организминде эмне болуп жатат.

Кош бойлуулуктун 6-жумасында аялдын бүткүл организми жаӊыча жолго түшөт. Жатын акырындап өсө баштайт, гормондор өзгөрөт, көкүрөк чоӊоёт, ошондуктан бул мөөнөттө эӊ көп жайылган сезимдер пайда болот: Кусуу же окшуу катары түшүнгөн токсикоз. Суткасына 3-4төн ашык эмес жолу болгон мындай жагдайлар ченемде деп эсептелет, эгер ар бир тамак ичкен сайын кускуӊуз келип турса, анда дароо врачка билдирүү керек, себеби организм баалуу заттарды жана нымдуулукту жо-готуп алат.

Даамды сезүү өзгөрөт. Эненин жүрөгө алдында өсүп жаткан наристе курулуш материалдарына муктаж болот, аны ал эненин гана организминен ала алат. Ошондуктан ал дал тигил же бул учурда тамак ичүү керектигине белги берет. Врачтар баланын бул чакырыгына макул болууну, бирок рационду орду түбү менен алмаштырбоону сунушташат.

Жатындын табарсыкты кысышынан улам, дааратканага тез-тез барууну каалоо. Кош бойлуулуктун 6-жумасында эненин денесинде өзгөрүү башталат: тутамдарды чоюу ме-нен, жатын өсөт, андыктан курсактын төмөн жагы чоюлуп, жагымсыз сезимдер пайда болот.

Өсүп жаткан наристе энесинин энергиясын коротуп жаткандыгына байланыштуу, уйку-чулук жана көӊүл чөгүү пайда болот. Эйфориядан депрессияга чейин маанайдын өзгөрүшү, себепсиз эле ыйлаактык – мунун бардыгы гормондор.

Ичеги карындын, далынын жана башка жерлердин оорусу

EmptyView